ИИМ Бишкек-Ысык-Көл жолунан туристтерди тоногон кылмышкерлерди кармады

Кармалгандар мурда кылмыш иши козголуп, милиция чининен ажыратылган Аламүдүн жана Свердлов райондорунда оперативдик кызматтарда иштеген милиция кызматкерлери экени аныкталган Сүрөттүн автордук укугу courtesy photo
Image caption Кармалгандар мурда кылмыш иши козголуп, милиция чининен ажыратылган Аламүдүн жана Свердлов райондорунда оперативдик кызматтарда иштеген милиция кызматкерлери экени аныкталган

Орус жарандары Дмитрий жана Ирина Реброва ИИМге арыз менен кайрылган. Токмоктон өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар аларды токтотуп, документтерин текшерген.

Жыйынтыгында кылмышкерлер туристтердин 100 евро, 20 миң рубль жана 45 миң сомун тоноп кетишкен. Жабыркаган үй-бүлө кичинекей майып баласын дарылатуу үчүн Кыргызстанга келишкени айтылууда.

Кылмыш кодексинин 166-беренеси “талап-тоноо” боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү делгендердин автоунаасынын мамлекеттик номуру 2014-жылы урдалгандыгы аныкталды”, - деп билдирет ИИМ.

Милиция кылмышка шектүү делгендердин фотороботун түзгөндө, жабыркагандар алардын жүзүн таанышкан.

Чүй облустук ШИИМ кызматкерлери шектүүлөрдү кармап, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандар мурда кылмыш иши козголуп, милициядагы чининен ажыратылган Аламүдүн жана Свердлов райондорунда оперативдик кызматтарда иштеген милиция кызматкерлери экени аныкталган.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев тонолгон орусиялык үй-бүлө менен жолукту.

Ребровдор үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. (SA)