Махабат Садырбек: Британиянын чечими Европаны нес кылды

Сүрөттүн автордук укугу pa

Европа биримдигине кирген өлкөлөр Британиядагы референдумдун жыйынтыгынан кийин нес болуп турат. Уюмдун негизги кыймылдаткыч күчү саналган Германияда бул жаңылык кандай кабыл алынды? Бул суроо менен Германияда жашап жаткан эл аралык саясат таануучу, Берлинде "мусулман маданияты жана коому" илимий борборунун изилдөөчүсү кыргызстандык Махабат Садырбекке кайрылдык.

М. Садырбек: Албетте, бул көп кишини таң калтырып жатат. Анткени элдин көбү “Британия референдум өткөрүп жатат, бирок барибир Европа биримдигинин курамында кала берсе керек” деп ойлоп жаткан. Бирок азыр көп кишилер нес болуп калды, анын катарында саясатчылар дагы болсо керек. Британия абдан чоң жана экономикалык жактан күчтүү өлкө, атомдук куралы дагы бар болгондуктан ЕБге күч берип турчу. Башкача айтканда, Германия менен Францияга катарлаш Британия дагы бул уюмдун негизги өлкөлөрүнүн бири. Анын биримдиктен чыгышы көп кесепеттерди алып келет деген ойдобуз. Бирок бул референдум эле, мындан аркысын дагы көрөбүз деп азырынча маанай тынч, деген менен кабатырлануулар бар.

Би-Би-Си: Байкоочулар Британиянын ЕБден чыгуу чечимин Берлин дубалы кулагандан берки Европадагы чоң зилзала деп мүнөздөп жиберишти. Бул чечим уюмга кирген башка өлкөлөрдүн да бул сыяктуу референдум өткөрүшүнө жол ачат деп жатышат. Мисалы, улуттук фронттун лидери Марин Ле Пен референдумдун жыйынтыгын эркиндиктин жеңиши деп атады. Референдумдун жыйынтыгы ЕБде, дегиле бүткүл Европада кандай өзгөрүүлөргө жол ачышы мүмкүн? Кандай кесепеттер болушу мүмкүн?

М. Садырбек: Европа биримдигинин саясатын алсыздандырышы мүмкүн деп айтышат. Анткени бул биримдикке буга чейин кошулуу гана контракттары, кадамдары бар болчу. Бирок буга чейин чыгып кетүүгө кам көрүлгөн эмес. ЕБнын тарыхында дагы биринчи болуп жаткан нерсе. Көп киши бул биримдикти күчтүү, гумандуу, сивилдүү деп ишенет. Бул жерде Европанын имиджине шек келеши мүмкүн деп айтылып жатат. Албетте, Италия, Франция жана Германияда популисттик, улутчулдук маанайда ар кандай партиялар бар. Алар бул референдумду курал кылып алып, тескери маанайды жаратып, элдерди добуш берүүгө чакырышы мүмкүн. Стабилдүүлүккө бир аз коркунуч жаралышы мүмкүн. Бирок бул референдумда Британия элинин 51% ЕБден чыгабыз деп добуш беришти. Бул көп нерсени бат эле өзгөртө койбойт. Анткени Британия отуздан ашык макулдашуу менен ЕБде бекитилген. Бул макулдашуунун баарын, Лиссабон макулдашуусун иштеп чыгууга эки жылдай кетет. Көптөгөн контрактарды азыр эле бүтүрө калышпайт. Экономикалык жактан аябай деле залалы тийбейт. Анткени Британия еврону кабыл алган эмес, евро стабилдүү бойдон калышы мүмкүн. Бирок кээ бир макулдашуулардан чыгып алса, өздөрүнө зыян болуп калышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Европа биримдигинен Британиянын чыгуу чечиминин фонунда улутчулдук, бөлүнүү маселесинин көтөрүлүшү болот деп белгилеп кеттиңиз. Байкоочулар да муну белгилеп жатат. Эми ЕБдин калган 27 өлкөсү биримдикти кантип сактап калышы керек?

М. Садырбек: ЕБдин ичинде болгон көп өлкө үчүн пайдасы бар. Пайдалуу жактарын күчтөп, жакшы саясаттарды чыгарып, сактап калса керек. Эмне үчүн өлкөлөр ЕБге киргиси келет? Ортодо чек аралар жок, адамдар ар кайсы жактан жумуш тапса болот. ЕБге киргиси келген аябай көп өлкө бар: Украина, Балкан өлкөлөрү талапкер болуп турат. Бул жерде эки нерсе бар. Британия өзү экономикасы күчтүү өлкө, мурдагы колониялары, шериктештери бар. ЕБ ага бир аз терс таасир берди, саясатын, көз карандысыздыгын чектеди десе болот. Анан ар кандай стандарттар бар эмеспи, банан мындай, бадыраңдын формасы мындай болуш керек деген сыяктуу. Булардын баары Британиянын жинине тийип салды окшойт. Андан дагы экономикасы алсыз өлкөлөрдү кабыл алганда, булар артынан жөлөп турушат да. Мисалы, улам жардам жиберип, Грециянын экономикасын кармап жатпайбы, ошонун баары ЕБнын казынасынан кетет да. Ал жакка чоң акча төлөгөндөр экономикасы күчтүү өлкөлөр: Франция, Англия, Германия. Анан Британияга зыяны көбүрөөк болду деп ойлойм. Ошон үчүн чыккылары келип жатат. Кээ бир нерселерден баштарын бошотуп алып, Швецариянын статусу сыяктуу статуска киргилери келип жатат деп ойлойм. Өздөрүнө пайдалуу саясатын, макулдашууларын кармай беришет, бирок статус алгалары келип жатат. Эмне үчүн ЕБга көп өлкө киргиси келет? Анткени алар экономикалык жактан алсыз өлкөлөр, бул уюмга кирүү экономикалык, социалдык жактан көп жакшы нерселерди алып келет. Бул саясаттар улана берсе ЕБ алсызданбайт деп эсептейм.