Жусуп Мамай-салттуу жана жазма манасчы

Image caption "Айта да жаза да билип өз оюн толугу менен китепке түшүрө билгендиги - бирден бир өзгөчөлүгү. Мурдагы замандагы Кыдыраалы, ошол эле Сагымбай, Саякбайды алалы. Алар да Манастын урпактарын айтышкан. Бирок алардыкы толук кандуу элге жетпей калган болсо, Жусуп атабыз айткандарынын баарын тагыраагы сегиз урпагын жазуу жүзүндө элге жеткиргендиги деп ойлойм",-дейт Д Сыдыков

Ушул күндөрү кыргызстандын бир катар ЖОЖдорунда “Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты” аталышындагы 3-эл аралык илимий жыйын өтүп жатат.

Бир учурларда Ала-Тоолук кыргыздардын арасында Жусуп Мамайды салттуу манасчы катары эмес жазма манасчы катары гана сыпаттап келген учурлар болду. Алар анын айтканын угуп же көрбөгөндүктөрүн жүйөө келтиришкен.

Ал эми Кызыл Суулук кыргыздардын арасында ал киши манасты биз билген даркан манасчылардан ашса ашып, бирок кем калбай айткандыгын далидегендер четтен табылат.

“Кеч куруун кайсы жеринен айтып берейин деп элден сураганда, жети кандын чакырылышынан баштаңыз деп эл өтүнгөн экен. Баягы айтып атканда түн жарымынан оогондо кирген судай аябай күчөп, кызычу дейт. Чөгөлөгөн бойдон босогого андан кайра төргө чейин желип барчу дейт. Ошондо оозунун эки ууртунан чыккан көбүк шырт-шырт этип көкүрөгүнө жабылып турчу дейт. Бирок, үнү каргылданып же бүтүп калган учур болгон эмес деп эскеришет. Ошол айтымында олтурган элди таратпай кырк сааттан ашык айтыптыр. Мындан узак айткан учурлары да арбын болгондугун билгендер бар”,-деп Ак Чийлик жердеши Калеш аксакалдын эскерүүлөрүн манасчынын чөбөрөсү Тургунаалы айтып берди.

Маданий ыңкылап жылдарында, партиянын койгон талап, чен-өлчөмүнөн чыга албаган кыйын учурларда Жусуп Мамай да бир топ запкы тартканын, ал тургай өз колу менен жазган үч илтигин өзү өрттөп жоготууга аргасыз болгон окуяларын айтып келишет. Ал ошончолук көлөмдүү эмгектерин бир эмес үч ирээт жазып чыгууга мажбур болгон делет. Манасчынын кичи мекенинде анын манас айтып калуусуна кандан өткөн касиет болгондугун жаземдебей айтып келишет жана анын бир далили катары бир тууган агасы Балбайдын да кези келе калган жерде арбыта манас айткандыгын эскеришет. Айтымдарында Балбай топтогон мурасты Жусуп Мамай алып калган делет.

Image caption Залкар манасчы 2014-жылы дүйнө салып, киндик каны тамган Ат жайлоого жакын жерде түбөлүк жай тапкан.

Анын алдуу, күчтүү мезгилинде манасты оозеки айтуудан алыстап калгандыгына эмне себеп болушу мүмкүн деген суроолорго бир нече жооптор айтылып келе жатат. Бир гана партиялык идеология чек болбостон Кытайлык окумуштуу Макелек Өмүрбайдын айтышынча анын кан басымы жогору болуп, окуяны айтып кызуусуна кирген учурда мурдунун тынбай канап тургандыгынан дарыгерлер чек койгон. Жазгандары бир канча том болуп, англис, немис, орус, Кытай жана башка бир катар тилерге которулган.

“Айта да жаза да билип өз оюн толугу менен китепке түшүрө билгендиги бул кишинин бирден бир өзгөчөлүгү. Мурдагы замандагы Кыдыраалы, ошол эле Сагымбай, Саякбайды алалы. Алар да Манастын урпактарын айтышкан. Бирок алардык толук кандуу элге жетпей калган болсо, Жусуп ата болсо айткандарынын баарын, тактап айтканда сегиз урпагын жазуу жүзүндө элге жеткиргендиги деп ойлойм. Башка салтуу манасчылардай эле аян алуу, алдын ала айта билүү каситтери Жусуп Мамайда да кудайга шүгүр болгон. Эс тутуму мыкты, акылы тунук, баарлашканыңда укпаган кишидей эле элес калтырат, бирок сүйлөй келгенде сөзү да жарык экенин сезесиң. Манас эпосунун 1000 жылдыгында келген экен. Ошондогу көргөн-билгендерин ал тургай кокту-колоттордун аталышынан бери толук эстеп калыптыр”,- дейт кезинде манасчынын батасын алууга атайын барган Дөөлөт Сыдыков.

Улуу манасчыны Кытай Эл Республикасы да абдан жогору сый урматка бөлөп, кытайдын эң даражалуу адамдарынын катарына кошкондугун ар бир Кызыл Суулук кыргыз сыймыктануу менен эскерет. Залкар манасчы 2014-жылы дүйнө салып, киндик каны тамган Ат жайлоого жакын жерде түбөлүк жай тапкан. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын өмүрү, чыгармачылыгы тууралу бир катар эмгектер жарык көрүп, илимий изилдөөлөр да жүрүп жатат.