Атамбаев талаш жараткан баннерлерди бүт өлкө аймагына илинет деди

Бишкекте Германия канцлери менен жолугушуудан кийинки журналисттер үчүн болгон маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев кечээтен бери кызуу талаш-талкуунун чордонуна айланган баш калаадагы жарнактар боюнча пикирин айтты.

«Мен бул баннерлерди илип жаткандарга каржылык жардам көрсөтүлсүн деп тапшырма бердим. Биз башкалардын маданиятын эч ким таңуулай албайт. Динге жамынып таңуулап жатышат. Биздин маданиятыбыз бар»,-деди Атамбаев.

Президент мындай жарнактар Бишкекте эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында илиниши керек дейт.

"Кайран элим кайда баратабыз” деген сөз жазылып, бети чүмбөттөлгөн капкара кийинген аялдар, ортодо хиджап кийгендер, анан улуттук кийим кийген кыз-келиндердин сүрөтү тартылган чоң көлөмдөгү баннерлер кечээ күнү Бишкек көчөлөрүндө пайда болгону коомчулуктагы талаш талкууга себеп болгон эле. Кечээтен бери бул боюнча интернетте, көчө-көйлөрдө талкууланып жаткан окуяга бүгүн өлкө президенти дагы жаңы түс бергенсиди.

Президенттин айткандары талаш-талкууга чекит койо алдыбы, же күчөттүбү? Албетте президент айткан пикирди кубаттагандар менен катар эле ага нааразы болуп, сынга алгандар четтен чыгууда. Коомдук ишмер, парламенттин мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу президенттин айткандары кош стандарттулук катары баалады:

“Президент биринчи жолу динге каршы чыгып жаткан жери жок. Айт намаздарына катышканы, ыйык Меккеге барып келгени кайда калат, ушинтип айтып жатса. Бул сүрөттөрдү Кыргызстанда светтик радикалдык пикирди кармагандар жана чет өлкөлүк агенттер атайын Меркелдин келишине карата коюшту. Анткени бизге көп гранттар Германиядан келет, анан албетте аларга жакшы көрүнүш керек. Бул жерде кошаматчылык болуп кетти. Эгерде президент ушундай ыргак менен кете берсе, Тажикстан сыяктуу чоң бир диний каршылашууга такап коет”.

Ошол эле учурда дин менен маданиятты аралыштырбоо керек, араб өлкөлөрүнүн улуттук кийимдерин кийип, бети-башын чүмкөп, анын башкалардан да талап кылып, радикалдуу пикирлерди айткандарга президент туура баасын берди деген пикрлер да көп айтылып жатат. Интернеттеги социалдык тармактардагы бүгүнкү негизги талаш жараткан тема ушул болууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев коом ушундай талаш-талкуулардан жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керек деп айтып, диний сабатсыздык айынан жаралып жаткан радикалдуу көз караштар, экстремизмге да жол салып коюп жатканын белгилеп жатат:

“Биринчи эле реакция “бул сүрөттөр коомду бөлүп-жарып жиберет, алып салыш керек” деген мааниде болду. Бул туура эмес. Коом ушундай маселелерди талкуулаганга көнүшүбүз керек. Демократиялык коом эмнеси менен баалуу? Пикирлердин плюрализми болушу керек. Ал жарнамадагы “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген маселе да эң туура. Чындыгында ойлонто турган маселе. Жапжаш кыз-келиндердин бети-башын чүмкөп, капкара кийингенин биздин элибиз эч убакта көргөн эмес”.

Бүгүн болсо интернетте “Биз кайда баратабыз?” деген видео ролик пайда болуп, анда хиджап кийген кыздар, дин баалуулактары туралуу сөз кылышат. Муну албетте Бишкек көчөлөрүндөгү баннерлерге жооп катары кабылдаса болот.

Кечээ күнү бул баннерлерди “коом арасында түшүнбөстүк жаратарын, бирөөнүн ишенимин сыйлоо боюнча мыйзамга каршы келерин” айтып, коопсуздук күчтөрү караш керек деп жазгандар болгон эле. Көп өтпөй Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баннерлерди текшерип жатканын билдирген болчу. Бүгүнкү президенттин сөзүнөн кийин аны ким чыгарганы деле көпчүлүккө кызык болбой калды окшойт. (SA/AbA)