Атамбаев Кумтөр келишимин кайра териштирүүнү тапшырды

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча 2003, 2004, 2009-жылдары түзүлгөн келишимди тергөөнү жандантууну Башкы прокуратурага тапшырды.

Президенттик аппараттын расмий маалыматына ылайык, бул тергөөдө пайда болгон жаңы жагдайларга байланыштуу.

Президент мындай тапшырманы14-июнда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганда берди.

Президенттик аппараттын маалымдашынча, 2003-2004 жана 2009-жылдардагы келишимдерде Кыргызстандын үлүшү аныкталган жана эл арасында анда Кыргызстандын кызыкчылыгы аткарылбай калган деген пикир бар. Аппарат ошондой эле келишимдер кайра иликтенсе, башкача көрүнүш чыгаарын иликтөө жыйынтыктала электе билдирди.

Мурдагы юстиция министри, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов келишимдерди текшерген кылмыш иши мөөнөтү өтүп кыскарып кеткенин эске салды.

Сүрөттүн автордук укугу none

“Бул кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартылып, токтоп турган. Анткени далилдер жок делген. Азыр Хаменюктун айтканы далил болуп жатпайбы. Ошондуктан ал иштерди кайра көтөргөнгө толук негиз бар. Кумтөр тууралуу түшүнүгү бардын баары эле 2003-2004-жылдагы келишимдер “кылымдын көз боёмоочулугу” болгон, ошо кездеги президенттердин үй-бүлөсү кийлигишкен деп айтып келе жатышат. Акча берип турчубуз деп Хаменюк өзү айтып жатат”, - деди Шыкмаматов.

13-июнда коопсуздук комитети "Камеко", "Кумтор оперейтинг", "Кумтор голд" компанияларын мурда башкарып келген АКШ менен Канада жараны Леонардо Хоменюктун арызын жарыялады. Анда ал Акаев учурунда “Кыргызалтын” мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдор аркылуу акча талап кылып турганын айткан.

Хаменюктун өзүнө Кыргызстан 2014-жылы издөө жарыялаган.

Image caption Дастан Сарыгулов

Минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы дирекору Ишенбай Чунуев ал учурдагы келишимдер мыйзамсыз түзүлгөнүнө шек бар экенин айтып, ал үчүн эң негизгиси алтын запасы өзгөртүлүп көрсөтүлгөн деп эсептейт.

“2003-жылы долбоордон “Камеко” чыгабыз деп, “Центерра Голд” пайда болгондо реструктуризация жасалган. Ошондо канча каражат келген, канчасы иштетилип жатат деп инвентаризация жүргөн. Үлүштү аныкташ үчүн алтын запасы эсептелген. Мен ошондо “Кыргызалтын” алтындын запасын азайтып айткан деп ойлойм. Анткени кийин саналуу жылдардан кийин эле кайра көп айтылып калды”, - деди Чунуев.

Алмамбет Шыкмаматов Хаменюктун көрсөтмөлөрү менен келишимдерди териштирүүгө юридикалык жактан жол ачылды, аны аягына чыгарыш керек дейт.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Алмамбет Шыкмаматов

“Центерра 2009-жылдагы келишим менен иштей берели деп жатат. Ал дагы мыйзам бузуу жолу менен түзүлгөн келишим болуп жатса, ал менен биз кантип иштейбиз? Юридикалык жактан териштирүү эми оңой болбойт. Бирок ага карабай, аягына чыгарышыбыз керек”, - деген оюн ортого салды мурдагы юстиция министри Шыкмаматов.

Анткен менен айрым эскперттер маалымат каражаттарында бул иштин аягына чыгаарынан күмөн санаган оюн билдирүүдө. Алар маселени керек учурда гана кайсы бир тарап кызыкчылыгына пайдаланып көнүп калганын айтып келишет.

Хаменюктун билдирүүсүнөн кийин “Кыргызалтындын” Акаев учурундагы жетекчиси Дастан Сарыгулов камакка алынды. Сарыгулов ошондой эле азыркы бийликти басып алууга аракет жасаган деп, жаздан бери үй камагында отурган болчу. (AK)