Меркель менен Атамбаев жолугушту

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркель Ала-Арча резиденциясында жолукту.

Жолугушуунун башында президент Атамбаев Ангела Меркелдин визитине ыраазычылыгын билдирип, сүйлөшүү жакшы өтөт деген оюн айтты. Өлкө башчы андан тышкары бул жолугушууну тарыхый деп атады. Германия канцлери болсо чөлкөмдө кыйын болгонуна карабастан, демократиялык жолду тандап алган Кыргызстан үчүн кандай жардам көрсөтө алары тууралуу алдыдагы сүйлөшүүлөрдө сөз кылаарын айтты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы туралуу журналисттерге маалымат жыйынын берүүсү күтүлүп жатат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Бишкекке түндө 13-июлда конду. Эрте менен өлкөдөгү диний конфессияларынын жана аз улуттардын өкүлдөрү менен жолуккан. Алдыда Меркель Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугаары кабарланды.

Меркель Кыргызстанга Атамбаевдин чакыруусу менен келип жатканы айтылган. Жолугушууда эки мамлекеттин кызматташтыгы талкууланат. Атамбаев Германияга өткөн жылы барган.

Меркелдин иш-сапары учурунда жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси туралуу, адам укугу, сөз эркиндиги жаатында пикир алышуулар болот деп күтүлүп жатат. Бул иш сапардын алдында айрым басылмалар сүйлөшүүлөрдө сириялык качкындардын фильтрациялык лагерин Кыргызстанда куруу туралуу да сөз болооорун жазып жиберишти. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айтылгандары четке кагып, күн тартибинде андай маселе жок экенин расмий сайтында билдирди.

Европадагы белдүү лидердин визитин кыргызстандык эксперттер жакшы жагына жооруп, кыргыз-немис алакалары мындан ары жаңы нукка бурулат деп баа берип, албетте экономикалык жактан кызматташуулар жанданса деген пикирлерин айтууда. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери каржылык көмөк берип келаткан Германия менен инвестициялык, соода-экономикалык байланыштар туралуу чечим кабыл алынышы мүмкүнбү деп ишкерди чөйрө да бул сапардан үмттөнүүдө. Ошол эле учурда быйылкы жылы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектеп жаткан Германиянын Кыргызстанга көңүл бурушун геосаясый жүрүш катары да баалагандар бар. Германиянын басылмалары Меркелдин Кыргызстандан кийинки иш сапары Монголияда уланарын жазууда.