Кыргызстандык дүйнөдөгү мыкты википедиячылардын катарында

Image caption Чоробек өз демилгеси менен интернетти кыргызча сүйлөтүү аракетин көрүп келатаканына бир нече жыл болду.

Бүгүн Википедиянын 15 жылдык мараакесине арналган иш-чарада аталган сайт Википедияны мыкты деңгээлге көтөрүп келаткан дүйнөлүк 15 ыктыярдуу википедиячылардын тизмесин жарыялады.

Алардын катарында кыргызстандык Чоробек Сааданбеков да бар. Ыктыярчы Би-Би-Сиге берген маегинде:

"Мындан бир-эки ай мурда бүткүл дүйнөлүк “Википедия” энциклопедиясынын 15 жылдыгына арналган маарекени уюштуруу уюмунан кат келди. Ал жерде менин окуямды сайтка жайгаштыруу уруксатын сурашкан экен. Макулдугум бергем. Азыр минтип дүйнөлүк википедиячылардын катарына киргениме кубанып турам”, - деди.

Чоробек өз демилгеси менен интернетти кыргызча "сүйлөтүү" аракетин көрүп келатаканына бир нече жыл болду. Бул жылдар аралыгында бир тараптан кыргыз Википедиясына макала жайгаштырса, экинчи жактан “гугл транслейтке” сөз которуу далататын көрүп келет.

Анын айтымында, википедияга алгачкы кыргыз тилиндеги маалымат 2011-жылы жайгаштырылган. Азыр википедиядагы кыргызча макалалардын саны 53 миң 125ти түзөт. (SA)