Ош: июнь каргашасынын алты жылдыгы эскерилди

Ош шаарында мындан алты жыл мурунку коогалаңдын курмандыктары эскерилүүдө. Жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары июнь окуяларына арналып тургузулуган “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында каргашадан каза тапкандарга багыштап куран окуду.

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев июнь каргашасынын алты жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

“Ал күндөрү 442 мекендешибизден айрылганбыз. Андан бери алты жыл өтсө да, биз азыркыга чейин курман болгондор менен дайынсыз кеткендерди жоктоп келатабыз. Ал каргашада миңдеген адамдарыбыз жаракат алып, майып болуп калышты. Өлкө түштүгүндө соӊку жарым кылымда бул үчүнчү ири этнос аралык жаӊжал болду. 60-жылдардагы адам курмандыгына алып келген кагылыш бийликтерге да, коомго да сабак болгон эмес. Ошондуктан 30 жылдан кийин – 1990-жылы Ошто кандуу кагылыш кайра кайталанды. Бирок бул жолу да системалуу өзгөрүүлөрдү жасоо ордуна батырак унутууга шашышты. Ошондуктан ажырым улам тереңдей берди, өзгөчө мектептер менен жогорку окуу жайларды окутуу тилине карап бөлүү бул көрүнүштү тездетти. Маалымат мейкиндиги да бирдиктүү болбой, ар тараптын тили боюнча бөлүнүүсү күчөгөн. «Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкерелейт» дегендей, 20 жылдан кийин – 2010-жылы июнда этнос аралык араздашуулар очогу кайра жалындады. Анткени, өчүрүлбөй калган чокту тутандыруу оӊой экенин эске алышкан эмес. Анын үстүнө акча менен бийлик дегенде баарына даяр сепаратисттер менен улутчулдар араң эле турушкан. Андайлар эл көзүнө баатыр болуп көрүнгүсү келишет, чынында алар өз элинин душмандарынын тилине кирип, боордошторун өлүмгө түртүшкөн. Апрель революциясынан кийин эркин, көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстанга жамандык санаган карасанатай күчтөр мына ушундан пайдаланышты”,-деп айтылат кайрылууда.

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Ал өлкө түштүгүндөгү башка аймактарга да тараган эле. Бул окуялар боюнча бир катар тергөө жана сот иштери болду. Башкы прокуратура он миңден ашык кылмышты каттаган, кийин аларды үч жарым миңден ашуун ишке бириктирген. Анын ичинде көп кылмыштардын бети ачыла электиги коомчулуктун нааразылыгын жаратып келүүдө. Ондогон адамдарга издөө жарыяланган, ондогон айыпкерлер качып жүргөндүктөн, кылмыш иштери токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдөгө алынган. Бир тобу эл аралык издөөдө. Соңку учурларда аймакта улут аралык мамилени жакшыртуу үчүн түрдүү мамлекеттик долбоор, иш-чаралар жүрүп келатат. Президент бүгүнкү кайрылуусунда алдыда дагы аткарыла турган иштер көп деп белгиледи:

“Этностук тегине карабастан, көптөгөн мекендештерибиз өздөрүн кыргыз жараны катары сезе баштаганы биз туура жолдо баратканыбызды көрсөтөт. Кыргызстан түштүгүндө өзбек мекендештирибиздин мамлекеттик тилде улам көбүрөк сүйлөй баштаганын эл биримдигине карай жолдогу зор жетишкендигибиз катары баалайбыз. Ондогон жылдардан кийин биринчи жолу Ошто кыргыз тили басымдуулук кыла баштады, өзбек жарандарыбыз кысынбай кыргызча сүйлөп жатат. Мына ушунун өзү эле этностор арасындагы маанайды жакшыртып отурат! Капсалаңдан алты жыл өткөндөн кийин артка сереп салып, көп иш жасалды деп айта алабыз. Бирок ушунун баары өзүнөн өзү эле болуп калды деген жаңылыш ой. Тынчтык менен ынтымакка мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, көп сандаган ак ниет жана абийирдүү жарандарыбыздын күн сайын тынымсыз эмгеги аркылуу жетиштик. Алдыбызда дагы оор милдеттер турат. Эң биринчи, албетте, тынчтыкты чыңдоо. Президент менен Өкмөт өз милдетин аткарууда. Бирок өлкөдө тынчтык менен бакубатчылык ар бир көчөдөн, айыл менен шаардан башталат! Ар бир жаран, ар бир айылдын башчысы буга жоопкер”.

Өткөн жылы июнь окуяларынын эскерүү иш чарасына БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун катышкан эле. Ал Ошко жасаган иш сапары учурунда кандуу июнь окуяларынын кесепеттерин жоюу иштеринин жыйынтыгы менен таанышып кеткен.

“2010-жылдагы июнь окуясынын түпкүлүктүү себептерин аныктоо жана чыныгы акыйкаттыка жетүү аракети максатына жетпей жатканы мени тынчсыздандырбай койбойт”,-деген эле Оштогу сапары учурунда Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы. Бул окуяларынын кеспеттерин жоюу боюнча кыргыз өкмөтүн төрт маанилүү кадамга барууга чакырган.

“Улутуна башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан коогалаңда жабыр тарткан адамдардын укуктарын түптөө, аларга каршы жасалган кылмыштарды бейтарап иликтөө зарыл-деген БУУнун баш катычысы.-Коогалаң учурунда оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуу керек. Кыйноо жана башка сот жараяндарын бузуу менен кабыл алынган сот чечимдерин кайра карап чыгуу, улуттар аралык мамилени чыңдоону мындан ары да күчөтүү”. Ошол эле учурда Пан Ги Мун 2010-жылдагы июнь окуяларынын кесепеттерин жоюудагы аракети үчүн кыргыз өкмөтүнүн ишин жогору баалаган.