Атамбаев: “Аксы окуясы – чыныгы элдик бийликке башталган жол”

Сүрөттүн автордук укугу B

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксы районунда Бозпиек айылында мындан 14 жыл мурда болгон кайгылуу окуяларды эскерүүгө катышып, Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы Аксы накта элдик бийликтин орношуна карай башталган жол деп атады.

“Мындан 14 жыл мурда ошол кездеги бийлик дал ушул жерде өз жарандарын аткан. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн бүт дүйнөгө көрсөтүп, улуттун намысын коргоп калышкан. Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган. Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган. Аксыдан башталган. Боспиектен башталган”,-деди мамлекет башчы.

2002-жылы Аксы районунда Боспиек деген жерде нааразылык жүрүшкө чыккан жарандарга милициянын күчтөрү ок атып, алты адам каза тапкан. Аксы окуяларынын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу боюнча сот иштери али күнчө аягына чыкпай келатканы боюнча бүгүнкү эскерүү жыйындарында да айтылды.