Футбол: Кыргызстан Иордания командасын утуп алды

Кыргызстан менен Иорданиянын Бишкектеги стадиондо өткөн футболдук беттеши Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргыз футболчулары атаандаштарынын дарбазасына кайра-кайра чабуул койгону менен майнап чыкпады. Ал эми оюндун эң кызыгы экинчи бөлүгүндө болуп, Кыргызстан курама командасынан Антон Землянухин бир гол киргизип, стадион толо элдин үнү көпкө басылган жок.

Коопсуздук көзөмөлүнө Бишкек милициясынан 4000 кызматкер тартылды. Расмийлер футболду уюштуруу үчүн атайын жумушчу топ түзүшкөн.

Шаардын Чүй-Тоголок-Молдо-Фрунзе-Панфилов көчөлөрү менен кесилишкен тилкесинде транспорттук каттамдар убактылуу токтотулду. Париждеги кол салууларга байланыштуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев өлкөдөгү коопсуздук чараларын күчөтүүгө көрсөтмө берген.