Изилдөө: өзбекстандыктар кыргызстандыктардан эки эсе бактылуу

Бириккен Улуттар Уюму өлкөлөрдү бактылуу турмуш боюнча тизген сапта Кыргызстан 156 мамлекеттен 85-орунда. Коңшу өзбекстандыктар кыргызстандыктардан бактылуурак эсептелип, 49-орунга илиниптир.

Эң бактылуу даниялыктар экен. Андан кийин Швейцария, Исландия, Норвегия жана Финляндия келет.

Тизменин акырында Чыгыш Африкадагы Бурунди өлкөсү турат. Ал жакта мезгил-мезгили менен кыйноого айланган массалык толкундоолор уланууда. Бул мамлекет жада калса акыркы беш жылдан бери жарандык согуш 250 миңдей кишинин өмүрүн алган Сириядан да артта.

World Happiness Report отчетунда негизинен социалдык теңсиздик аз өлкөлөр бактылуу деп эсептелген.

Экономикасы дүркүрөгөн менен Кытай 83-орунда, ал эми АКШ 13-орунда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Getty

Изилдөөдө ар өлкөдөн миң киши сурамжылоого катышкан. Алар өз жашоосун он баллдык шкала менен баалаган. Авторлор башкы алты багыт боюнча жыйынтык чыгарган. Алар: социалдык колдоо, адам башына түшкөн ички дүң продукция, күтүлгөн саламат жашоонун узактыгы, жеке эркиндик, кайрымдуулукка катышуу жана коррупция деңгээли тууралуу пикири.

Изилдөөнү жүргүзгөн Колумбия Университетинин жер институтунун директору Жеффри Сакс бакытты экономикалык, социалдык жана экологиялык максаттар менен бир бүтүн кылып өнүктүрүү керек дейт. Ал экономикалык шартты гана кароо туура эмес деп жатат.

Социалдык камкордукка алынган жана жашоо-шарты жакшы өлкөлөр алдыңкы сапка чыгат деген логикага Кытай жана АКШ өңдүү өлкөлөрдүн биринчи ондукка да кирбей калышы шек жаратууда. Адамдардын эркиндиги бактылуу турмуштун көрсөткүчү болот дейин десең, коңшу Өзбекстан 49-орунда туруп, Кыргызстандан алда канча алдыда. Ал эми Орусия 56, Тажикстан 100-орунда.

Экономист Искендер Шаршеев бир жылда Кыргызстандын 77 орундан 85ке түшүп калышына Евразия экономикалык биримдикке кирүүгө байланыштуу экономикалык абалдын начарлашы, жумушсуздуктун көбөйүшү себеп дейт.

“Жумушуң жок болсо, кирешең аз болсо, албетте бактылуулук сезимиңе таасир этет. Ошол эле учурда Кыргызстан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эркин болгондуктан эли алардыкынан абдан бактылуу”, - деген оюн бөлүштү Шаршеев.

Сурай келгенде адамдардын бактылуу эмесмин деп айтышы кыйын, айрыкча кыргыздардын менталитетине бул жат көрүнүш.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Getty Images

Бишкектин көчөлөрүндө биз жүргүзгөн чакан сурамжылоодо он кишиден экөөсү гана бактылуумун деп шыр айта алган жок. Калган сегизи балдары, үй-бүлөсү болгондуктан, бирөөсү жакында балалуу болгону жаткандыктан, айрымдары дүйнөгө жаралганы үчүн чексиз бактылуу экенин билдиришти.

Мындан улам публицист Эсенбай Нурушев изилдөөлөргө сын көз караш менен кароого чакырат.

“Мындай изилдөөлөр дүйнөдө өтө эле көп. Кааласа, бири сени 85-орунга, экинчиси 10-15-орунга коюп коё берет. Изилдөөлөрдүн баарын сап кармап алыш туура эмес. Маселен, бактылуу жашоо тууралуу Батыштагылардын түшүнүгү такыр башка, ал эми кыргыздардыкы башка. Бизде көп балалуу болсо, бактылуумун деп эсептейт, ал эми бул Батыштагылар үчүн балээ”, - деди Нурушев.

Ал белгилегендей, бакыт, бакубат жашоо сезим менен байланыш болгондуктан деңгээлин эч бир изилдөө объективдүү аныктай албайт. Ошол эле маалда мындай сурамжылоолор адам өзүнүн бактылуу же бактысыздыгы тууралуу ой жүгүртүүсүнө себеп болчудай.