Кадыржан Батыров: Соттун өкүмү мыйзамсыз

Image caption Ош шаардык соту Кадыржан Батыровду 2010-жылдын май, июнь айларындагы Ош жана Жалалабаддагы кандуу окуяларды уюштурган жана козуткан деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыраткан

Жакында эле Кыргызстандагы маалымат каражаттары жазып чыккандай, Ош менен Жалалабадда 2010-жылы болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу айыпталып жүргөн Кадыржан Батыровдун үйү мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиевке сот тарабынан өткөрүлүп берген. Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылгандан улам, ушундай чечим чыкканы кабарланган. Би-Би-Синин Өзбек кызматы Кадыржан Батыров менен байланышып, бул маселе боюнча пикирин сураган.

Кадыржан Батыров: Мен үчүн күтүүсүз болду. Өткөн аптада соттун бул өкүмү теле аркылуу угузулду. Санжар Бакиев башчылык кылган топ, сот өкүмүн аткаруучулар Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу биздин бүлөгө тиешелүү үйдү Бакиевдин атына өткөрүп беришиптир. Мен муну күткөн жок элем. Себеби бул үй менин атамдан калган, аны 1998-жылы уулума мураска өткөрүп бергем. Үй менин атымда болгон эмес. Бирок кыргыз өкмөтү менен парламент бул үй Батыровдун мүлкү деп төрт жылдан бери асылып келатат.

Сот тарабынан жалпысынан 31 объектке арест коюлган. Эң аягында мамлекет бул объекттерди өзүнө алып алды. Бул тизмеде жанагы биз айтып жаткан үй жок. Буга чейин муну Мамкаттоо кызматы барып текшергенде, мен үйдү уулума өткөрүп бергеним тастыкталып, булар үйдү ала алышкан эмес. Себеби булар эки жыл өткөндөн кийин Санжар Бакиевди күтүп отурушкан экен. Мамкаттоодон эки-үч документти жулуп алып салышып, жалган кагаздарга менин атымдан кол коюшуп, айыл өкмөттөн токтом чыгарышып, бул үйдү Санжар Бакиевге мыйзамсыз өткөрүп беришиптир. Буга кылмыш ишин козгош керек болчу. Бирок Кыргызстанда Кадыровдун үйүн алгандарды баатыр деп билишет.

Кыргызстанда бүгүнкү саясат адамдардын өсүп-өнүгүүсүн, бейпил жашоосун көздөбөйт. Бардык жерде коррупция, бирөөнүн мал-мүлкүн талоонго алуу кенен жайылган.

Image caption Жакында эле Кыргызстандагы маалымат каражаттары жазып чыккандай, Кадыржан Батыровдун үйү мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиевке сот тарабынан өткөрүлүп берилди

Би-Би-Си Өзбек кызматы: Азыр эми сиздин мамлекетке өткөн мүлкүңүздү өлкө кандай максатта колдонуп жатканы сизге белгилүүбү?

Кадыржан Батыров: Албетте, маалыматтар бар. Бул эч кимге сыр эмес, биз өзүбүз тараптан эмнелердин кандай пайдаланып жатканын мониторинг жасап, көзөмөлдөп жатабыз. Мисалы, 2015-жыл 2-февралда Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп турганда бизге тиешелүү объекттер элдик өкмөт ишканаларына өткөрүлгөн. Учурда бул ишканалардагы бардык курал-шаймандарды, тетиктерди бузуп, сатып жатышат. Прокуратуранын башкы көзөмөл органы катары Кыргызстанда болуп жаткан ар бир иштен кабары бар. Бирок биздин мал-мүлк жөнүндө сөз болуп жатканда, алар өздөрү талап-тоноонун башында турушат.

Би-Би-Си Өзбек кызматы: Сиз мына Кадыржан ака, талап-тоноо деп жатасыз. Сиз өзүңүздү коргогон адамдар аркылуу мал-мүлктү сактап калууга, каршылык көрсөтүүгө аракет кылдыңызбы? Кыргызстанда мал-мүлктү коргогон мыйзамдар бар эмеспи, аны колдондуңузбу?

