Калнур Ормушев: Темир Сариев утту

Өкмөт башчы Темир Сариев кызматтан кетти. Ал мындай чечимди өкмөт менен парламент ортосундагы пикир келишпестикти токтот деп кабыл алган.

Президент премьер-министрдин жана өкмөттүн кызматтан кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койду.

Сариевдин соңку сөзү

Сариевдин кызматтан кетүүсү тууралуу сөз бир-эки апта мурда башталып, ордуна келчүлөр да божомолдонуп жатат. Сариевди Жогорку Кеңештеги комиссия Балыкчы – Корумду жолун оңдоого өткөн тендердеги мыйзамсыз иштерди көзөмөлдөбөгөнү үчүн айыптап, кызматтан алыш керек деген.

Бул жолку премьер-министр да бир жыл айланбай ишин тапшырууда.

Темир Сариев кылган иштерин санап, өкмөт менен парламент ортосундагы пикир келишпестикти токтотот деген максатта отставкага кетип жатканын айтты.

Бирок Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерде айыбы жок экенин, депутаттык комиссия бир тараптуу жыйынтык чыгарганын билдирди.

“Тендерге өздөрү лобби кылган компания өтпөй калган үчүн таарынган депутаттар тууралуу айтып жатам. Алар жеке таарынычтан улам өкмөттүн жалпы ишин жокко чыгарууга, каралоого аракет кылышты. Бул саясатчыларды мамлекеттин, коомдун келечеги кызыктырбайт. Алар мамлекеттик машинаны жеке кызыкчылыгы үчүн иштетүүнү гана каалашат. Канат Исаев буга чейин байланышы бар экенин өзү мойнуна алган “Империя Групп” компаниясы катталып, тендерге катышканга үлгүргөн эмес. Тендердин жыйынтыгын ачканда, ал компания тизмеде болгон эмес”, - деди Сариев.

Аны кетүүгө аргасыз кылган себептерди эскперттер, аналиктиктер менен талдаганга аракет кылдык.

Жети миллиарддык жолдун чыры

Image caption Эмил Жураев

Жалпы чыгымы жети миллиард сомду түзгөн 104 чакырым Бишкек-Корумду жолун оңдоого тендерди жасалма кытайлык компания утту деп Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия изилдеп, өкмөт башчыны кызматтан алуу чечимине келишкен.

Комиссиянын мүчөсү “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев максаты Сариевди кетирүү эмес экенин, лицензиясы жок кытай компаниясына жети млрд. сомго жакын каражатты мамлекеттик казынадан берүүгө өкмөт башчы да жооптуу экенин Би-Би-Сиге билдирди.

“Эгерде биз жеке Сариевдин өзүнө асыла турган болсок, айтпай туруп комиссия түзмөкпүз. Биз бул тууралуу парламентте айткандан кийин бир-бир жарым ай өкмөт эч кандай чара көрбөй койгондон кийин гана декабрда комиссия түздүк. Төрт жарым ай өткөндө гана өкмөт өзүнүн ведомстволор аралык комиссиясын түзүп жатат. Эгер ал жердеги коррупциялык ишти билбей калса, көрбөй калса, 4-ноябрда парламентте расмий айтылганда булар өздөрү чара көрүп, изилдөө жүргүзмөк”, - деди Исаев.

Аналитик Калнур Ормушев өкмөт башчы ак экени чын болсо, тендер боюнча укуктук териштирүүнүн жыйынтыгын күтүп туруш керек эле дейт. Бирок талдоочулар бир жагынан териштирүүнү ким буюрса, анын сөзү сүйлөнөөрүн эскертишүүдө.

Саясат талдоочу Эмил Жураев болсо тендер чыры териштирүүнүн негизинде чечилчү маселе, ал бирөөнү кызматтан ала коюп, саясий себеп менен ишти жапты кылчу маселе эмес деп жатат.

Саясий себептер

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Жогорку Кеңеш

Саясат таануучу Эмил Жураев бир чети Сариев президент жана башкаруучу коалиция тарабынан колдоо болбой калгандыктан кетүүгө аргасыз болду, ал эми коррупция боюнча айып териштирилиш керек эле дейт.

