ЖОЖдорго студент кабыл алуу башталды

Расмий маалыматка ылайык, быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан 62 миң бүтүрүүчүнүн 48 миңи жалпы республикалык сынакка катышкан
Image caption Расмий маалыматка ылайык, быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан 62 миң бүтүрүүчүнүн 48 миңи жалпы республикалык сынакка катышкан

Бүгүн Кыргызстандагы бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларында кабыл алуу сынагынын 1-туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Министрлик жыл башында эле жогорку окуу жайларына кабыл алууда босого чек болуп 110 балл коюлганын билдирген. Бул чек бардык окуу жайлар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары үчүн бирдей күчкө ээ. Бюджеттик да, контракттык бөлүмдөргө тапшыруу да ушул эреже менен жүрөт.Ал эми ЖОЖдорго тапшырууда предметтик балл мурдакыдай эле 60 балл денгээлинде калган.

Мамлекет тарабынан окуу жайларына жылдагыдай эле 5700 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Кыргызстанда 51 жогорку окуу жайы бар. Андан сырткары жүздөн ашык орто кесиптик окуу жайлары бар. Июль айынын башынан тартып булардын баары студенттерди жарыша кабыл ала баштайт. Кыргызстанда бардык окуу жайлары жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен кабыл алат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан 62 миң бүтүрүүчүнүн 48 миңи жалпы республикалык сынакка катышкан.