Кадыржан Батыров: Бар. Бирок Кыргызстанда жеке мүлктү конфискация кылып, өлкө балансына алуусуна мыйзам жок. Мал-мүлктү конфискация кылуу деген мыйзамды нормативдүү документтердин баарынан жокко чыгарышкан. Андан кийин бул мыйзам кайра оңдолуп, түзөлгөн эмес. Буга карабастан, кыргыз өкмөтү буйрук чыгарып, Мамлекеттик мүлк фондуна биздин мүлктү өткөрүп берди. Бул мыйзамга каршы иш.

Би-Би-Си Өзбек кызматы: Кадыржан ака, булардын үстүнөн, тагыраагы кыргыз өкмөтүнө карата арыздануу мүмкүнбү Кыргызстандын ичинде?

Кадыржан Батыров: Биз арыздандык. Биринчи, экинчи инстанцияларда өкмөттүн пайдасына чечим чыгарылды. Биз эми Жогорку Сотко кайрылып жатабыз. Бул жерде дагы мыйзамдуу түрдө биздин пайдабызга чечим чыгат деп үмүттөнгөн жокпуз. Себеби Кыргызстанда өзбектерге, алардын ичинде мага карата жасалган саясаттын ичинде мыйзамдуу түрдө чечим чыгаруу жок. Кандай болгон күндө да өздөрүндө калтыруу аракети көрүлүүдө жана бул учурда ачык байкалып калды.

Би-Би-Си Өзбек кызматы: Эми мына акыркы конфискация чечими 2010-жылы майда ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдерге тиешелүү үйдүн өрттөнүшү менен байланыштуу. Сиз мурда дагы бул окуяларга тиешеңиз жок экенин айткансыз. Муну билебиз. Бирок буга карабастан сиз эмне үчүн Кыргызстанга барып, өзүңүздүн ак экениңизди сотто далилдөөгө аракет кылбай жатасыз?

Кадыржан Батыров: Сурооңузга чоң рахмат. Бул эң маанилүү суроо. Азыркы болуп жаткан көйгөйлөрдүн баары ушунун айынан болуп жатат. Эң маанилүүсү Тейит айылындагы Бакиевдердин үйү кайсыл таризде күйгөнүн, аны ким күйгүзгөнүн, ким талап-тоногонун Бакиевдер аябай жакшы билишет. Акмат Бакиев түрмөдөн ооруканага чыкканда, Текебаевдин Асылбек аттуу иниси ага эки-үч жолу жолугуп, аларды Тейитке аралаштырбоосун суранган. "Батыров жазасын алды го, биз Батыров менен жаап коелу" дегенде, Акмат Бакиев макул болгон эмес. Ал "кое тур, мен макул болгонум менен менин ата-инилерим, кошуланаларым бар, силердин кантип биздин мал-мүлктү алып чыгып кетип, үйгө өрт койгонуңарды эл билет. Силер Батыровду колдонуп жатасыңар. Биз силерден талап кылып алабыз" деп айтып, арасында келишим болгон жок.

Текебаевдин шайлоо алдында Жалалабад облустук администрациясы алдында интервью бергенин карабайсызбы, ал "Тейитке өрт койгондор биз эмес, алар Баямандын туугандары. Анын туугандары Бакиевдер бийликте турганда, майданда өздөрүн өрттөшкөн, Баяманга акыйкаттык кылбаганы үчүн Бакиевдерге өчөшүп, үйүн өрттөп жиберишкен" деди. Ким өрттөгөнүн Санжар Бакиев анык билет. Эрмек деген жигит "Юг-Сити" базарынын башчысы болгон. Ал тополоң чыкканда, кыйкырып, Тейитти барып өрттөп келебиз деп балдар менен барып, өрттөшкөн. Адамдардын айтышынча, аны кийин Санжар Бакиев атып өлтүрдү го. Алар баарын жакшы билешет. Бирок азыр Бакиевдер арам менен адалды ажыратууну унутуп коюшкан. Биздин өзбектерде "жеп тойбогон ит жалап тоюптур" деген макал бар. Санжар Бакиев азыр ошол жалап тоюу аракетинде.

