Президентке каршы доо арыз сотто каралууда

Бишкекте Биринчи май райондук соту жарандык активист лидерлер Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулованын президентке каршы берген доо арызын кароону улантууда.

Укук коргоочу активисттер президент Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз жаманатты кылды деп ар бири эки млн сом моралдык компенсация жана анын кечирим сурашын талап кылышууда.

Мурдакы сот жыйынында укук коргоочулар президент Атамбаевдин өзүн сотко чакырууну талап кылышты. Бирок сот президенттин өкүлү сотко катышып жатканын негиз кылып, өтүнүчтү орундаткан эмес.

Президентти сотко берген эки укук коргоочунун бири, “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Би-Би-Сиге доонун көлөмүн он миллион сомго чейин көтөрүүнү ойлонуп жатканын айткан болчу:

"Себеби мен өзүм эле эмес, үй-бүлөм дагы жапа чекти. Кызым Орусияга чыгып кеткенге мажбур болду. Президенттин сөзүнөн кийин басып тура албай калышты. Бизди жаманатты эле кылбай, ден соолугубузду, өмүрүбүздү коркунучка коюп койду".

Президент Атамбаев энелердин күнүнө байланыштуу сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова менен “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованы оппозициялык күчтөр уюштурган жыйында жүргөнү үчүн сындап кеткен болчу.

Укук коргоочулар өлкө башчысынын сөзүнө капа болуп, жөн жеринен жаманатты кылып жатканы үчүн президенттин кечирим сурашын талап кылып, кийинки эле күнү парламент имаратынын алдына каршылык акциясына чыгышкан.