Башкы штаб: аскер бөлүгүндөгү өлүм териштирилүүдө

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Cүрөттүн окуяга тиешеси жок

Балыкчыдагы 36-806 аскер бөлүгүндө 19-майда кечки саат сегиз жарым чамасында снаряд жарылып кеткен. Андан жаракат алган З.Т. аттуу аскер шаардык ооруканаада бир сааттан кийин каза болду.

Ал келишим боюнча кызмат өтөп жаткан. Окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу билдирген куралдуу күчтөрдүн башкы штабы кошумча комментарий териштирүү бүткөн соң берилет деди.

Маалыматка ылайык, келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер снарядды пайдаланууда абайлаган эмес.

Бул Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө биринчи жолу катталган окуя эмес. Буга чейин да пайдалануу эрежелери сакталбагандыктан , курал менен иштөө учурунда мерт кеткендер болгон.