Ош шаарынын мэри шайланды

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы шаар мэрлигине талапкер катары көрсөткөн учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев 41 добуш менен кайра шайланды. Шаардык кеңештеги «Ѳнүгүү» фракциясы көрсөткөн дагы бир талапкер Алишер Мойдунов 4 добуш алды.

Айтмамат Кадырбаев шаарды өнүктүрүүгө, социалдык көйгөлөрдү чечүүгө багытталган иш-пландарын айтып, төрт жылдык мөөнөт ичинде бир топ иштерди аткаруу убадасын берди:

«Үч айдын ичинде жаңы программа иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна сунушталат. Мурдагы пландалып, аягына чыкпай калган иштер ошол программага киргизилет. Бүгүнкү күндө шаардагы ички жолдорду оңдоо, унаалардын көптүгүнөн жаралган тыгындарды чечүү үчүн чоң айлампа жол курууну пландап жатабыз. Шаарда бейрасмий маалыматтарга таянсак 500 миңдей калк жашайт. Учурда турак-жай маселеси да курч. Жер алыш үчүн 24 миң адам кезекте турат, батир алыш үчүн 4503 адам кезекте турат. Биринчи биз ушул маселелерди чечебиз».

Ал өзүнүн соттолгондугу туралуу маалыматтарды четке кагып, соттон акталганын айтты. Буга чейин коомчулукта Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы май айында Ош облустук бийлик имаратын басып алууга аракет кылган деп соттолгону туралуу айтылып жаткан.

«Бул маселе эки жарым жыл мурда да козголгон. Албетте, соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштебеши керек. 2010-жылы мага кылмыш иши козголгон, мен толугу менен облусттук сотто дагы Жогорку сотто дагы акталгамын. Ошондуктан бул маселе мага тийиштүү эмес»,-деди Айтмамат Кадырбаев.

Калаа башчысын 45 мандаттуу Ош шаардык кеңеши шайлады. Эки жыл мурунку шайлоодо учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев 25 депутатын колдоосу менен мэрлик кызматка келген. Ошол учурда шаардык кеңештеги 45 мандаттын 21 мандатына мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги»” партиясы ээ болуп турганына карабастан экс-мэр 19 добуш алган. Бир бюллетень жараксыз болуп чыккан. Бул шайлоодо бийлик тарабынан кысым болду деген пикирлер айтылып жүрдү. Шайлоо Мелис Мырзакматовду колдоп келген миңдеген кишилердин митинги алдында өткөн эле.

Бул жолу мэр шайлоонун алдында альтернативасыз шайлоо болобу деген сын-пикирлер күчөгөн эле. Кийин шаардык кеңештеги «Ѳнүгүү» фракциясы өз талапкерин сунуштады. Аталган фракция төрт мандатка ээ. Шайлоо жыйынтыгында да алардын талапкери 4 гана добуш алды.Оппозициялык азчылыкты түзгөн «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт» фракциялары өз катарындагы «Ѳнүгүү» фракциясынын талапкерин колдогон жок.