Нурдин Султанбаев: Көчмөндөр оюнуна билеттер сатылат

Сүрөттүн автордук укугу .

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 50 күн калды. Бул жылы мурдагыдан да көп мамлекеттер катышарын уюштуручулар билдиришкен. Аталган оюндарга чет өлкөлүктөрдүн кызыгуулары кандай? Канча мамлекет катыша турган болду деген суроо менен “Көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын” жетекчиси Нурдин Султанбаевге кайрылдык.

Нурдин Султанбаев: 67 мамлекетке чакыруу жибергенбиз. Анын кыркка жакыны келет деп турабыз. Акыркы билдирүүлөрдү 1-августка чейин күтөбүз . Азыркы күнү такталган маалымат боюнча ондон ашык мамлекет келээрин так билдиришти. Калган мамлекеттердин жообун күтүүгө дагы бир ай мөөнөт калды. Бул жылы оюндардын 23 түрү боюнча күч сынашуу болот. Аябай тандап чыгып көчмөндөрдүн эң мыкты деген оюндарын гана киргизгенбиз. Баса белгилеп айтаарым ат оюндарынын да көп түрлөрү камтылды. Ага ылайык келген делегацияларды, спортчуларды кабыл алабыз. Ачылыш жана жабылуу аземи ипподромдо өтөт. Учурда ипподром эл аралык баардык стандартка ылайык бүткөрүлүп жатат. Долбоор боюнча он миң киши бата турган жай болот.

Image caption Бул жылы оюндардын 23 түрү боюнча күч сынашуу болот
Муну да окуңуз: Көчмөндөр оюнуна даярдык башталды

Би-Би-Си: Көрүүчүлөрдү киргизүү тартиби кандай болот? Мурдагыдай эле акысыз киришеби же билет сатылабы?

Нурдин Султанбаев: Болгону расмий ачылыш жана жабылуу аземине кирүүгө билеттер сатылат. Биринчи көчмөндөр оюндарына бекер киргизилгендиктен эл батпай кеткен эле. Бул жылы да абдан көп каалоочулар болгондуктан биз билет системасын киргизип жатабыз. Ага ылайык сөзсүз түрдө чет өлкөлөрдөн туруп эле сатып алуу үчүн атайын мобилдик кызматтарды иштеп чыгуудабыз. Кызыккандарга билеттерди убарасы жок туруп эле электрондук байланыш аркылуу сатып алууга шарт түзүп беребиз. Дүйнө жүзүндө мындай иш чараларда коопсуздук маселесине абдан көңүл бургандыктан биз дагы бул жагына абдан басым жасап жатабыз. Билеттер ар бир адамга жеке сатылат дагы дүңүнөн сатууга жол берилбейт.

Сүрөттүн автордук укугу Aiperi Tashybekova
Image caption Негизги бөлүк Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт

Би-Би-Си: Орто эсеп менен алганда билеттин баасы канча сом болот?

Нурдин Султанбаев: Мамлекеттик атайын органдарга тапшырып бергенбиз. Учурда алар баарын тактап, иштеп жатышат. Эмненин негизиде баа бектилгенин алар эсептеп чыгып, жооп беришет. Бир жуманын ичинде биз баасын сөзсүз түрдө жарыя кылабыз. Буюрса 1-августтан баштап билеттерди сатылып баштайт.

Тема боюнча башка макалалар