«Ататүрк» аба майданына Бишкек-Стамбул каттамы ачылды

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption «Ататүрк» аба майданы

Шаршемби түшкө маал Бишкектен Стамбулдун жардыруу болгон «Ататүрк» аба майданына бир учак учат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Курбанованын айтмынында, 135 чамалуу жүргүнчү ташыган түрк авиакомпаниясынын учагы учуп жатат.

«Биздин маалыматка ылайык, Бишкек менен каттамы ачылды. Бирок «Ататүрк» аба майданынын кандай режимде иштеп жатканы тууралуу толук маалымат жок, алардан такташ керек», - деди Курбанова Би-Би-Сиге.

Ал ошондой эле андагы маалыматтар боюнча, «Ататүрктөгү» жардырууда жабыркаган кыргызстандыктар жок экенин кошумчалады.

Шейшемби кечинде Стамбулдагы «Ататүрк» эл аралык аба майданындагы жанкечтилердин ок жаадыруусу жана жардыруусунан кийин Стамбул-Бишкек эик каттам токтотулган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жардыруу болгон "Ататүрк" аба майданы

Бул жардырууда соңку маалыматтарга ылайык, кеминде 36 киши мерт кетти, 147ден ашыгы жаракат алды.

Түрк бийлиги жардыруу артында «Ислам мамлекети» эсктремисттик тобу же күрт жикчилдери турушу мүмкүн деп жатышат. Президент Режеп Тайип Эрдоган дүйнөлүк коомчулукту терроризме каршы күрөшүүгө үндөдү.

Эл аралык «Ататүрк» аба майданы өткөн жылы Европада эл көп каттаган үч аба майдандын бири болуп аталып, Лондондун «Хитроу» жана Париждин «Шарл де Голл» атындагы аба майданынан кийинки орунга чыккан.

2015-жылы бул аба майданы аркылуу 61 млн ашык адам тейлөөгө алынган. (AK)