Ушунча мал-мүлк, байлыкты алып, бирок үйдү Санжар Бакиев түрмөдөн чыкканча күтүп отурушуптур да деп түшүнүп жатам. Муну прокуратура, УКМК, милиция билет. Бирок прокуратура көзөмөл кылып, эмне болоор экен деп эле отурат. Бирок үй документтеринде жасалма коюл коюлганы турат, аны текшеришкен жок. Сиз менден мени коргогондор барбы деп сурап жатасыз. Андайлар бар. Бирок аларды коркутушуп, ачык эле кысым көрсөтүшүүдө. Ага карабастан биз прокуратурага арыз менен кайрылдык. Эми биз ага карата иш кылабыз.

Image caption 2010-жылдын июнь айында Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңда 400дөн ашык адам набыт болуп, миңдеген турак-жайлар, имараттар кыйраган

Би-Би-Си Өзбек кызматы: Жакында Ош жана Жалалабад окуяларына алты жыл толот. Президент Алмазбек Атамбаев бул жөнүндө сөз болгондо, окуялардын артында башка өлкөнүн генералдары болгону жөнүндө ачыкталбаса дагы жаңы нерсени айтып өттү. Алты жыл өтсө дагы кыргыз өкмөтүнүн кандуу окуяларга берген баасы өзгөргөн жок. Кадыржан ака, сизди кыргыз бийлиги кандуу окуяларды уюштургандардын бири деп келет. Эмне үчүн Кыргызстандын укуктук баа бергени дагы деле өзгөргөн жок?

Кадыржан Батыров: Себеби бул окуяларды уюштургандар жана ага себеп болгондор учурда бийликте отурушат. Алар эч качан бул ишти жасадык дешпейт. Алмаз Атамбаев Орусиянын генералдары бар эле деген сөздү мурдатан билчү. Эмнеге ал мурда билгенди азыр айтып жатат. Бул киши өзүнө керектүү маалда ушуну жасап жатат. Бул кыргыз элинин пайдасына эмес, же өзбектердин таламын талашып айткан сөзү эмес, бул өзүнүн саясий гана оюну. Ал киши баарын билет. Азыр Атамбаевдин "мышыгын эч ким пшш" дебесе, кылмышкерлер эркин ойноп-күлүп, иштерин жасап жүрө беришет. Сиз билесиз да, бул нерсеге катышкан канчалаган группалар бар. Алар эркин эле жүрүшөт. Атамбаевге каршы бир сөз айтышса, казынасында турган материалдарды казып чыгып, аларга карата чара көрүүдө. Президент өзүнүн оюндарын гана ойноп жатат. Ал калктын тагдыры жөнүндө олуттуу ойлонбойт. Биздин өзбектерди булар кыргыз элине душман кылып көрсөтүп койду. Эки элдин жакын болушун атүгүл оюна да алган жок.

Бир өзбектин жарандык алганы дагы формалдуу көрүнүш. Биз демократияны орнотуудабыз деген масканы кийип алышкан. Чынында бул нерселерди Европа өлкөлөрү акырындык менен түшүнүп келүүдө. Мисалы, Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бийликке кайрылды. Бирок аны бийлик аткарган жок. УКМКнын мурдагы төрагасы, учурда президенттин кеңешчиси "биз конституцияны өзгөртүшүбүз керек, бул комитеттин ар бир чечимин аткара берсек, эртең жикчилдер да жетип келет" деп ачык эле айтты. Европа өлкөлөрү Кыргызстанда демократия деп айтылганы менен, кылмыштуу топтор бийлеп, алар кыргыз карапайым элим деп, бирок элди талап-тоноп жатканын билишет.

Мен бүгүн Швецияда бир нече кыргызды көрдүм. Алар "Кадыржан байке, Кыргызстанда жашай албай калдык, үй-бүлө бага албай калдык" деп, коррупция, мыйзамсыз иштер жөнүндө айтышууда. Бул жакын арада оңолбойт деп өлкөдөн чыгып кеткенин айтып жатышат.