“Тендерден да чоңураак маселе – Кыргызстандагы саясий кырдаал. Келе жаткан президенттик шайлоого карата саясий топтордун, адамдардын күрөшүнүн натыйжасы дагы болду окшойт”, - дейт саясат таануучу.

Жураев ошондой эле Сариевдин колдоочусу буга чейин президент гана болуп келгенин, ал парламенттеги фракциялардан эмес экенине, алар менен өз ара да тыгыз иши да болбогонуна басым жасады.

Калнур Ормушев Сариевдин отставкасына саясий себептер негиз болду, калгандары аны ишке ашыруу жолу деген ойдо. Ал ошондой эле парламентте партиясы жок болгондуктан Сариев кызматка келгенде эле кетери белгилүү болгонун кошумчалады.

Ормушев: Сариев утту

“Темир Сариев элди, өлкөнү, ишти ойлосо, шайлоого барыш керек болчу. Бүгүн кетип жатканына президентке, депутаттарга рахмат деш керек. Бир жыл иштеди, тарыхка кирди. Темир Сариев азыр саясий жактан утту. Башкалар кандайдыр бир упай топтогондур, бирок утуш Сариевдики. Анткени ага саясий жактан дагы бир магистралдык жол ачып беришти. Анын саясий келечеги бар. Келечекке иши кыйрап калбай, премьер-министрлик потенциалы менен баратат”, - деди Би-Би-Сиге аналитик Калнур Ормушев.

Сариевди кетирүүгө президент жана анын тегерегиндегилердин аракетин байкагандар да бар. Тендер чырынан кийин өкмөт башчы транспорт министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу тууралуу президентке сунуш менен кайрылганда президент аны четке какты.

Бирок президент ага өз жүйөөсүн келтирип, өкмөт башчы айткан “министрге ишеним көрсөтпөгөнү” мыйзамда жок экенин билдирди. Бүгүн президент өкмөт башчы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, өкмөттүн мүчөлөрүн иштен алууда анын укугун кеңейтүү керек деп Жогорку Кеңешке кайрылды. Мындан улам президенттин парламенттик өлкөдө чын эле премьер-министрдин ролун чоңойтуу өңдүү объективдүү максаты бардыр деген жоромол орундуу.

Бирок аналитик Ормушев өкмөт башчынын укугу кеңейсе, Сариевдики эмес, эми мындан аркылардыкы кеңейиши мүмкүн экенине көңүл бурууда.

Сариевдин кетиши эмне үчүн зарыл эле?

Эми президент жана анын жан-жака белиндегилер үчүн Сариевдин кетиши эмне үчүн керек эле? Калнур Ормушевдин айтымында, президент кеткен соң калгандары таасирин кармап тууру үчүн.

“Президент өзүмө жетерлик мүлкүм бар деп айтып жүрөт. Кызматтан кеткен соң экс-президент деген наамы болот. Башкача айтканда, ал корголгон. Ал эми жанында жүргөндөрдө эмне калат? Ошондуктан алар өздөрүнө лоялдуу адамды алып келиш керек. Темир Сариевдин катасы – ушул бир жыл ичинде аларга жок дегенде лоялдуулугун көрсөтө албаганында”, - деди Ормушев.

Ал эми Канат Исаев Би-Би-Сиге максаты премьер-министрликке келүү эмес экенин айтып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу b

Өкмөт башчынын кетери бир нече апта мурда айтылып, ордуна ким келери да талкууланып жаткан. Талапкерлер катары президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун, биринчи вице-премьер министр Аалы Карашевдин, социал-демократтар фракциясыны лидери Чыныбай Турсунбековдун жана башкалардын атын атап жатышат.

Сариев кызматка 2015-жылы майда келген.

Анын ишин Жураев мурдагы өкмөт башчыларга салыштырмалуу аракетчил катары баалап жатат. Интернет айдыңында ага жан тарткандар бар. Ошол эле учурда көзгө көрүнөрлүк натыйжага жете алган жок дегендер да оюн ортого салууда.