Дубнов: Кыргызстан Москва менен мамилени такташкысы келди

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Орусиянын президенти Владимир Путин менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы соңку жолугушуусу. Фото: president.kg

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы Москвага сапары кыргыз өкмөтү Орусия менен түзүлгөн ГЭСтер боюнча келишимди жокко чыгаргандан кийинки Орусияга жасалган биринчи визити болуп калды. Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолукканы менен анда эч кандай маанилүү документке кол коюлган жок. Андай болсо бул визиттин максаты эмнеде эле? Биз бул суроо менен Москвада кыргыз президенти менен жолуккан журналисттердин бири, Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубновго кайрылдык.

Аркадий Дубнов: Мен үчүн да бул кызыктуу суроо. Себеби бул визит биринчи кезекте Орусия тарабынан даярдалганына карабастан, анда Орусиянын Кыргызстанга карата кепилдиги же жардамы сыяктуу эч кандай формалдуу бир келишимдерге кол коюлган жок. Бул визит Орусияга да, Кыргызстанга да керек болгондой сезилди.

Орус жетекчилигине бул визит Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишим жокко чыгарылгандан кийинки негативдүү манайды жылмалоо үчүн керек болду. Келишимдин жокко чыгарылышы чоң эле таасир калтырды жана Орусиянын авторитетине кедергисин тийгизип койду. Андыктан Москвадагылар абалды жөнгө салууга, түшүнүшүүгө, жардам убада кылууга же Орусия Кыргызстанга дале болсо жакынкы өнөктөш катары мамиле кылаарын, жалгыз калтырбай турганын көрсөтүүгө кызыкдар болушту.

Москва менен мамилени такташып алуу кыргыз жетекчилигине өзгөчө керек болчу. Себеби Бишкек Москваны дале болсо геополитикалык, аскердик жана мигранттарды эске алганда социалдык гарант катары көрөт.

Өзүнүн эмоционалдуулугу, ачыктыгы, айрым учурда саясий эмес кескин билдирүүлөрү менен белгилүү президент Атамбаев кыргыз коомчулугундагы терс маанайды Путинге жеткирди. Путин менен жолугуп чыккандан кийин Атамбаев менен жолуктук. Анда байкаганымдай, өткөн жылкы окуялардан кийин Кыргызстанда эмне болуп жатканын Москва жакшыраак түшүнүп калгандай.

Кубат Касымбеков: Жолугушуу учурунда эки президент тең, өзгөчө кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев эки өлкө бири-бири үчүн стратегиялык өнөктөш экенин бир нече ирет белгилешти. Эки өлкөнүн кызматташтыгындагы соңку окуялардан кийин бул жолугушуу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы негативдүү маанайды жок кыла алдыбы жана мамиле мурдагыдай улана берет деп айтууга болобу?

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Президент Алмазбек Атамбаевдин орусиялык журналисттер менен жолугушуусу. Фото: president.kg

Аркадий Дубнов: Мурдагы мамиле деле укмуш жакшы болгон деп айтуу деле кыйын. Эгер мамиле мурдагыдай улана берсе, Атамбаевдин айтымында, Орусиянын Кыргызстанга берген убадалары мурдагыдай эле аткарылбай кала берет, орусиялык инвесторлор же министрлер берген кепилдик токтоп кала берет. Атамбаевдин айтымында, “мунун баары Путиндин аркасынан жасалып жатат, Путин эч нерсе билбейт, аны алдап жатышат жана Орусияда коррупция Кыргызстандагыдан да көп”. Кыргыз жетекчилигинин көз карашы менен алганда мамиле мурдагыдай улана берсе, орус-кыргыз кызматташтыгынан жакшы натыйжа деле чыкпайт.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга өзү кошулуу ниетин билдиргени менен уюмга киргенден кийинки кыйынчылыктарды да эскерткен. Андан соң Орусия өзгөчө бир кадамга барып, уюмга кошулуунун кесепеттерин жөнгө салууну көздөгөн орус-кыргыз фонду түзүлгөнүн жарыялады. Андан эмне майнап чыкты? 500 миллион доллардын 90 пайызы Орусиянын каржы министрлиги тарабынан орус банктарында тоңдурулуп коюлду. Албетте, бул кадамдан кийин Бишкек эмне кылаарын билбей, нес болуп калды.

Кубат Касымбеков: Бул Кыргызстанга карата ишенбөөчүлүктүн белгиси эмеспи?

Аркадий Дубнов: Акчаны баалуу кагаздарга салуу боюнча чечим кабыл алынганда, Кыргызстанда бул тууралуу ойлонушкан деле эмес. Алар Орусиядагы экономикалык кризиске эле көңүл бурушкан. Алгач маселе Кыргызстанга каршы багытталбагандай сезилгени менен акырында каршы болуп чыга келди. Бул мааниден алганда, Атамбаевде орус чиновниктеринин, анын ичинде Орусиянын Каржы министринин саясатына нааразы болууга баардык негиздер бар.

