Эски саясатчылардын жаңы оппозициялык тобу

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Эски саясатчылар жаңы оппозициялык топко биригип жатышканын билдирүүдө. Анын өкүлдөрүнүн бири Бегалы Наргозуев бул бирикменин өмүрү узак болуп, өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык абалын оңдоого салым кошот деп ынандырууда. Ал эми байкоочулар бул аракеттер президенттик шайлоого карата жарыш дешет.

Жаңы оппозициялык кыймылга “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” партиялары, “Бишкек форуму”, “Каршылык көрсөтүү кыймылы” жана “Кыргызстанды сактоо кыймылы” кирген. Анын башында келген саясатчылардын бири Адахан Мадумаров Фейсбук баракчасында бардык тилектеш жарандарды катарына алышаарын жазды. Бирикмени “Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү” деп аташты. Анын өкүлү Бегалы Наргозуевден Би-Би-Си максаттары, бир топко биригүү зарылчылыгы тууралуу сурады.

“Биригүүбузгө бир топ зарылчылыктар бар. Өлкөдө саясий-экономикалык кризис болуп жатат, экономика сазга батып калды, инфляция күчөп атат, ички дүң продукция өспөй калды. Жыйырма жылдан бери тоолуу райондорго берилип келген жеңилдикти жокко чыгаргысы келип жатат. Дыйкандардын салыгын көбөйтүп атышат. “Кыргызгаз” ишканасы бир долларга сатылды, баасы үч миллиард 200 миллион долларлык алтыны бар Жерүй кенин 100 миллион долларга сатышты. Бийликти бир кишинин колуна топтоп беришти. Парламент президенттин, өкмөттүн кемчиликтерин бетке айтуунун ордуна, алардан бата алып келген үчүн сындай албай отурат, мажүрөө чыкты”.

Image caption Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев

Бул кыймыл койгон талап мэрлерди эл шайласын, өкмөттүн сапаттуу антикризистик программасы болсун, көпчүлүк коалиция өкмөт өңдүү отчет берсин, бийликке партиялардан экенине карабай адискөйлөр келсин, баалар көтөрүлбөсүн, талаштуу кендер иштетилбесин жана “Мегаком” сатылбасын, 27-мартка коюлган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурс колдонулбасын деген билдирүулөрдөн турат.

Байкоочулар кайсы учурдагы кыргыз оппозициясы болбосун максаты бийликти алуу гана болгон дешет. Саясат талдоочу Марс Сариев алардын катарында.

“Кыргызстанда президенттик орунга жарыш башталды десек болот. Ошондуктан чоң чоң саясатчылар топтошо баштады. Бизде саясат улак тартууга эле окшош. Лозунгдары сөз жок туура. Мен дагы мэрди эл шайлаш керек деп ойлоп жатам. Бирок, өзүңүздөр карап көрүңүздөр, Акаев, Бакиев учурунан бери кандай лозунгдар айтылды? Ал эми бийликке келгенде эмне болуп жатат?”, - деп суроо салат Сариев.

Профессор Нур Саралаев дагы Кыргызстанда башынан бери эле өлкө кызыкчылыгы үчүн чыккан оппозиция болгон эмес дейт. Ал оппозиционермин дегенге бийлик берилсе оюнан кайтат деген пикирин ортого салууда.

“Оппозицияга келгендердин баары тең элдин нааразылыгын жараткан объекттерди пайдаланат. Мисалы, “Мегакомду”, Кумтөрдү, свет баасын, тоолуу райондордогулардын шартын, Жерүй кенин оппозицияга келгендер пайдаланат да. Анан элди түртөт”, - деди Саралаев.

Ал эми дагы бир талдоочу Төлөбек Абдрахманов Кыргызстанда кайсы бир учурда элди ынандыра алган оппозиция бар болчу, азыр эл ээрчий турган эч ким жок дейт.

“Биздин оппозиция туруксуз. Бир күн карасаң оппозициядагылар башка күнү позицияда, дагы бир күн такыр башка жакта. Оппозиция принципиалдуу жана системалуу болуш керек. Черчель айткандай, оппозиция жок болсо, бийлик аны жаратыш керек. Анткени ал бийликке көзөмөл, керек учурда көмөк болуп туруш керек”.

Парламенттеги башкаруучу коалициянын өкүлү, социал-демократ Абдывахап Нурбаев социалдык, экономикалык абалдын начарлаганы туура, ал жалпы кризиске байланыштуу, ал эми депутаттар өкмөттүн ишин көзөмөлдөп эле жатат дейт.

Парламент төрагасыны орун басары, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков болсо министрлер кабинетине сапатсыз адистер келип жатат жана бийлик бир адамдын колуна топтолуп жатат дегенден алысмын деген оюн билдирди.

Жаңы түзүлгөн оппозициялык бирикменин өкүлү Бегалы Наргозуев мурда бирикпеген тараптар азыр биригип, социалдык-экономикалык жана саясий көйгөйлөрдүн чечилишинин аягына чейин турабыз деп ынандырууда.