Өкмөттүн башындагы кара булут кайдан чыкты?

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Темир Сариев премьер-министр болуп 2015-жылы апрелде дайындалган.

Жогорку Кеңештеги булактар Үнкүр-Тоо протоколу жана Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендерден чыккан чыр Өкмөттүн отставкасына алып келиши мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Өкмөт өз кезегинде мындай билдирүүлөргө эч кандай негиз жок экенин билдирүүдө.

СДПК фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн отставкасы жөнүндө кептердин чыгышы соңку убакта премьер-министр көп сынга алынып жаткан маселелерге байланыштуу болушу мүмкүн экенин Би-Би-Сиге билдирди.

"Өкмөттүн отставкасы жөнүндө маалымат Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолундагы тендер чатагы жана Кербенде жарыкка чыккан өкмөт протоколуна байланыштуу болсо керек да. Ушул эки маселеде чындап эле өкмөттүн кемчилиги бар экени чын чыкса, анда өкмөттүн андан аркы жолу жок. Актана турган, мактана турган нерсеси да жок калат",-деди Рыскелди Момбеков.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкедеги Үңкүр-Тоо станциясы жөнүндө чыккан өкмөт протоколу Темир Сариевди өтө көп бушайман кылган маселе болууда. Оппозициялык күчтөр, жарандык активисттер аталган протоколдо радио станция Өзбекстанга таандык деп көрсөтүлүп калган деп өкмөттүн жоопкерчилигин талап кылып жатышат. Бул чырлуу протокол жөнүндө маселе Жогорку Кеңеште жабык каралып, аны иликтеп, укуктук баа берүү жагы Башкы прокуратурага тапшырылган.

Эми ага дагы бир баш оору кошулду. Балыкчы-Корумду жолун курууга байланышкан тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар ачыкка чыгууда.

"Ошол тендер боюнча Транспорт министрлиги менен өкмөт башчынын пикири карама-каршы кетип жатпайбы. Жыйында өкмөт башчы тендер боюнча кемчилик чыга турган болсо транспорт министри керт башы менен жооп берет деп жатат. Ал эми транспорт министри Аргын Малабеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатканда ачыктан ачык эле айтпадыбы бул тендердин артында өкмөт башчы өзү турат деп. Бул деген чоң чатактын башы",-дейт депутат Рыскелди Момбеков.

Өкмөттүн басма сөз кызматы өз кезегинде премьердин отставкасы жөнүндө эч кандай маселе жана негиз жоктугун билдирүүдө.

"Премьер-министр Темир Сариев баштаган азыркы өкмөт курамы отставкага кетет деген маалымат чындыкка коошпойт. Ага эч кандай себеп жана негиз жок",-деди премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов.

Бакыт Асановдун айтымында, Балыкчы-Корумду жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды мекемелер аралык комиссия текшерип баштады. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен премьер-министр кемчилик кетирген адамдардын жоопкерчилигин караган тийиштүү чечимдерди чыгармакчы.

Ал ортодо Өкмөттүн 2015-жыл үчүн отчету даяр болуп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бирок премьерди бул отчет сактап калышы кыйын.

Балыкчы-Корумду жолун куруудагы мыйзам бузуулар жөнүндө маселени депутаттар комиссияны күтпөй эле эртең эле караганга шашып жатышат. Байкоочулардын айтымында, башкаруучу коалициянын ичинде биримдик жок, оппозицияны кой, коалициянын өзүндө эле азыркы премьерди кетирүүнү көздөгөн эки-үч топ бар.