Сабиров: Ысык-Көлүбүздү баткак сазга айлантып албасак болду

Сүрөттүн автордук укугу Aiperi Tashybekova
Image caption "Жылда эле мынча пансионат жабылды дейт, бирок кайра эле ошол жылы иштешет. Ошон үчүн ушул системанын баарын карап, бир орган жооп бериши керек".

Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар боюнча интернетке тараган тасма коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Анда суу түбүндөгү таштандылар, суу саркындылар агып чыккан түтүктөр бар экени айтылган. Бирок муну жергиликтүү бийлик да, аты аталып кеткен эки пансионат ээлери да жалган маалымат катары четке какты.

Деген менен Ысык-Көлдөгү тазалык, экологиялык маселе көңүл бура тургандай оор абалда экендиги көп эле сөз болуп келатат. Буга чейин бул маселени парламент депутаттарынан турган атайын топ дагы иликтеп келген. Биз “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Максат Сабировдү маекке тартып, Ысык-Көлдүн айланасындагы экологиялык абал боюнча пикирин сурадык.

Максат Сабиров: Ооба, биз Ысык-Көл облусунун аймагын бир сыйра кыдырып, саркындылардын, таштандылардын абалы боюнча, жалпы эле экологиялык маселе менен Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Кол шаарларында болдук. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн учурунда 37 миллион доллар бөлүнүп, азыр эми араң биринчи гана этабы ишке ашып, калганы ишке ашырыла элек экен. Таштандылар боюнча абалды билесиңер, баары жатат. Бул көлдүн айланасындагы эң коркунучтуу көрүнүштөрдүн бири болуп калды. Интернетке чыгып жаткан сүрөттөрдө көрүп жатпайсыңарбы, таштандылар жайлата жыйылып, күзүндө болсо суу, шамал менен ушул эле көлдүн ичине кирет. Ошондуктан биз саркынды сууларды түтүк менен көлгө киргизип койбосун деп, көл жээгиндеги курулуштарды 300 метрден алыс жерге курулсун деген мыйзам алып чыктык. Ал мыйзам биринчи окуудан өттү. Күзүндө экинчи окууга алып келебиз.

Айбек Абдылдаев: Эми ушул экологиялык көйгөйлөр тууралуу маселе туризм тармагына кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз? Маселен жакында дүйнөгө дүң кылып, “Көчмөндөр оюнун” өткөрөбүз деп турабыз.

Максат Сабиров: Туризм тармагына азырынча эч кандай таасирин тийгизбейт. Туристтерди кабыл ала беребиз, таштандылар чогула берет, көлдү кирдете беребиз. Эгер ушундай темп менен эч кандай чара көрбөсөк, кийин ушул Ысык-Көлүбүздү баткак сазга айлантып албасак болду. Ошон үчүн азыртадан чара көрүшүбүз керек да. Мына алты жылдын ичинде эндемикалык балыктар кетти. Мурда тогуз түрү бар эле, азыр жети эле түрү калды.

Image caption Максат Сабиров

Чабактын абалы кандай экенин билесиздер. Чычырканактардын баары талкаланып жатат. Ысык-Көлдүн бир өзгөчөлүгү бар. Канчалаган суулар кирет, бирок бир тамчы да суу чыкпайт. Ошон үчүн биз азыртадан ойлонуп, экология тармагын Ысык-Көлдү сактоо боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүшүбүз керек.

Айбек Абдылдаев: Негизи эле ушул экологиялык маселелерге келгенде эс алуу жайлары, пансионаттар, туристтерди кабыл алган жайлар, жергиликтүү элдин экологияга, тазалыкка мамилеси кандай?

Максат Сабиров: Бул жерде маселе жергиликтүү элде деле эмес. Эң негизгиси пансионаттардын ээлеринде, мына быйыл эле 12 пансионат жабылды. Бирок азыр кандай абалда? Кайра барып текшерген киши барбы? Жабылган пансионаттар балким кайра эле иштеп жаткандыр, же болбосо кайра өздөрүнүн кемчиликтерин оңдоштубу? Аны менен эч кимдин иши жок. Жылда эле мынча пансионат жабылды дейт, бирок кайра эле ошол жылы иштешет. Ошон үчүн ушул системанын баарын карап, бир орган жооп бериши керек. Бизде тиешелүү кызматтардын баары бар, бирок жоопкерчилик жок болуп жатат эмнегедир.