Арсланбаб менен Аралдагы экологиялык кризистин сабактары

Сүрөттүн автордук укугу about.kg
Image caption Арсланбаб жаңгак токоюн бейиштин жери деп аташат.

Эмил Шүкүров Орто Азиянын бай жаңгак токойлорун жакшы билет. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин борборлоштурулган совет экономикасынын өнүгүү планы Кыргызстандын түштүгүндөгү он миң гектар жердеги жаңгак бактары өскөн токойго жеткен учурдан берки абалды билет. Бул жер ошол учурда абдан татаал эко система катары белгилүү эле: бул жакта алма, алмурут, алча сыяктуу мөмө-жемиштин 130 түрү өсчү. Доңуз, бугу, аюу, үкү, шумкар жана башка көп сандаган жапайы жаныбарлар жана куштар байырлаган. Ошондой эле фермерлер жана көп кылымдан бери көчмөн турмушун улантып келаткан малчылар бул жакты туруктуу конуш кылышкан.

«Бул бейиш жер эле»,-деп эскерет азыр сексен жашты чапчыган Шүкүров бизге айткан сөзүндө. Узун бойлуу, арыкчырай биолог окумуштуунун бул тармакка алтымыш жылдан бери көзү каныккан. Ал дүйнөдөгү эң ири жаңгак токоюна коркунуч туудурган экологиялык проблемаларды дароо эле тизмектеп берди: жемиштерге жана бак-дарактарга каракчылык кылуу, жайыттардын такырланышы, климаттын өзгөрүшү, коррупциялашкан чиновниктер, ресурстарды туура эмес башкаруу жана башка көп себептерди айтат.

Бул көйгөйлөр Арсланбап деген ат менен таанымал болгон жаңгак токоюнун абалында айкын көрүнөт. Бул жердин жергиликтүү эл үчүн тарыхый мааниси да абдан чоң. Окуучулар Македониянын падышасы жана атактуу аскер башчы Александр Македонскийдин Персияны, Египетти, Сирияны, Месопотамияны, Бактрияны жана Пенджабды басып алып, андан кийин Борбордук жана Түштүк Азиянын тоолорун байырлаган көчмөндөр менен кармашып, андан Индия жакка бурулуп кеткенин окушкан. Чарчап чаалыккан, ачка жана өзүнүн ичиндеги козголоңчул күчтөрдөн алсыраган генерал жана жана анын армиясы ушул жаңгак токоюнун арасында баш калкалап, оорулууларын дарылап, жаңгак жеп, бүркүт салып аңчылык кылып, сакайып күч жыйнап кеткен деп айтылат.

Александр бул региондун мифологиясында орчундуу орунду ээлейт. Балким, чынында эле ал үйүнө жаңгак ала кетип, аны Европада плантацияларда өстүрүп баштоону ойлогондур, балким ошол жаңгактарынын тамыры Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортосундагы Согдиананын жаңгак токойлорунда жаткандыр. Мүмкүн, маркетинг максатында ал ажайып жемишти грек жаңгагы деп атагандыр.

Канткен күндө да бул жакта атактуу жеңилбес Александрдын армиясына көрсөткөн ошол каршылыкты жана ажайып токойдун байлыгын бүгүнкү муун сыймыктануу менен айтышат. Бирок анын маданий мааниси азыркы окумуштуулар жана өкмөт чиновниктери үчүн бүдөмүк келечек болуп турган чагы.

Бишкектеги кыргыз токой жана жер иштетүүчүлөрдүн ассоциациясынын техникалык консультанты Александр Темирбеков аталган токойдун жака белинде 200 миң адам жашай турганын жана анын көбүнүн жашоосу өмүр бою ушул токойдун байлыгына байланганын айтып берди.

Эгемендиктен кийин токойду милиция менен кайтаруу аракети машакаттуу болду жана жергиликтүү деңгээлде коррупцияны токтото албады. Бак-дарактар ар кандай шылтоолор менен кыйылып, кыркылып жатты. Акыры 2000-жылдардын башында жаңгакты кыюуга жана экспорт кылууга тыюу салынды.

Бодо мал жайкысын дагы эле токойдун ичинде жайылып, жаш көчөттөр жана талдарды жеп салууда. «Эң чоң коркунуч мал жайылган жерде түркүн түрлүү чөптөр жана дарактар өспөй калып, токойдун экосистемасы жоголуп кетиши мүмкүн болууда»,-дейт Шүкүров.

Ошол эле учурда Арал деӊизинин төмөн жагында булганыч кумдуу жерде кароосуз калган соодагерлердин жана балыкчылардын кемелери эл аралык маалымат каражаттарынын көнүлүн азыркы күнү да буруп жатат. Учурунда балыктар кыжылдап жайнап, консерва заводдору бакылдап иштеген жана бүт союздан туристтер жайнап келип жаткан Арал деңизинин түштүк жагы азыр соолуп турат. Москвадагы пландоочулардын акылы менен Аралга куйган суулар менен дарыяларды бул региондогу пахта талааларын сугаруу үчүн пайдалануунун акыры ушундай кейиштүү көрүнүшкө алып келди.

Бул эле эмес. Аму-Дарыянын куймасында күн көргөн атактуу Туран жолборсуна 1970-жылга чейин аңчылык кылуу токтобой, акыры анын тукуму биротоло үзүлдү. Анын акыркысы азыр Өзбекстандын батышындагы Нукус шаарындагы край таануу музейинде сакталып турат.

Арал деңизинин түндүк жагын калыбына келтирүү аракеттери Казакстанда аздыр-көптүр ишке ашты, бирок бул кайтадан баягы жер шарындагы эң ири көлдөрдүн бири, көлөмү боюнча төртүнчү орунда турган «Деңиз аралы» боло албайт. Анын ордуна бул жерди эми Индияда пестициддер заводунан химиялык уу заттар жайылып чыккан Бхопал каршасы, Украинадагы Чернобыль атомдук станциясындагы авария менен бир катарда эң бир кесепеттүү экологиялык кырсыктын эстелиги катары карап калышты.

Ачык айтканда, Аралдын жана жаңгак токойлорунун көйгөйлүү абалы жөнүндө бир жактуу айтууга да болбойт, анткени ачык-айкындык жок режим башкарган, экономикалык ресурстар чектелген жана туура бөлүнбөгөн, ММК таасири жок, коомдук кайдыгерлик өкүм сүргөн шартта мындай проблемалардын масштабы андан бетер чоң болору калетсиз.

  • Марк Неузил, АКШдагы Сент-Томас Университетинин коммуникация жана журналистики факультетинин профессору
  • Эрик Фридман, АКШдагы Мичиган университетинин экологиялык журналистика кафедрасынын кызматкери, Өзбекстандагы Фулббрайт программасынын стипендианты
  • Марк менен Эрик Борбордук Азиядагы экологиялык кризистер жөнүндө жаңы китептин авторлору