Бачабаздарга өлүм жазасын киргизүүгө 11 миң кол топтолду

Кыргызстанда бачабаздарга өлүм жазасы колдонулсун деген 11 миң кишинин колу топтолду. Бул боюнча бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы айтып, кол топтоо дагы деле болсо уланарын билдирди.

“Бизге “Мыйзам жана тартип” коомдук бирикмеси жана “Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет” кыймылы тарабынан бачабаздарды өлүм жазасына тартуу демилгесин колдогон 11 миң кишинин кайрылуусу келди. Биздин фракция бул маселени башынан бери эле колдоп келет. Бул азыркы учурда өтө актуалдуу жана оор маселе. Конституциялык өзгөртүү киргизүүгө аракет кылабыз”, - дейт “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Деген менен юристтер бул чакырыктардын ишке ашып кетиши күмөн деп билдирет. Айтымдарында, бул катаал чечимди баары эле колдой бербейт:

“Мен өлүм жазасын киргизүүгө каршымын. Бул жазалоонун эң оңой жолу. Ал аркылуу бачабаздар азаят дегендин өзү туура эмес. Андыктан, кылмышты кайра кайталабагыдай жол керек. Ал үчүн жаап жашырбай, кылмыш иштерин дароо козгоп, жазалоо ылдамдыгын тездетиш керек жана өмүр бою азабын тарткандай кылган туура”, - дейт адвокат Икрамидин Айткулов.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жыл сайын педофилия фактысы өсүүдө. Мисалга 2010-жылы 75 учур катталса, 2012-жылдын тогуз айында эле 116 бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон. Бул көрсөткүч 2015-жылы кескин өскөн, расмий маалыматтар боюнча, бул жылы балдарга карата жасалган 1300дөн ашуун кылмыш катталып, анын 190го жакыны сексуалдык мүнөздө болуп, 74 бала зордукталган. Булардын көбү он жашка толо элек секелек кыздар менен балдар.