Ош шаары селден жабыркады

Image caption Ош, эски сүрөт

Дүйшөмбү күнү жааган катуу жаандан улам Ош шаарынын айрым райондорунда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү суу каптап, жер аянттарын суу басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ленин көчөсүндө театрдын жанында эки турак жайдын ичин, Калинин көчөсүндө бир үйдү суу каптаган. Курманжан-Датка жана Гагарин көчөлөрүндөгү үйлөрдүн жер төлөсүнө суу кирген.

Сел ошондой эле мамлекеттик мекеме -уюмдарга да зыян алып келди. Ленин көчөсүндөгү Ош шаардык сотунун имаратынын жер төлөөсүн толугу менен суу каптаган.

Араван кичи районунда гүл сатуучу жайда сел жүрүп, жолдун эки жагына cуу өтүүчү түтүкчөлөргө акыр-чикир толуп калгандыктан, суу ашып үстүнөн аккан. ӨКМнин Ош шаарык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан акыр-чикир толгон түтүкчө тазаланганда, суу өз нугуна түштү.

Шаардын бийлиги бүгүн чукул жыйын өткөрүп, селдин кесепетин жоюу жана андан жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселелерин карады.