Боор ооруткан борбор же Бишкектин абалы

Image caption Деген менен шаардык мэрия эл аралык уюмдун бул тыянагына макул болгон да собол сала турган да жактары бар экендигин айтууда.

Шаарлардын жашоого ыңгайлуулугу тууралуу жыл сайын иликтөө жүргүзүп келген “Mercer” уюму бул жолку иликтөөсүндө Бишкекти жашоого кооптуу, шарты начар делген шаарлардын катарына киргизди. Мындан тышкары коңшулаш мамлекттердин да бир катар шаарлары чеке жылытпай турган тизмени толуктаган.

Уюмдун иликтөөсү боюнча эң жакшы шаарлардын тизмесинин сап башында Вена турса, эң төмөнкү көрсөткүч Африка өлкөлөрүнүн шаарларына тийген. Бишкек эң начар шаарлардын тизмесинде 21-орунду ээлеп, тизмеге анча чоң эмес айырма менен Ашхабад, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарлары да кошулган.

Image caption Уюм Бишкек тууралуу, экономикалык борбордун өзүндө да жакырчылык жана ИГИЛ согушкерлеринин кол салуусу мүмкүн экендигин жүйөө келтирген.

Уюм Бишкекте жакырчылык деңгээли чоңдугун жана ИГИЛ согушкерлеринин кол салуу коркунучу бар экендигин жүйөө келтирген.

Европа шаарларынын ичинен Париж террордук чабуулдардан улам бир канча жыл мурункуга салыштырмалуу рейтинги төмөндөгөн.

Негизги көрсөткүчтөр катары саясий жана коомдук абал, кылмыштуулук деңгээли, банк ишмердиги, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы, кыймылсыз мүлктүн ижара акысы, экология сыяктуу факторлор эске алынган.

Экология демекчи, Бишкекте күн-түн күжүлдөп иштеген завод-фабрикалар жок экендигине карабай, соңку мезгилдерде абанын булганышы белгиленген чектен ашып кетип жактандыгын адистер белгилешет. Абанын тазалагын текшерип келген мекеме да абанын булгануу деңгээлин бир нече ирет өзүнүн сайтында ырастаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Уюмдун иликтөөсү боюнча эң жакшы шаарлардын тизмесинин сап башында Вена турса эң төмөнкү көрсөткүч Африка өлкөлөрүнүн шаарларына ыйгарылган

“Абанын булганышы боюнча Бишкек шаарындагы өткөрүлгөн байкоолор боюнча беш ингридиенттен эки ингридиент өзгөрүүсүз, калганында бир аз жогоруулоо тендециясы байкалды. Бул шаардагы транспорттун көбөйүшүнө жана башка көрсөткүчтөргө да байланыштуу. Адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизе турган атайын чектүү деңгээлдеги концентрация аныкталган. Ошол чектен ашканда адамдын саламаттыгына таасир берип башташы мүмкүн, биздин көрсөткүчтөр ал чектен бир аз ашат”,-дейт айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын адиси Мээрим Асанбай кызы.

Деген менен шаардык бийлик эл аралык уюмдун бул тыянагында тактай турган да жактары бар экендигин айтууда.

“Мэриянын бюджети сегиз миллиард сом, анын 70% республикалык бюджетке түшөт, бөлүнүп-бөлүнүп отуруп 10 эле, пайызы тактап айтканда сексен миллион сом коопсуздук, тазалык, свет, жол оңдоо иштерине каралат. Ушундай каржылык таңкыстыктан улам, тилекке каршы, Бишкек кооптуу шаар болуп калып жатат. Чыгарылган жыйынтыктын туура жагы бар экени ачуу чындык. Биз азыр бул уюмга кат даярдадык. Кандай критерийлер менен канча кишиден, канча акча санадыңар деген сыяктуу суроолор бизде да жаралып жатат. Ошол суроолорго жооп береби же бербейби менин көзүм жетпейт, бирок кайрылабыз”,-дейт шаардык мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алманбетова.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Таштанды - шаардын негизги көйгөйүнүн бири

Кыргызстан туризмди колго алат деген менен туристтер турсун алдыңкы өлкөлөрдө жашап, мекенибизге куса болуп келдик деген кыргызстандыктар да аэропортко түшкөндөн тарта кемчиликтер көзгө урунаарын айтышат.

“Инфраструктуралык жактан шаар тартибиндеги шаарчага жакын келет. Балким, калкынын саны боюнча шаар деп айтканга ылайык болот. Бишкекке келгенде биринчи көзгө көрүнө турган чоң проблема - коомдук туалет жок, ушунчалык кыйналасың. Экинчиси, шаардын айрым эле көчөлөрү кечкисин жарык болот, аң-чөнөк жолдору абдан көп. Бир жерди издеп калсаныз, Бишкек шаарынын картасы эч бир жерде илинип турбайт”,-дейт чет өлкөлөргө байма-бай каттап, бир катар шаарларда жашап келген Сейтек Качкынбай.

Өмүрбек Бабанов өкмөт башына келгенде “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыраарын айтып, аракеттер башталганын билдирген. Андан бери бир нече жыл өтүп, канча өкмөт башчы алмашып, жаңы парламент ишке киргени менен долбоор аягына чыкпай, талаш-тартыштардын чаңында калды.