Уйгурлардын жасалма кыргыз паспорттору териштирилүүдө

Стамбулдагы аэропортко 98 кишинин тобу менен түшүшү дароо эле полицияларды шектендирген. Үрүмчүдөн келген бул жарандар Түркия аркылуу Түндүк Кипрге кетүүнү көздөгөн. Полициялар аларды текшерүүгө алганда, баарынан тең окшош кыргыз паспорттор чыкканы айтылат түрк басылмаларында. Бул кабар чыгар менен социалдык тармактарды каптап, кыргызстандыктар үчүн чоң эле талаш жаратты. Ал турсун парламенттик деңгээлге жетип, депутаттар буга тезинен чара көрүүнү айтып чыкты:

«Буга чейин бир, эки жасалма паспорт кармалды деп угуп калчу элек. Эми үрөйдү учуруп, 98 кыргыз паспорту Стамбул шаарынан кармады. Бул Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлдеги аброюна шек келтирди. Учурда биздин 2 миллионго жакын жараныбыз чет жерде окуп, иштеп жүрөт. Ошонун баарына башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынан күмөн туулду да, башкача айтканда биздин паспорт кара тизмеге киргендей эле болду. Бул жерде биздин мамлекеттин аткаруу бийлигинде, мамкаттоодо бир мандем бар. Куру дегенде паспорттун үлгүсүн беришкен», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов.

Кытайлык уйгурлардын кыргыз паспортун көтөрүп жүргөнү социалдык тармактын колдонуучуларынын да бир тобунун кыжырына тийгендей. Айрымдары бул чет өлкөдө жасалган жасалма паспорттор дешсе, кээлери кыргыз мекемелерин коррупциялашкан орган катары күнөөлөөдө.

«Кыргызстан коррупцияга толугу менен батканы билинип турат. Каалаган киши паспорт алып, чет өлкөгө чыгып кетүүгө үлгүрүүдө. Мамлекеттик коопсуздук кызматы элдин коопсуздугун сактай албайт деген пикирдемин. Ошондуктан кыргыз эли өзүнүн ичинде өтө тыкан мамиле жасоосун сунуш кылам», - дейт Бишкек шаарынан Төрөкан Алимов.

Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматы чукул жыйын өткөрүп, кармалган кытайлык уйгурлардын паспортторун иликтөөгө алды. Алардын жоромолунда бул паспорттор Кыргызстанда берилген эмес:

«Дипломатиялык жолдор аркылуу түрк тарапка кат жибердик. Ал жерде кармалган уйгурлардын паспортторунун номерлерин бизге бергиле дедик. Биз өзүбүздүн базабыздан текшеришибиз керек. Мамлекеттик каттоо кызматы бул жасалма паспорттор экенин ишенимдүү айта алат. Биз жиберген катка жооп келгенде дагы тактап айтабыз», - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Мелис Эржигитов.

Буга чейин жасалма паспорт же атын, фамлмиясын өзгөртүп алган жарандарга байланыштуу бир-экин чырлар мамлекеттик каттоо кызматынын айланысында орун алып келген. Бирок мындай чоң сандагы паспорт менен колго түшкөн учур алгачкы жолу катталып жатат жана мунун аталган мекеме бизде жасалган эмес деп ишендирүүдө.