Меркелдин визити эмне берет?

Германия канцлери Ангела Меркель Борбор Азиядагы Кыргызстанды өз көзү менен көрүү үчүн бул өлкөгө биринчи жолу келди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу башталганда Меркель, “Кыргызстанга эмне жардам бере ала турганыбыз жөнүндө сүйлөшүүнү кааламакмын” деди.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев Ангела Меркель менен аймактагы коопсуздук, диндин радикалдашуусу, терроризмден тарта экономикалык, гуманитардык, саясий маселелерге чейин сүйлөшүшкөнүн билдирди. Президент ошондой эле Кыргызстан бир гана Германия менен эмес, Евробиримдик менен кызматташтыгын тереңдеткиси келерин белгиледим деди.

“Биздин милдетибиз Евразияда башка чоң согушту болтурбоо. Сүйлөшүүдө биз ошондой эле Украинадагы конфликттин, Орусия менен Европа ортосундагы кризистин таасирин сезип жатканыбызды айттык. Эки тарап болушунча бат пикир табышын, түшүнбөстүктөрдүн жоюлушун каалайбыз. Орусияны да Европаны да компромисске келүүгө үндөп келебиз, үндөп жатабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Атамбаев Азимжан Аскаров тууралуу германиялык журналисттин суроосуна жооп берип жатып, БУУнун Адам укугу боюнча комитети Азимжан Аскаровду бошот деген эмес, мыйзам бузууларды кайра карап чыккыла деген деди. Ал ишти эми Чүй облустук соту тыкыр териштирип чыгаарын айтып, сырткы байкоочулар катышса болоорун белгиледи.

“БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга жеке өзүм кат жөнөттүм. Анда он эки эксперттин баарын киргизгенге даярбыз дедим. Алар да сот залында отурсун, ар бир суроону жана жоопту уксун. Комитеттин чечимине, Кыргызстандын баш мыйзамына баш ийип, баарын кайра карап чыгабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ал эми Ангела Меркель Кыргызстандан жакшы таасирлерди алганын белгилеп, техникалык университетке барганда тамак-аш тармагында кызматташса болоорун сүйлөшүшкөнүн белгиледи.

Меркель андан сырткары Кыргызстан тандаган демократиялык жолду сыйлаарын билдирди. Ал бул өлкөдө негизги маселе экономика, киши башына түшкөн ички дүң продукту аз экенин айтты. Чакан жана орто бизнес тармагында кызматташуу керек деди.

Канцлер ошондой эле туризмде канай кызматташа алышыбызды караш керек, бизде 600 кыргызстандык студент билим алат, аны көбөйтүүнү көздөш керек, Атамбаев менен ушулар тууралуу маектештик деди. Меркель андан сырткары диндин радикалдашуусун талкууладык, өзүбүздүн имамдарды даярдоо тууралуу пикирибиз бир чыкты деди.

Ал сырткы саясат тууралуу айтып жатып, Евразия экономикалык биримдиги менен Евробиримдиктин мамилеси ушул боюнча жакшы өнүгө беришин каалады.

Меркелдин визитинин максаты жана жемиши тууралуу маалымат каражаттары алдын ала боолголоп жатышкан. Мындай жолугушуудан Кыргызстан кандайдыр бир экономикалык пайда таба алабы деген суроолор коюлган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын Германия менен соода алакасы 2,2 пайыздан ашпайт.

Германиядан Кыргызстанга товар ташыган Нурбек Бримкулов Германия, дегеле Европа мамлекеттери менен соода алакасын куруу жеңил эмес экенин айтып берди.

“Кызматташууга албетте мүмкүн. Бирок алар өздөрүнүн товарын экспорттоого кызыктар. Ал эми биз үчүн алардын товары абдан кымбат. Бул жакта суроо-талап аз. Ошонун ордуна мисалы, Түркиянын, кур дегенде Кытайдын жабдыктарын сатып алышат. Ал эми биздин айыл чарба товарларыбызды ал жака сатуу да оңой эмес. Европа стандарттарына жооп бериш үчүн сертификация маселесин чече албай келебиз. Башкача айтканда, алар такыр эле бизге окшогон өлкөлөрдүн товарларын киргизбөөгө аракет кылып жаткандай”, - деди Нурбек.

Конкреттүү экономикалык долбоор же келишим тууралуу сөз болбогон соң мурдагы тышкы иштер министри, дипломат Аликбек Жекшенкулов канцлердин визитинин максаты Орусия менен Кытай турган аймакта таасирин күчөтүү деген пикирде.

“Мындай лидерлер стартегиялык, геосаясий жана тактикалык кадамдарга барардын алдында ушундай визиттерди жасайт. Анткени демократия маселеси болобу, экономикалык маселеби, коопсуздукбу же саясий маселеби, айтор баарын жеринде өздөрү байкап, өздөрү изилдегенге аракет кылат. Мындай ири мамлекеттердин жетекчилери албетте жөн келбейт”, - деген ойдо Жекшенкулов.

Ал эми “Ди Цайт” аттуу немец гезитинин аймак боюнча адистешкен журналисти Михаэль Туманн Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү Армения Евробиримдик менен да алакасын жакшыртууга аракет кылып жатканына караганда, Кыргызстан да ошондой багытты кармана алат деген пикирин ортого салууда.

“Кыргызстан демократиялык мамлекет болгондуктан Европада ага кызыгуу бар. Бул жерде радикал исламчылардын коркунучу бар болгону да алардын көңүлүн Кыргызстанга бурат. Ал эми экономика жагынан алганда, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикте болгондуктан Евробиримдик менен бул тармакта алака кыла алабы? Бул нерсени Армения жасаганга аракет кылууда”, - деди немец журналисти Туманн.

Image caption Журналист Михаэль Туманн

Жекшенкулов Германияны Кыргызстан өңдүү өлкөдө диндин өнүгүп жатышы да кызыктыраарын, канцлердин максаттарынын бири исламдашуу жараянын изилдеп кетүү болушу мүмкүн экенин айтты.

Меркелдин келишин утурлай Бишкекте бетин чүмбөттөгөн аялдарды сынга алган тариздеги баннерлер илингенин айта кетели.

Канткенде да Атамбаев Меркелдин келишинин өзү Кыргызстанды колдоорун туюндурарын айтты. Дипломат эксперттер болсо бул визиттин жемиши балким келечекте көрүнөт деп күтө туралы дешүүдө.