Абдрахманов: Экономиканы жандантуу үчүн келишимдерди аткарууну тездетүү зарыл

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулаар алдында жаңы базарлар ачылат, мигранттардын турмушу жеңилдейт деген үмүттөр болду эле. Эмне себептен ушул күтүүлөр орундалбай жатат? Экономикалык журналист Эрмек Максүтова бул суроо менен Экономика министрлигинин инвестиция бөлүмүнүн башчысы Канат Абдрахмановго кайрылды.

Канат Абдрахманов: Билесизби, мунун бир нече себептери бар. Соңку мезгилде Орусиянын, Казакстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп кетти. Мунайзатты экспорттогон өлкөлөр кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө. Ошолордун баары кыйыр түрдө Кыргызстанга таасирин тийгизүүдө. Өлкө Евразия экономикалык биримдигине кошулаар алдында кыргыз өкмөтү бул жагдайды сөзсүз түрдө эске алган. Экономика министрлигинин адистери жана мамлекеттик органдардын тиешелүү өкүлдөрү алгачкы эки-үч жыл кыйын болоорун башында эле айтышкан.

Биз муну график менен алып караганда, башында төмөндөөлөр байкалып, биримдиктин шарттарына ылайыкташкандан кийин, тагыраагы эки-үч жылдан соң экономикадагы өсүүлөр байкалат деп айтылган.

Image caption Канат Абдрахманов: Бул шарттан чыгуу жана терс таасирди төмөндөтүү үчүн өлкө жетекчилери башка өлкөлөр менен дагы сүйлөшүүлөрдү жандантышы керек

Андан тышкары, Кыргызстандагы стандартизация, сертификация иштерине акча бөлүнгөнү менен ал маселе толугу менен чечилип бүткөн жок.

Би-Би-Си: Ушул кырдаалдан чыгуу жолдору кандай?

Канат Абдрахманов: Учурда Кыргызстанга кошумча колдоо көрсөтүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошол эле мезгилде буга чейин кабыл алынган келишимдерди аткарууну тездетүү чарaлары иштелүүдө. Андан тышкары кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштеп жатканы баарына белгилүү. Бул фонддун айрым шарттары кыргызстандык ишкерлер үчүн оор болууда. Коңшу өлкөлөрдүн базарларынан орун алуу, Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына адаптация болуу үчүн көп жардам берилет деп айтылганы менен, тилекке каршы андай болгон жок. Учурда бул талаптарды азайтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Би-Би-Си: Сертификациялоо жана стандарттарга жооп берүү керек турбайбы. Бирок буга Орусия жана Казакстан экономикасынын төмөндөшү кошул-ташыл болуп жатпайбы?

Канат Абдрахманов: Көтөгөн эксперттер, эл аралык институттар 2016-жыл экономикалык жактан кыйын болоорун эскертишип, жаңы чакырыктарга тезинен реакция жасоо жана адаптация болуу керектигин айтып жатышат. Мунайзаттын баасы дагы төмөндөйт деген божолмолдор бар.

Бул өз кезегинде Орусиянын жана Казакстандын экономикасына терс таасирин тийгизет. Анын үстүнө Орусияга бир нече өлкөнүн киргизген санкциялары дагы деле күчүндө. Булардын баары Кыргызстандын экономикасына дагы негативдүү таасирин берет. Ошондуктан абал тез жакшырып кетет десем жаңылыштык болот. Бул шарттан чыгуу жана терс таасирди төмөндөтүү үчүн өлкө жетекчилери башка өлкөлөр менен дагы сүйлөшүүлөрдү жандантууда.