Атамбаев өзү айткандай, ал Путинге кайрылып: “2012-жылы ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзүп жатканда, аны кура албай турганыңарды эмне үчүн эскерткен жоксуңар? Биз башка инвесторлорду тапмакпыз”,-деп айткан экен. Ал нааразылык толук жок болуп кеткен жок. Көңүлдөгү ал так качан жоголот? Ортодо дагы бир иш-аракеттер болот деп ишенем.

Кыргыз-орус мамилесин жакынкы арада татаалдаштырып жибериши мүмкүн болгон башка факторлор да бар. Кеп 1916-жылы орус падышачылыгына каршы Кыргызстанда болгон көтөрүлүш жөнүндө болуп жатат. Кыргызстандагы улутчул-патриоттор бул мааракени орус-кыргыз мамилесине каршы келгендей кылып өстүрүп жибериши мүмкүн деп Атамбаев кабатыр болгонун байкадым.

Кубат Касымбеков: Айтмакчы, дал ушул Үркүн же 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу кыргыз коомчулугунда айтылып жүргөн ар кыл ураандар Орусия тарабынан кандай кабыл алынышы мүмкүн?

Аркадий Дубнов: Билесизби, Орусияда Кыргызстандагы жүз жыл мурда орун алган кайгылуу окуялар тууралуу эч нерсе билишпейт. Керек болсо орусиялык журналисттер менен жолугушууда кеп эмне болуп жатканын билгендер аз эле болду. Чынын айтканда бул кейиштүү тарых тууралуу эч кимде маалымат жок болду. Ошол сыңары Орусиядагы интеллектуалдык жана саясий мейкиндикте бул окуяга карата баа берилет дегенге ишеним жок.

Өзгөчө Биринчи дүйнөлүк согуш сыяктуу трагедиялык мезгилдеги падышачыл Орусиянын аракеттери - азыр Орусияда эң аз ойлонулган маселе.

Андыктан мындай лозунгдарга карата алгач орус медиасында жана орус коомчулугунда кыжырдануу пайда болушу мүмкүн. Бул аракеттин артында “душман күчтөрү турат”, “кимдир бирөө чагым же түстүү революция уюштургусу келет, анын баары Орусияга каршы” деген сөздөр чыгышы ыктымал. Себеби эл билбейт, тарыхый жактан билимдери тайкы. Мында бир коркунуч бар.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Жолугушууда эки тарап бири-бирине стратегиялык өнөктөш экенин белгилешти. Фото: president.kg

Кубат Касымбеков: Кыргыз-орус мамилесине кайтып келсек. Орусия менен Түркиянын ортосундагы учактын атып түшүрүлүшү боюнча карама-каршылыкта кыргыз президенти Борбор Азиядагы башка лидерлерден айырмаланып, Орусияны ачык колдоп, Түркия ката кетиргенин айткан эле. Кыргыз жетекчилигинин Орусияга мынчалык берилгендиги орус жетекчилиги тарабынан канчалык бааланат?

Аркадий Дубнов: Канчалык бааланарын айтуу мен үчүн кыйын. Кремлдеги бул сыяктуу колдоону же каршы пикирди практикалык маанайда гана кабылдашат. Кремлдин кызыкчылыгында болсо колдошот. Каршы келсе сындалат жана шиштин башына илинет. Объективдүү баа дээрлик жок.

Орус-түрк мамилесинин курчушу боюнча Атамбаевдин билдирүүсүнө келсек, Кыргызстан бул окуяга реакциясын ачык билдирген өлкө болуп калды. Ал Түркия ката кетиргенин айтканы менен кырдаалды курчутуп жибербөө керектигин да белгиледи. Ал бул окуя түрктөргө каршы компанияга айланып кетпеши керектигин, мындай жагдай Орусия менен Кыргызстандын баардык коңшуларына залакасын тийгизиши мүмкүндүгүн айтты. Атамбаев Орусиянын тышкы саясатын “өзүн душмандары менен курчап алды” деп да сындаган. Ал бизге “Орусия Крымды алганы менен Украина менен мамилесин узак мөөнөткө бузуп алды” деп айткан.

Кубат Касымбеков: АКШ жакында пост-советтик өлкөлөрдөгү демократияны жайылтууга каражат бөлөөрүн билдирди. Американын Кыргызстандагы элчиси эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын айтты. Кыргызстандын Батыш менен, анын ичинде АКШ менен мамилеси кандай өнүгүшү мүмкүн?

Аркадий Дубнов: Менимче, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы жылуу же кандайдыр бир жакын мамилени күтүүгө болбойт. Ортодогу демарштардан улам Кыргызстандын көңүлүндө так кала берүүдө. Расмий Бишкек Азимжан Аскаровдун иши боюнча айтылган сындарды катуу кабыл алган. Мен да бул суроону Атамбаев менен талкуулаган элем.

Кандай болсо да, балким АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле позитивдүүрөөк маанайга өтөт деп күтүүгө болот. Эки өлкөнүн ортосунда жаңы келишим болот. Ошол эле учурда Бишкек бул келишим аркылуу Кыргызстандын да, Орусиянын да кызыкчылыгына зыян келтире турган нерселер кыргыз жетекчилигине таңууланбашын талап кылышы мүмкүн.

________________________________________

P.S. Интервьюнун орусча версиясын бул жерден угуңуз.
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.