Бишкек: жарнак такталары азаябы?

Жарнамалык такталардын ээлери жана жеке ишкерлер
Image caption Жарнамалык такталардын ээлери жана жеке ишкерлер

Бишкекте бир катар рекламалык компаниялар жана жеке ишкерлер мэриянын борбордук көчөлөрдөгү жарнама такталарын алып салуу демилгесине каршы чыгышууда. Алар Бишкек шаарынын бийлигинин бул аракетин ишкерлерге бут тосуп жатат деп эсептейт. Бишкектеги негизги көчөлөрүнөн жарнамалык такталарды алып салуу демилгеси буга чейин да бир нече ирет айтылып, ал турсун Текебаев баштаган “Ата Мекен” фракциясы мыйзам долбоорун даярдап жатканы бар.

Ишкерлер союзунун аткаруучу директору Урмат Сатаров көчө бойлой асылган жарнамалык такталарды алып салууга караманча каршы экенин айтууда. Анткени алар жок болсо бир жагынан шаар кооздугу бузулат, экинчиден бул сунуштун өзү экономикалык принциптерге каршы келет деп эсептейт:

“Бизге бир нече күн мурда шаар мэриясынан эскертүү келип түшкөн. Ага ылайык, шаардагы негизги көчөлөрдө жайгашкан жарнамалык такталар алынып салынышы керек экен. Менимче, бул демилгенин эч кимге пайдасы жок. Рекламалык компаниялар, жеке ишкерлер жергиликтүү бюджетке жылына 38 миллион сом акча төлөп турат. Эгер айтылган такталар алынып салынса беш жүздөн ашуун киши жумушсуз калып, шаар бюджети да бөксөрөт”.

Жергиликтүү ишкерлер арасында каршылык жараткан долбоорду шаардык мэрия жарнамалар элге кооптуулук жаратууда деген негизде иштеп чыгып, ишкерлерге 5 күн аралыгында Чүй, Манас проспектилери жана Ахунбаев, Абдрахманов көчөлөрүндөгү жарнамалык такталарды алып салууга буюрган.

“Бул иштердин баары тең былтыр башталган. Эсиңиздерде болсо катуу шамалдан чоң жарнактар түшүп, бир нече унааларды басып калган. Биз булардын алдын-алчу, күрөшүүчү жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Негизи жарандар шаардын борбор жагына көңүл бурушу керек. Борбор жалаң жарнактардан турбашы шарт”, - деди Бишкек мэриясынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гуля Алманбетова.

Буга чейин көчөдөгү рекламалык такталарды алып салуу демилгеси бир нече ирет көтөрүлгөн. Мурдагы чакырылыштын депутаттары “Реклама тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизишине аз калган. Депутаттар үчүн бул маселе дале болсо актуалдуу. Маселен, депутат Өмүрбек Текебаев мындан бир нече ай мурда берген маегинде жарнамалар тууралуу мыйзам долбоору даярдап жатканын айткан:

“Шаардын борбор тарабында чоң жана орто жарнама такталарын алып салуу мыйзамын чыгарабыз. Реклама гезиттерге, сайтка, интернетке чыгышы керек. Мен Копенгагенге жакында барып келдим. Ал жактын көчөлөрүндө бир да шит жок. Мындай мыйзамды биз да сентябрларга жакын кабыл алабыз”.

Башка чоң шаарлар сыяктуу эле Бишкектин да чоң көчөлөрүндө жайнаган рекламалык такталар турат. Көпчүлүк шаардыктар алардын зыянынан пайдасы көбүрөөк деп эсептешет: бир жагынан маалымат берсе, экинчи жакшы жагы түнкүсүн шаарга көрк берип турат дешет. Ошол эле учурда “рекламалык такталардын такыр кереги жок” дегендери да бар.

Бишкек мэриясы борбордук бөлүктөн жарнама такталарын алып салуу аракетин көрүп жаткан чакта, Ош шаарынын мэриясы соңку кездери көчөдөгү көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде туура жазылышына көзөмөлдү күчөтүп келет. Алардын шарты боюнча, мэриянын жана шаардык прокуратуранын кызматкерлери жарнактарды текшерип, эреже бузгандарга тийиштүү чара көрөт.