Х. Исмайлов: Кыргыз кызматы бир нече ирет эң мыкты команда катары таанылган

Image caption Би-Би-Синин Борбор Азия аймагы боюнча редактору Хамид Исмайлов

Би-Би-Синин Борбор Азия аймагы боюнча редактору Хамид Исмайлов Кыргыз кызматынын платформаларын жаңылап, өзгөчө аялдар жана жаштарга арналган берүүлөрдү өнүктүрөбүз деп билдирди.

Менимче, биздин көрүүчү жана угарманга бүгүнкү күнү Би-Би-Си кантип иштеп, кайсы багытта баратканы кызык болсо керек. Би-Би-Си Дүйнөлүк тил кызматтарынын саны жакында жыйырма сегизден дагы он бирге көбөйөт.

Жаңы тил кызматтарына Түндүк Корея кызматы да кошулганы турат. Мындан сырткары Гуджарати сыяктуу бир нече тил кызматтары Индияда иштей баштайт. Ошондой эле Африка аймагы үчүн Сомали, Эфиопия, Эритрея кызматтарынын берүүлөрү кеңейтилет.

Муну менен бирге эле санарип жана социалдык сайттарга зор көңүл бурулууда.

Бул багытта Дүйнөлүк кызматтын иши күчөтүлөт. 2020-жылга чейин тил кызматтары жалпы аудиториясын жарым миллиардга жеткирүү максатын койгон. Учурда ал 380 миллионго жакын. Демек, жаңы тил кызматтарынын жана жаңы технологиянын кириши менен жогоруда коюлган максат ишке ашат деп үмүттөнөбүз.

Image caption Хамид Исмайлов: Кыргыз командасын кесиптештер арасында "өзөктүк" - "ядролук" кызмат деп тамашалайбыз

Борбордук Азия анын ичинде Кыргыз кызматы тууралуу айта турган болсок, Кыргыз командасы Би-Би-Сидеги эң натыйжалуу командалардын бири экени жакшы маалым. Ал бир нече ирет эң мыкты команда катары да таанылган. Кесиптештер арасында "өзөктүк" - "ядролук" кызмат деп тамашалайбыз.

Учурда 3 миллион теле көрүүчү жана жарым миллион радио угуучусу бар. Бул платформа дагы жаңыланып, өзгөчө аялдар жана жаштарга арналган берүүлөрдү өнүктүрөбүз. Кийинки кадам - интернет жана социалдык тармактар.

Биз Ютюбда да абдан жигердүүбүз, бирок, тармактагы ишмердүүлүгүбүздү дагы чыңдап, Кыргызстандан четте жүргөн диаспораларды маалымат менен камсыздайбыз. 20 жыл - бул күч кубат толуп турган чак. Демек, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын канаты дагы кенен жайыла берет.