Аткезчиликти тыюунун аргасы табылабы?

Кыргызстанга жылына миңдеген тонна жүктөр аткезчилик жолу менен келет. Бул мыйзамсыз аракет Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери ого бетер көбөйдү деп ишкерлер тынчсызданууда. Айтымдарында, келип жаткан айыл чарба продукциялары ишкерлерге жана өлкөнүн рыногуна терс таасирин тийгизип, бир катар ишканаларды ишин токтотууга мажбур кылууда.

“Кыргызстан жылына 1 миллион тоннадан ашуун мунайзат колдонот. Анын дээрлик 95% чет өлкөдөн келсе, анын да жыйырма пайыздайы контрабанда жолу менен келет. Мына ошол мыйзамсыз кирген мунайзаттары базар баасына таасир этип, мамлекеттин шаштысын кетирүүдө”, - дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчи орун басары Улан Кулов.

Бул контрабандалык жол менен келген жүктүн бир эле түрү. Буга окшош түндөп-күндөп, чек арадан өтүп жаткан чоң өлчөмдөгү жүктөрдүн саны эсепсиз.

“Кайсы бирин айтасың, азык-түлүктүн, буюмдардын бардык түрлөрү келет. Маселен, бадыраң, картөшкө, помидор сыяктуу жашылча-жемиштер эсепсиз өтүп атат. Бизде атайын үмүт менен курган күнөскана ээлери өз продукциясын мына ошол чет өлкөдөн келген азык-түлүккө ылайыктап сата албайт. Анын эмгеги кайда кетет анда? Кытай жана башка өлкөлөр 100 гектарлаган талааларга дыйкан чарба продукцияларын айдагандыктан, биз аларга тең келе албайбыз жана аткезчиликти токтото албасак, импортко көз каранды болуп калабыз”, - дейт күнөскана ассоциациясынын президенти Сыргак Токталиев.

Кыргызстан Евразия биримдигине мүчө болуп киргенине бир жылга жакындап баратат. Бул уюмга кирерден мурда биримдикке кирген өлкөлөр арасында эӊ негизги шарт катары бажы тоскоолдуктары аланышы керек болчу. Бир топко алынбай турган посттор нормага ылайык акыры алынып салынган. Бирок байкоочулардын айтымында, мындай учурда буюмдар менен жүктөрдү жашыруун ташуу да токтошу керек болчу.

“Демейде эл аткезчилик азаят деп үмүт кылган. Аябай башаламандык болуп кетти. Чет өлкөдөн кирип жаткан жүктөр, азык-түлүктөр жашыруун келип жаткандыктан, санитардык тастыктамасы жок, нормаларга жооп бербейт. Биз Евразия биримдигине даярдыксыз кирип алдык да”, - дейт ун мекемелери боюнча союздун өкүлү Рустам Жунушов.

Ошентип бүгүн жыйырмага чукул чогулган расмий дагы, бейрасмий дагы кызматкерлер аткезчиликке каршы күрөшүүнүн үч жолун сунуш кылышты. Эми аны тагыраак иштеп, жапа тырмак киришүү зарыл дешет.

Андан сырткары, аткезчиликке барган ишкерлерди жана ошого жол берип же колдоп жаткан бийлик өкүлдөрүн 1 млн сом айыпка жыгып же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө сунуштар болду.