«Элдик парламенттин» окуясы оппозициянын кадырын түшүрдүбү?

Сүрөттүн автордук укугу bbc
Image caption “Элдик парламент” кыймылы апрелде түзүлгөн эле.

Кыргызстанда өткөн аптада кармалган «Элдик парламент» деп аталаган оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн бири эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин 1-Май райондук соту чыгарган. Оппозиция ишмерлери болсо бийликти айыптап, кармалгандарды бошотуу талабын билдирип жатышат.

Айрым саясат талдоочулар «Элдик парламенттин» соңку аракеттери оппозицяны андан бетер алсыраткан кадам болду деп баа берип жатса, коомчулукта бул окуялардын андан аркы өнүгүшүнө кабатыр көз караштар бар.

Эки күн алдын белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров башында турган "Эл үнү" оппозициялык кыймылы билдирүү таратып, бийликтин аракетин сынга алды. “Камалгандардын ойлорунда бийликти кетирүүнү көздөө болгон күндө да ага карата иш аракеттерин жасашкан жок” деп айтылат билдирүүдө. “Ошондуктан аларды камакка алуу ийликтин адам укугун жана да демократияга шайкеш келген мыйзамдарды одоно бузгандыгы болуп эсептелет”,-деп белгиленген.

“Мунун баары абдан ийгиликсиз жана уюшулбаган мүнөздө болду. Ѳлкөдө социалдык-экономикалык абал абдан оор болгону менен коомчулукта каршылык маанай сезилбейт. Анткени алар ушундай лидерлерди ээрчийбизби деп, оппозицияга болгон ишенбөөчүлүк бар. Мунун баары бийликтин пайдасына иштеп жатат. Соңку көптөрдү таң калтырган “Элдик парламент” лидерлеринин аракети оппозицияны алсыратуу үчүн жасалаган атайын долбоорбу деген да ой келет. Бул конструктивдүү оппозицияны да дискредитациялады деп айтсак болот»,-дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

“Мен аларды оппозиция деп айта албайм. Анткени оппозиция деген бул көп жылдык, системалуу иш. Анан эле бир күндө чыга калып эле бийликке келе калабыз деген адамдарды мен оппозиция деп эсептебейт элем. Ал эми оппозиция биримдиги жөнүндө айтсам, кыйынчылыктар бар. Бийлик оппозиция кылбаганга аракет кылып жатат, кээ бирин камап жатат, кээсин сатып алып жатат. Ушундай учурда өлкөдө оппозициянын болушу абдан оор. Бирок бириккен, күчтүү оппозиция жок болгону менен ушундай маанайдагы саясатчылар бар”,-дейт мурдагы депутат, оппозициялык маанайдагы саясатчы Равшан Жээнбеков.

Бул окуяларга коомчулуктун пикири кандай?

“Борбор калаада жүз берген бул окуялар аймактардагы тургундарды андан бетер кабатырга салды-дейт Оштун тургуну Абдимитал Мурзакметов. –Жашырганда эмне, Бакиев учурунда кичине эле каяша, сын айтып койгон кишини маалымат каражаттары аркылуу аз жерден “эл душманына” айлантып жиберген мамиле болгон. Азыр эми ошондой ыкма кылтыйып көрүнүп келаткандай таасир калтырып жатат. Ооба, өлкөдөгү экономикалык кырдаал, дүйнөдөгү саясый окуялар бизден кыйгап өтө албайт. Ошонун баары биздин саясатка да таасир этип жатканы анык. Бирок ошого карабастан оппозиция деген мамлекеттин калкынын бир бөлүгү экенин эстен чыгарбаш керек”.

“Саясый жараяндарга катыша берип, саясатчыларды жакындан билип калган эл бул окуяларга сырттан гана баа берип турат. Опозицияны колдогон маанай жок. Бирок бул окуяларга сырттан аралашкандар барбы деген күдүк көптөрдө бар. Оппозициялык күчтөрдүн чукул билдирүү, кыйкырык менен чыкканы ушундай ойго түртөт. Ал күчтөр балким кыргыз бийлигин чочулатып, экономикалык, саясый кызыкчылыгына баш ийдирүү максаты болушу мүмкүн”,-деди Оштун тургуну Сабыр Арстанов.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаевдин, “Элдик парламент” кыймылынынын артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деген мааниде сүйлөгөн эле. Бирок серепчилер оппозицияга шыкак болгон конкреттүү бир өлкөнүн колу жок, балким үчүнчү-төртүнчү адамдар аркылуу бул окуянын кандай өнүгүшүн байкап, эгер курчуп кетсе өз пайдасына чечүүгө аракеттенген оюнчулар болушу мүкүн деп айтышууда.

Эми коомчулук бул окуянын соңу эмне менен аяктайт?,-деп күтүүдө. “Президенттик шайлоо жакындап калды, ошондуктан бул эми саясый кырдаалга байланыштуу болот. Менимче, сот иштери узакка деле созулбаса керек”,-дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

Марттын соңунда дагы оппозициянын өкүлдөрү делген аудио интеренетке тарап,оппозициялык үч ишмер камакка алынган. Мындан көп өтпөй апрелде “Элдик парламент” кыймылы түзүлгөн эле. Кыймылдын башында саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановдордун (мурдагы Жогорку Кеңеш төрагасы Марат Султанов эмес) тураары айтылган. Аталган уюм майдын экинчи аптасында жыйын куруп, ага бир топ оппозицяда жүргөн саясатчылар катышканы белгилүү. «Элдик парламент» 17-майга чейин президент Алмазбек Атамбаев отставкага кетүүсүн талап кылып, талаптары аткарылбаса митингке чыгышарын жар салган. Бирок жыйындан соң эле уюмдун үч лидери камакка алынып, аларга “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп кылмыш иши козголду. Көп өтпөй эле кыймылдын лидерлери делген кишилердин сүйлөшүүлөрү интернетке тарап, анда 17-майда бийлик алмашылаары сөз болгон. Кыймылдын бул күнгө белгиленген митинги болбой калды. Катарынан болгон бул окуялар коомчулукта бийликтин кысым катары да оппозициянын чабалдыгы катары да баа алууда.