АКШ командасын артта калтырган Кыргызстандыктар

Image caption Жекшембиде биринчи беттешүү АКШнын кыздар командасы менен өтүп, Кыргызстан 8-2 эсебинде жеңишке жетишкен

Улуу Британиянын Глазго шаарында Homeless World Cup чемпионаты өтүп жатат. Бул көчө футболу боюнча дүйнөлүк мелдеште 64 өлкөнүн спортсмендеринен турган 18 команда күч сынашууда. Ага Кыргызстандын командасы дагы катышып, Американын командасын жекшембиде 8-2 эсеби менен утуп алды. Продюсер Гулнара Касмамбетова Кыргызстандын футбол Федерациясынын баш-катчысы, Анархан Касмалиева менен байланышып, Глазгого келген кыргыз командасы жөнүндө сурады.

А. Касмалиева: Бул оюндарга 2007-жылдан бери катышып келе жатабыз. Биз Кыргызстандагы Көчө футболу федерациясы республикадагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан өспүрүмдөр менен иштейбиз. Аларды спортко тартуу, сергек жашоого көндүрүү, футболду сүйүүгө жана ал аркылуу коомго аралашып кетүүгө көмөктөшкөн программаларды иштеп чыгабыз. Бул чемпионатка дагы ошол программанын негизинде Кыргызстандын бардык региондору боюнча тандоо турнирлерин өткөрдүк. Быйылкы командабыздын ичинде да Бишкектеги SOS балдар айылынын тарбиялануучусу Күмүшбек кызы Назик бар. Ал биринчи жолу катышып жатат. Жакшы өбөлгө түзүп берүү үчүн командабыз менен кошо Назикти да ала келдик.

Image caption Командадагылардын эң улуусу 48 жашта болсо эң кичүүсү 19 жашта

Г. Касмамбетова: Демек, сиздердин командага балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан окуучулар катышат турбайбы?

А. Касмалиева: Ооба, айта кетсем Кыргызстанда эки жылдан бери балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын республикалык спатракиадаларын өткөрүп келе жатам. Мени менен келген кыздардын баарысы ыктыярчылар. Алардын ар бири социалдык программалар менен балдар үйлөрүндө бир жыл бою иштеп келишет. Алардын ичинен эң көр жардам берген мыктыларын тандар алып, командага кошом.

Г. Касмамбетова: Ушуга чейин кандай ийгиликтерге жеттиңиздер?

А. Касмалиева: Кыргызстандын көчө футболу командасы дүйнөдөгү эң мыкты командарлардын ичине кирет. Биз 2013-жылы Польшадагы чемпионатта 4-орунга ээ болгонбуз анда 12 команда катышкан болчу. Мексикада болсо 2009-жылы 3-орунга жетишкенбиз.

Көксөгөнүбүз жакшы эле. Алдыңкы орундарга жетишсек деген максат менен келдик. Кечээ биринчи беттешибиз АКШнын кыздар командасы менен өтүп, 8-2 эсебинде жеңишке жеттик.

Image caption Кыргызстандын көчө футболчулары 2013-жылы Польшадагы чемпионатта 4-орунга, Мексикада 2009-жылы 3-орунга жетишкен

Г. Касмамбетова: Куттуктайбыз! Бул командада жалаң кыздар ойнойбу?

А. Касмалиева: Ооба, бул командада жалаң кыздар. Кыздардын жашы да чектелбейт. 16 жаштан жогору кабыл алынат. Алардын эң улуусу Оксана Валерианка 48 жашта болсо эң кичүүсү Күмүшбек кызы Назик. Ал 19 жашта, Кыргыз-Түрк Манас университетинин биринчи курсунун студенти. Көп балалуу, убактылуу иштебей калгандар бар. Кыздар мурун машыгып, спортто жүргөнү менен турмушунда ар кандай болуп калат. Аларга көңүл да бурулбай калган мисалдар көп. Биз аларды кайрадан ушундай футбол аркылуу кайрадан спортко алып келип, коомго аралаштырабыз.

Г. Касмамбетова: Бул чемпионатта дагы канча беттешиңиздер бар?

А. Касмалиева: Көп эле оюндарыбыз бар. Жалпы 18 команда катышып жатат. Ар бир команда өз тайпасында ойноп чыгабыз дагы дем алыш күнү финалдык оюндар болот. Биз финалдык оюндарда ойнойбуз деген үмүтүбүз бар.