Президент Атамбаев толук парламенттик башкарууга үндөдү

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Конституциядагы айрым мүчүлүштүктөр өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө жолтоо болуп жатканын белгилели.

Ал Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалдын турукташканын, парламенттик башкаруу системасына атуулдар ынанганын жана өлкө шайлоолорду ачык өткөрүүгө жетишкенин айтты. Бирок, ошол эле учурда конституциялык өзгөрүүлөргө барып, толук парламенттик башкарууга өтүү муктаждыгы бар экенин белгиледи.

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере келет деген кыргыздын сөзү бар. Муну унутпасак. Мыйзамдардагы мүчүлүштөр, Конституциядагы кемчиликтер өлкөбүздүн өнүгүшүнө бөгөт болуп баратат. Мына ошондуктан мен быйыл жазда Жогорку Кеңештеги үч фракциянын лидерлери Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин, Феликс Шаршенбаевич Куловдун жана Чыныбай Акунович Турсунбековдун азыркы Конституцияга оңдоолорду киргизүү боюнча демилгесин колдогон элем”, - деди президент.

Андан тышкары, өткөн беш жылда кыргызстандыктар парламенттик системасына ынанды. Бирок, иш жүзүндө өлкө дагы эле бир буту менен парламенттик, экинчи буту менен президенттик башкарууда турат, деп кошумчалады.

“Ошондуктан, менимче, биз бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай. Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүңөр, айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаганы менен иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөрдү. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган “тың” жигиттер бизде аз эмес”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү жана күч түзүмдөрүнүн жаңы жетекчилеринин ант берүү аземине катышты.