Кыргыз армиясынын кадырын кетирген суициддер

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption “Суициддер дээрлик азайды”, -дейт укук коргоочу Азиза Абдрасулова

Өлкөдө аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы боюнча 2015-жылдагы жүргүзгөн байкоолоордун жыйынтыктары чыгарылды. Серепчилер кыргыз армиясында адам өлүмү менен коштолгон окуялардын орун алып жаткандыгына көңүл бурду.

Генералдык штаб, Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору, ОБСЕнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана “Кылым шамы” бей өкмөт уюму биргелешип жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында тармак ичиндеги эң орчундуу деген бир катар маселелер талкууга алынды.

“Суициддер дээрлик азайды. 2014-жылы Башкы прокуратуранын берген маалыматында өлүм менен аяктаган окуялар он үчтөн онго түштү. Ар түрдүү жагдайда каза болуп калып жатышат. Бирин-бири атып алган, муштап өлтүрүп койгон, өзүн-өзү асты деген учурлар болуп жатат. Кандай болгон күндө да он адамдын өмүрү биз үчүн кооптонууну жаратат. Аскер прокуратурасынын ичинде кайдыгерлик бар. Мисалы үчүн, Оштогу Төө-Моюнда каза болгон Кубанычбек Ногойбаев дегенди көп эле айтып жатабыз. Бул иште каза болгон фактылары боюнча изилдөө дароо жүргүзүлгөн эмес, качан гана адвокат киришкенден кийин кылмыш изи козголду. Улам козголот, улам жаап коет. Мисалы үчүн, Чынгыз уулу Нурланбек деген Ак Жол бекетинде каза болгон баланын ишин алып барып, эми ошону өлүмгө жеткизген деген берене коюлду. Баласын тирилтип берүү кайда, жок дегенде ата-энесине компенсация маселеси чечилип калды”, -дейт укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

Бул тармакта иш алып баргандар жоокерлерге, офицердик курамдын айрым мүчөлөрүнө да тарбия, адеп ахлак жетишпей жаткандыгына көңүл бурушууда.

“2005-жылга чейин биздин армия чындыгында эле абдан оор турмушта жашап келгенбиз. Мына ошол убакта мониторинг кылганда жатып алып ыйлай турган абал эле. Ошол убакта тамак жетпей, кийим-кече жоктугунан үч жылда бирден форма жаңырткан кездер болду. Курсагы тойбой жоокерлер кошуна айылдарга чыгып кетчү. Өтүктөрү жыртылган, жип менен, зым менен байлап алган солдаттарыбыз бар эле. Кыргыз армиясынын кадыр баркын көтөрүүгө атайын мыйзамдар керек. Суицид дейбиз, бири-бирин өлтүрүү фактылары катталып жатат. Эң негизгиси, биз аскерге келе турган балдарды бала бакчадан баштап тарбиялашыбыз керек”,- дейт “Жоокерлердин энелери” комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова.

Абал жакшырды дегенге дагы деле ишенбей турган ата-энелер да бар экендиги белгилүү. 2015-жылдын 5-июлунда кайтаруу жана күзөтүү департаментинин №7412 ички аскерлер бөлүгүнүн жоокери Нурсултан Карагуловдун өлүмү боюнча ар кандай пикирлер айтылып келет. Аны өз куруна муунуп алган деген маалыматка апасы такыр ишенбей тургандыгын айтууда.

“Ант берүү аземинде барып катыштык, көрсө биз аны акыркы жолу көрүп жаткан экенбиз да. Түшүмө да аян берет, шейит өлүк болуп каза болгон бала . Бирок ошол эле учурда бизге анын өзү муунуп албаганын далилдеш кыйын болуп жатат. Алты ай жакшы кызмат өтөп, буюрса күзүндө өргүүгө келем деп жакшы ой-тилек, максаттар менен калган. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, жакшынакай бала болуп калыптыр болчу. Окуя болгондон кийин Ысык-Атанын экспертизасы өзү муунуп өлүптүр деп айтты. Биз денесин көргөнүбүздө баары көк-ала, оң капталы канталаган болчу. Биз балдарыбызды мамлекетке ишенип жиберип жатабыз да, анан өлүк алып жатабыз,бул азапты сөз менен айтуу болбойт”, -дейт жоокердин энеси Назира Касмалиева.

“Бул иш боюнча тергөө жүруп жаткандыктан, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча маалымат берүүгө болбойт”,-деди Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Эдилбек Стакеев.

“Аскерлердин арасындагы өлүм-житимди жана суицидди эч кандай актоого болбойт. Күнөөлүү конкреттүү адамдар жоопко тартылышы керек. Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги армиядагы мыйзам бузууларды эч кандай жаап-жашырбайт. Бирок, күнөөлүү адамдарды жана аларды жоопко тартуу деңгээлдерин аныктоодо таңууланган шарттар биз үчүн жараксыз”, - деди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги, полковник Жаныбек Капаров.

Өлкөнүн Коргоо Кеңеши мындай ачык изилдөөлөргө уруксат берип, көйгөйдү чечүү үчүн ар кандай уюмдар менен кызматташууга барганы жакшы жыйынтык береээрин серепчилер бир ооздон кубаташууда.