Э. Максутова: Британ калкынын чечими финансы базарын солк эттирди

Image caption Лондон биржаларындагы баалар сегиз пайыздан ашыгыраак түшүп кетти

Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечими экономикалык таасирин дароо тийгизе баштады. Журналист жана экономика боюнча адис Эрмек Максүтова аталган тармактагы абал тууралуу Би-Би-Сиге маек куруп, финансы системасындагы жагдайды айтып берди.

Э. Максүтова: Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгышы өлкөнүн финансы базарын солк эттирди десек болот. Лондон биржаларындагы баалар сегиз пайыздан ашыгыраак түшүп кетти. Стерлинг фунттун куну акыркы отуз жылда болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Мисалы, АКШ долларына карата стерлинг фунту 10 пайыздан көбүрөөк төмөндөдү. Банктарга жана турак-жай куруу сектору үчүн бул өтө олуттуу сокку болду.

Би-Би-Си: Бул туруксуздук Европанын финансы секторунда дагы дароо сезилсе керек?

Image caption Э. Максутова: Стерлинг фунттун куну акыркы отуз жылда болуп көрбөгөндөй төмөндөдү.

Э. Максүтова: Ооба. Европадагы башка рыноктор дагы кескин төмөндөй баштады. Анын кесепети Азия рынокторуна да тийди. Англия банкынын башчысы Марк Карни өлкөнүн экономикасында бир катар оош-кыйыштар болушу мүмкүн, деп эскертти.

Би-Би-Си: Англия банкы Европадан чыгуу сценарийине кайсы бир денгээлде даярдыктарды көргөнбү?

Э. Максүтова: Ооба. Англия банкынын башчысынын айтканына караганда, алар алдын ала пландарды түзүптүр. Ошону менен бирге, Англия банкы финансылык туруктуулукту сакташ үчүн кошумча чараларды кабыл алууга да даяр турат.

Би-Би-Си: Ал эми инвесторлор үчүн бул жагдай кандай ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн?

Э. Максүтова: Инвесторлор Британиянын Евробиримдиктен чыгуу тууралуу чечимин наарзылык менен кабыл алып жатышса керек. Анткени, айрым эксперттер Британиянын Биримдиктен чыгуу тууралуу чечими, жалпы Еврозонасына, анын ичинде өзгөчө Греция үчүн экономикалык зыян келтирээрин айтышууда.

Тема боюнча башка макалалар