HRW: Борбор Азияда адам укуктары басмырланууда

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда өткөн нааразылык акцияларынан бир көрүнүш. Январь, 2013-жыл.

"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму 2015-жылы Борбор Азия өлкөлөрү бейөкмөт уюмдарга жана активисттерге карата басымды күчөткөнүн жарыялады.

Дүйнөнүн 90 өлкөсүндөгү адам укуктарын иликтеген соңку баяндамада Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөткө каршы сын айткандарды камакка алып, оппозициячыл көз караштагы эркин топторду жапканы, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөчү мыйзамдарды кабыл алганы белгиленген.

Мисалы: "Казакстандын муштуму чоң президенти Нурсултан Назарбаев апрель айында кайра беш жылга шайланды. Өкмөт коомдун ой-пикирин чектеп, тынч маанайдагы демонстранттарды камап, медиа каражаттарын кысымга алды",-деп айтылат баяндамада.

Укук коргоо уюму Тажикстанда мыйзамдуу түрдө каттоодо турган ислам партиясы куугунтукка алынганын, өзбек президенти Ислам Каримов болсо өлкөнүн баш мыйзамына каршы келген кадамга барып, 26-жылдык башкаруусун дагы беш жылга узартканын билдирген.

Баяндамада "Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча убадаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары кеңешине мүчө болгонуна карабастан, өлкөдө адам укуктары чектелгени” айтылган.

"Борбор Азия өкмөттөрү адам укуктарын чектеп жатат” деп айтууга кандай жагдайлар себеп болду? Бул суроо менен "Хьюман Райтс Вотч” уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Рейчел Денберге кайрылдык.

Рейчел Денбер: Бул суроонун эки жообу бар. Биринчиден, бул өкмөттөр саясий партияларды, көз карандысыз медиа каражаттарын жаап жатышат. Сынчыларды, укук коргоочуларды жана журналисттерди куугунтуктоо үчүн мыйзамдарды кабыл алышууда. Бул жол менен жарандык коомду чектеп жатышат. Өлкөлөр бул кадамга эмне үчүн барышууда? Албетте, бул суроону алардан суроо керек. Бирок, менимче, куугунтуктоолордун жалпы негиздерин карап көрсөк, алар бири-бирине окшош. Авторитардык өкмөттөргө каршы келе турган ар бир ой-пикир чектөөгө туш болуп жатат.

Би-Би-Си: Деген менен Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан эркинирээк өлкө деп саналат. Эмне себептен Кыргызстан да авторитардык өлкөлөрдүн катарынан орун алып жатат?

Рейчел Денбер: Биринчиден биздин баяндама 90 мамлекеттеги абалды баяндайт. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Биз бир мамлекеттеги абалды башка мамлекет менен салыштырбайбыз. Ошол эле айтылган басым ар бир өлкөдө башка түрүндө катталат. Мисалы Кыргызстандагы абалды, Түркмөнстандагы абалга же Түркмөнстандагы кырдаалды Өзбекстандагы абал менен салыштырса болбойт. Бирок ар бир өлкөдө коомдун ой-пикиринин чектелип жатканы бышык.

Албетте, ар бир мамлекетте чектөөнүн деңгээли да айырмаланып турат. Ал эми Кыргызстанды алсак, бул мамлекетте коомчулук өтө күчтүү жана өкмөт коом менен эсептешкен учурлар көп катталат. Ошол эле учурда бийлик "чет өлкөлүк агент" сыяктуу мыйзамдарды кабыл алууга аракет жүргүзүүдө. Бул албетте бейөкмөт уюмдарга карата актоого болбой турган чектөөлөр деп атасак болот. “ЛГБТ пропагандасы” аттуу дискриминациялык мыйзамды алга сүрөп жатканын көрүүгө болот. Өкмөт “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун изилдөөчүсү Мира Ритманды өлкөгө киргизбей койду. Бул бийлик адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдардан кандайдыр бир маалыматтарды жашырып жатканынан кабар бергендей.

Расмийлер эмне дейт?

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө адам укуктарын коргоо жатында жетиштүү иштер жасалып келгенин белгилеп келет. Бийлик өкүлдөрү Кыйноолорду алдын алуучу борбордун түзүлүшүн абактагы адамдардын укугун коргоодогу негизги кадам деп мүнөздөйт. Мындан тышкары былтыр Башкы прокуратурада адам укуктарын коргогон жаңы бөлүм ачылган эле.

“Мен эл аралык уюмдун тыянагына кошула албайм. Анткени Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу, адамдардын укуктары бир топ эле корголгон. Мыйзамдык базалар абдан жакшы. Адамдардын укуктарын коргоо боюнча атайын институттар иштейт. Анын үстүндө Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча көп эле аралык уюмдар бар”,-дейт Акыйткачынын мурдагы орун басары Токтокан Боромбаева.