Көчмөндөр оюнуна даярдык башталды

Image caption Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчиси Кыргызстанда 2014-жылы болду.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюну- 2016” фестивалынын даярдыгы расмий түрдө башталды. Ага карата майрамдык салтанат уюштурулуп, оюнду өткөрүүнүн концепциясынын бет ачаары өттү.

Иш чарага бир катар өлкөлөрдөн коноктор келип, аталган фестивалды колдоого алып, активдүү катышаарын билдиришти:

“Биздин маданиятыбыз, элибиз бир. Баарыбыздын ата-бабаларыбыз көчмөн болуп, жерден-жерге отурукташып жүргөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну эң жакшы жышаан. Элди бириктирүүдөгү, салттык оюндарды эске салуудагы мыкты иш-чара катары баалайт элем. 2016-жылы өтчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, кийинки кезекти биз алууга даярбыз”, - деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын уулу Билал Эрдоган.

Буга чейинки көчмөндөр оюнуна жыйырмага жакын өлкө спортчулары катышкан болсо, келээрки фестивалга 40тан ашуун өлкө чакырылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу Кыргызстанда былтыр өткөн. Негизги идея катары Кыргызстан эсептелинет. 2012-жылы төрт мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия) президенттери чогулуп, алгачкы жолу Кыргызстанда уюштуруу боюнча чечим кабыл алышкан.