Президент Кыргызстан светтик өлкө экенин эскертти

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстанда эркин дин тутууга чектөө жок, жума намазга барууга тоскоолдук кылуу боюнча бир дагы арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу президент бүгүн парламент депутаты Жанар Акаев, муфтий Максатбек Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, блогер Алия Суранова жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаилов менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууга барган өкүлдөр жума намазын окуу үчүн түшкү тыныгууну узартуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесинин айланасындагы талкууларга карата өз тынчсызданууларын билдирди. Ошондой эле алар мындай демилге коомдо бөлүп-жарууга, карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн деп белгиледи.

Президент өз кезегинде Кыргызстанда эркин дин тутууга чектөө жоктугун, жума намазга барууга тоскоолдук кылуу боюнча бир дагы арыз түшпөгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал бардык нерсе чеги менен болуш керектигин, диндеги аша чабуулардын арты эмне менен бүтөрүн айрым араб өлкөлөрүнүн тагдыры көрсөткөнүн эске салды.

Айрыкча орозо айында бул маселенин талкууланышына, анынын тегерегиндеги диний сабырсыздыкка жол берилбеш керек экенин президент кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги «Ѳнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов сунуштаган жума намазы үчүн түшкү эс алууну эки саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкуулар эми парламенттен сыртка чыгып коомчулуктагы кызуу талаштын бутасына айланган.

Мурдагы муфтий Чубак Жалилов жарыялаган видеонун айланысында көп талаш-тартыш болду. Видеодогу кайрылуу үчүн кечээ ал УКМКга чакырылып, эскертүү алганын коопсуздук комитети билдирди.