Камактагы саясатчылардын соту жабык өтөрүнө жакындары нааразы

Image caption Опоозиция өкүлдөрүнүн жыйыны

“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган”, “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айыптар менен камалган оппозициялык саясатчылардын соту жабык өткөнү жатат. Бул тууралуу алардын жакындары билдирди.

Мындан үч жарым айча мурда камалган “Элдик парламент” бирикмесинин тең төрагалары Бекболот Талгарбековдун жубайы менен Марат Султановдун бир тууганы алар менен бир да көрүшө албай жатканын, баары жашыруун экенин айтууда.

Алар камоолор башынан мыйзамсыз болгондуктан аны жаап-жашыруу үчүн сот жабык болгону жатат, антпесе “алар өлкө сырын саткан мамлекеттик кызматкер эмес” дешүүдө.

Камалгандардын жакындарынын маалыматында, тергөө бүткөн. Сот 26-августта карап баштайт. Камалгандар жана алардын жакындары алар саясий куугунтуктун курмандыгы болдук дешет.

Марттын соңунда жана июндун башында камалган Эрнис Карыбеков менен Дастан Сарыгуловдун адвокаты Нина Зотова аларга коюлган айыптар мыйзамсыз экенин белгилеп, Сарыгуловдун саламаттыгына даттанууда.

“Дастан Сарыгуловго бир да медициналык жардам берилген жок. Ал күндөн күнгө азып баратат. Гепатит С менен да ооруйт. Жалпы 18 илдетин тастыкташты. Отурган жери шамалдатылбайт, аба жетпей жатат. Эң негизгиси -ал мыйзамсыз камалган. “Чыккынчылык кылуу” беренеси менен камакка алгандан сырткары эч кандай суракка алуу же башка процессуалдык иштер жасалган жок”, - деди Нина Зотова.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да аты аталган жана Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Төрөбай Колубаев өңдүү камактагы оппозиция өкүлдөрү саясий мотив менен камалды деп, азыркы бийликтин аракетин сынга алды.

Image caption Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун

“Жаза пул алсын, башка жаза берсин, бирок камоо туура эмес. Канча айдан бери отурушат? Бул оппозициянын лидерлерин куугунтуктоо болуп саналат. Текебаев да, Атамбаев да, мен да “кетсин” деп эле келатпайбызбы? Ошондуктан камоо туура эмес. Мисалы, Бекболот Талгарбековдун пикирин мен колдобойм, бирок камай турган эч нерсе жасаган жок. Ал эми телефондон сүйлөшүү Конституция боюнча жашыруун болуш керек. Ар бирибиздин сүйлөшүүбүздү телевизордон чыгарган туура эмес. Анда адам укуктары кайда калат?”, - дейт Акун.

Оппозициячыл саясатчылар Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин убактылуу камоо жайында кармалууда.

Райондук соттор баш коргоо чарасын эки ай деп бекиткенден бери айрымдарыныкы узартылган.

Камоодо мыйзам бузду деген сынга кабылган Коопсуздук комитетинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ошол эле учурда бийликке ыктаган эксперттер бул саясатчылар чынында мамлекетке кооптуу абал жаратканы үчүн камалды деп эсептейт.

Image caption Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев

Саясат таануучу Марс Сариев камалгандарды саясий туткундар деп эсептебейт:

“Алар саясий туткундар эмес, кылмыш кодексте белгиленип турган нормаларды бузушту. Саясий куугунтук деп атоо туура эмес”.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта журналисттерге берген интервьюсунда оппозициялык саясатчылар кылмыш жообуна тартылыш керек деп күн мурунтан айткан.

“Албетте бул адамдар оорулуу деп, кол шилтеп койсок болмок. Бирок мен аларды катуу жоопко тартыш керек деп ойлойм. Анткени мындай адамдар жазасыз калса болот деп ойлобош керек. Бул оору башкаларга да жугушу мүмкүн. Президент болгуң келсе, шайлоого бар. Эмнеге дароо чек арага чуркап барышат? ”, - деген Атамбаев.

“Кыргызстандын демократиялык кыймылын” кайра түзгөн Турсунбек Акун президент Алмазбек Атамбаевдин бул билдирүүсүн эске салып, күнөөсүздүк призумциясын бузганын белгиледи.

Жаз айларынан тарта азыр түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчылардын дээрлик баарынын телефон аркылуу же көзмө-көз маектери жаздырылган үн тасмалары коомдук телеканал аркылуу берилип жатты. 23-мартта Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу митингге Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов баргандан кийин камалышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Mars Sariev
Image caption Саясат таануучу Марс Сариев

25-мартта энергетика тармагынын адиси Эрнис Карыбеков камалган. Андан мурда Дастан Сарыгулов менен маегинин видеосу чыккан эле.

12-майда «Элдик парламент» кыймылынын төрт лидери камалат. Анын бири Бекболот Талгарбеков кыймылдын ошол күнкү жыйынында 17-майда «бийлик алмашаарын, азыркы чиновниктер акчаларын сыртка шашылыш которуп жатканын» айткан.

13-июнда 70 жашка чукулдап калган Дастан Сарыгулов Кумтөр боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде камалган.

Алар “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган”, “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн», «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген кылмыштарга шектелүүдө.

Жактоочулары жана активисттер камоолор мыйзамдуу болсо, сот ишти ачык караш керек эле дешүүдө.