Акыйкатчы: Бачабаздарга жазаны күчтөнтүү керек

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Сүрөттүн автордук укугу Web
Image caption Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу сунушун билдирди. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, былтыр жыл ичинде балдарга көрсөтүлгөн зомбулукка байланыштуу 1018 учур катталган.

“Балдар үй-бүлөдө, көчөдө же балдар үйүндө болсун, бардык жерде тийиштүү деңгээлде коргоого алынбай жатат жана бул учурдун жүрөк өйүгөн маселеси бойдон калууда. Алыс кетпей өткөн аптадагы Сузактын имамы 10 жашар баланы көп убакыттан бери зордуктап келгенин мисал кылса болот. Милициянын маалыматына ылайык, 58 жаштагы имам өспүрүм балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн”, - дейт акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Бул соңку окуяга чейин дагы бир катар үрөй учурган фактылар катталган. Эң коркунучтуусу педофилдер жүрүм-турум менен катардагы адамдардан айырмаланбагандыктан, көп учурда байкалышпайт. Акыйкатчынын баяндамасында балдарды уруп-сабоо, басмырлоо фактыларын аныктоо да абдан кыйын, андыктан буларга чараны катаалдаштыруу керек экени айтылды:

“Мен акыйкатчы катары ЖК депутаттарын педофилдерге каршы жазаны күчтөнтүүгө чакырат элем. Кылмыш кодексинин 131, 132 жана 133-беренелерине тез арада өзгөртүү киргизиш керек. Ал жерде өспүрүмдөргө зомбулук кылган кылмышкерди болгону эки жылдан беш жылга чейин гана эркинен ажыратуу каралган. Бул жазаны күчөтүп, мүмкүн болсо өмүр бою эркинен ажыратууга чейин алып барыш керек деп эсептейм”.

Педофилдерге каршы жазаларды оорлоштуруу маселелеси дээрлик бир жылдан бери айтылып келатат. Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук кылган кишилерди химиялык жол менен кастрациялоо да сунушталып, бирок мыйзам долбоору өтпөй калган. Балдарга карата зомбулук күн сайын өсүп жаткан чакта, эмне үчүн бачабаздарга карата жазаны катаалдаштыруу чечими болбой жатат?

“Жыйынтык чыкпай жатканынын себеби, химиялык кастрация жолу бир топ чыгымды талап кылат экен. Андан сырткары, мындай жол менен жазаланган педофил башка жолдорго да барышы толук мүмкүн деген кооптонуудан улам өтпөй калды”,- дейт ЖК депутаты Мирлан Бакиров.

Буга чейин бачабаздарды өлүм жазасына тартуу демилгеси менен бир катар активисттер чыгып, кол топтоо аракетин көргөн. Натыйжада өлүм жазасын колдогон 11 миң кишинин колу депутаттарга жеткирилип, кызуу талкууга алынган эле.

“Кол топтолду, дагы деле топтоло берет. Бирок аны ишке ашырыш үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Ал эми жөн эле жазаны катаалдаштыруу маселесин акыйкатчы өкмөткө, парламентке айтса мыйзамга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар”, - деп кошумчалайт Бакиров.

Адистердин айтымында, жаш балдарды зордуктоо фактыларынын айрымдары гана коомчулукка ачыкталат. Көп фактылар жабык бойдон калып, мындай балдардан кайра психикасы бузулган инсандар өсүп чыгышы мүмкүн.

Жабыр тартуучулардын мындай позициясынан улам, канча кылмышкер тиешелүү жазасын албай жүрөт. Ал эми шектүү деп кармалгандарды деле абакка салуу көп эмгекти талап кылаарын айтышат балдардын укугун коргоочулар. Анткени, мындай кылмыштарды далилдөө өтө кыйын. Сот залынан акталып чыгып кеткендер жок эмес.