Абактан качкандардын бешөөсү кармалды, төртөө издөөдө

Убактылуу абак жайынан качкан тогуз кылмышкер 12-октябрга караган түнү болжол менен 12.00 ченде караңгы жамынып качышкан. Аларды токтотууга аракет кылган үч түрмө кызматкерин муунтуп өлтүрүп, бирөөн жарадар кылып, бир автоунааны уурдап качып кетишкен. Алар тергөө камагынан электр жарыгын өчүрүп, административдик имарат аркылуу качышканын Би-Би-Сиге Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

"Акыркы эки жумада видеокамералар бузулуп иштебей калган эле. Айыпкерлер администрация аркылуу чыгып кетишкен, алар отурган камерадан администрацияга чейин жетиш үчүн электр жарыгын рубильниктен өздөрү өчүрүшкөн",-деди Э. Сабатарова.

Түрмөдөн качкандар жөнүндө маалымат алынар замат Чүй областында «Кармоо” планы жарыяланып, бардык жерлер дароо тосулган. Болжол менен он эки жарымда Ленинск айылында жол кайгуул кызматкерлери шектүү көрүнгөн “Тойота Эстима” автоунаасын токтотушканда, айдоочу токтобой айдап качкан. Аны артынан кууп барып, эки жолу асманга атышып эскертишип, андан соң автомашинаны көздөй ок чыгарышкан.

Ошондон кийин гана автоунаа токтоп, анын ичинен тогуз адам жабыла чыгып, туш-тарапка качышкан. Анын ичинен бешөөн кармап калышкан. Төртөө кутулуп кеткен.

Вице-премьер Абдрахман Маматалиев түрмөдөн качкандарды кармоо боюнча укук коргоо органдарынын аракети ыкчам болду деп Би-Би-Сиге билдирди.

"Тез эле реакция кылдык. Алар 12 де качып чыгышса, биз аларды он эки жарымда кармадык. Анткени ИИмге маалымат дароо эле кеткен. Ошондуктан Жол кайгуул кызматы тосуп кармап атпайбы. Чек ара кызматына, калган күч органдарынын баарына команда кеткен болчу",-деди А. Маматалиев.

Чүй областтык милициясы кармалган бешөөнүн жана качып жүргөн төрт кылмышкердин аты-жөнүн, сүрөтүн жана башка маалыматын жарыялады.

Түрмөдөн качкандар баардыгы диний экстремизм, терроризм боюнча мурда соттолгондор. Алардын көпчүлүгү тыюу салынган "Жайшул Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү экени айтылууда.

Премьер-министр Темир Сариев Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 түрмөдөн массалык качуу фактысы боюнча 12-октябрда күч органдарынын жетекчилери менен чукул кеңешме өткөрдү. Премьер абак жайдан айыпкерлердин качышына жол бергендиги үчүн Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинен тартып кайтаргандарга чейинкилердин баарынын жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.

Андан сырткары, күч органдарына борбор шаардагы бардык стратегиялык объектилерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Массалык качуу болгон абак жайдын начальниги дароо эле иштен четтетилгенин Би-Би-Сиге вице-премьер Абдракман Маматалиев билдирди. Ошондой эле түрмөдөн массалык качуу окуясын териштирүү үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө иштери да болуп жатканын да айтты.

Коркунучтуу кылмышкерлер түрмөдөн качкан бул үстүбүздөгү жылдын биринчи окуясы эмес. Апрелде Кыргызстандын түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан казак жарандары Альберт Абхин менен Жанболот Амиров колониядан качып, аларды кармоого аракет болгондо куралдуу каршылык болгон. Акыры колго түшөрдө Абхин өзүн өзү жардырып жиберген. Амиров 16-июлдагы атайын антитеррордук операцияда жок кылынды.

Кыргызстандын өкмөтү диний экстремизм менен соттолгондорду башка кылмышкерлерден бөлүп, өзүнчө түрмөдө кармоону пландаштырып жатканын билдирген эле. Анткени алар түрмөдө дагы идеологиялык иш жүргүзүп, өздөрүнүн катарына башкаларды активдүү тартып жатышканы кооптондурууда.