Алмазбек Атамбаев Ислам Каримов менен жолукту

Сүрөттүн автордук укугу Official

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолукту.

Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришкендей, Ислам Каримов Атамбаевди жылуу тосуп алып, саммитке өзү катышып жаткан үчүн ыраазычылык билдирди.

Атамбаев өз кезегинде ага ыраазычылык айтып, саммит жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Эки тарап ошондой эле актуалдуу маселелер жана эл аралык окуялар тууралуу пикир алмашканы айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаев Ташкентте 23-июнда башталган ШКУнун 15-саммитине катышып жатат.

Ага мүчө өлкөлөр Орусиянын, Тажикстандын, Кытайдын, Казакстандын мамлекет башчылары да келишти. (AK)