Кыргызстан: арты-артына сууга чөгүүлөр

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Кыргызстанда жай мезгили башталгандан тарта 42 адам сууга чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, алардын көбү балдар менен эркектер.

Акыркы бир жумадан бери эле сууга чөккөндөр тууралуу массалык маалымат каражаттарына байма-бай чыгууда.

10-июлда Бишкектеги сүзүү бассейндеринин бирине чөгүп, комага түшкөн өспүрүм өзүнө келе элек. Сегиз жаштагы бала ооруканада экенин Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казаков билдирди.

“Бала комага түшкөн боюнча өзүнө келе албай жатат. Бүгүн ишти тергеп жаткан тергөөчүсү менен байланыштым, тергөө амалдарына тиешелүү документтер толтурулган. “Тортуга” эс алуу жайынын ээси, ал жерде иштеген кызматкерлер чакырылып, сурак беришти. Тергөө амалдары уланууда”, - деди Казаков.

Дарыгерлердин айтымында, чөгүп бараткан жеринен куткарылган балага кычкылтек жетишсиздигинен мээнин комасына түшкөн.

Ошол эле күнү, 10-июлда Ысык-Ата районунда дарыяга тогуз жаштагы бала агып, денеси табылган жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Дем алыш күндөрү Оштогу Ак-Буура дарыясында бири-бирин куткарабыз деп үч адам сууга агып мерт кетти, бирөө оор абалда экени кабарланды.

Ал эми ай башында Кичи Чүй каналында беш жашар бала чөгүп, денеси табылган эмес.

Булар жай мезгили башталган, июндун башынан бери сууга чөккөн 42 адамдын тизмегин толуктайт. Ал эми жыл башынан бери 51 адам сууга агып өмүрүнөн ажыраган. Алардын көбү балдар менен эркектер.

Бир апта ичинде арты-артына болгон бул окуялар көлмөлөрдөгү жана сүзүү бассейндериндеги коопсуздук маселесине көңүл бурдурууда. Эмне үчүн эркектер чөгөт дегенге Бишкектеги Комсомол көлүндө куткаруучу болуп иштеген жигит оюн билдирди.

“Мас болуп алып, көлдүн ортосуна кетип калышса, ошолорго көп убара болуп чуркап калабыз”, - деди куткаруучу.

Баса ушул Комсомол көлмөсүнөн 9-июлда Өзгөчө кырдаалдан министрлигинин куткаруучулары жети жаштагы баланы сактап калышты.

Эс алуучулар болсо адискөй суучулдар мындай турсун, көл же бассейндердин коопсуздугун караган жан жок деп кейишет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

“Мен эч кимди көргөн жокмун. Коопсуздукту карап турган адам болуш керек да, туурабы? Балдар чөгүп баратса деле эч кимдин иши жок. Мастар жүрөт, милиция кызматкерлери да жүрүш керек”, - деди Бишкектеги көлдөрдүн бирине келген Анара Туркестанова.

Анткен менен бассейнде иштегендер бардык эрежелерди сактап, мыкты даярдык менен иштеп жатканын жакташат. Бассейндердин биринде иштеген Эрлан тыкыр текшерүүдөн кийин гана жумушка алынганын айтууда.

“Мен Дене тарбия институтун бүтүргөм. Ал жакта спорттун бардык түрлөрү окутулат. Бул жерде да сүздүрүп көрүп, жакшы текшерип алышкан жумушка. Ал эми кимдер көбүнчө чөгөт дегенде, айырмасы көп эмес. Улууларды да, кичүүлөрдү да куткарган күндөр болот. Баласы менен чогуу сүзүп баратып чөккөндөр көбүрөөк кездешет”, - деди куткаруучу Эрлан.

Адистер бассейнге кирерден мурда жазылган ар бир эреже, көрсөтмөнү сакташ керек дешет. Ал эми тыюу салынган көлдөрдө сүзүүгө болбой турганын, балдарды сөзсүз чоңдор коштош керектигин эксертишет.