Адилет Баяман уулу: улуттук күрөш эл аралык деңгээлде ордун табууда

Image caption Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарынын алыш белбоо боюнча уюштуруучусу, эл аралык “Алыш” федерациясынын биринчи вице-президенти Адилет Баяман уулу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын соңку күнү өтүүдө. Бугүн спорттук мелдештерден алыш күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ага 42 өлкөдөн келген балбандар катышууда. Кечээ түркмөнстандык балбандар эркин ыкмада айырмаланса, классикалык ыкмада бүгүн кыргызстандыктар айрымаланып жатат.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарынын алыш белбоо боюнча уюштруучусу, эл аралык “Алыш” федерациясынын биринчи вице-президенти Адилет Баяман уулун маекке тартып, бүгүнкү мелдештердин жүрүшү боюнча сурадык.

Адилет Баяман уулу: Түркмөн командасы абдан катуу даярдык менен келиптир. Бизден чыккан улуттук күрөштү башка өлкөлөр дагы өздөрүндө жайылтып, анан келип биздин балбандарды утуп жатканы улуттук күрөшүбүз эл аралык деңгээлде ордун таап жатат деп сүйүнүшүбүз керек. Бүгүн 137 балбан катышып жатат классикалык түрүндө. Ал эми эркин түрүндө 42 өлкөдөн келген 140 спортчу катышты.

Кабыл Макеш: Түркмөн балбандарынан сырткары кайсыл чет өлкөлүктөр айрымаланып жатат?

Адилет Баяман уулу: Алыскы Бразилиядан, сербиядан балбандар келиптир. Маселен кечээ сербиялык кыздын даярдыгы жакшы экен, биринчи орунду алды. Латын Америкасынын Эквадордон келген кыздар да күчтүү экен. Алар биз менен сүйлөшкөндө бул күрөш аябай жакканын, өнүктүрүү үчүн салым кошорун айтышты.

Кабыл Макеш: Келген коноктордун жалпы эле Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туралуу кандай таасирлерин байкадыңыз?

Адилет Баяман уулу: Абдан катуу таасирленгендерди көрүп жатабыз. Ысык-Көлдүн касиетин сезип жатышат. Анан биз конокторубузду Кырчын жайлоосуна алып барсак айрымдары толкунданып көзүнө да жаш алышты. Миң комузчунун күү ойногонун көрүп таң калышты. Көчмөн жашоону көрүп таң калып бүтпөй жатышат. Биз алыстан келген конокторго атайын программа менен бардык жайларга алып бардык.

Кабыл Макеш: Балбандар допинг текшерүүдөн өтүп жатышабы? Дагы эл аралык деңгээлге жайылтыш үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Адилет Баяман уулу: Ооба, биз Допингке каршы агенттик менен сүйлөшүп, жеңгендерди сөсүз текшерүүдөн өткөрө турган болгонбуз. Бул жолку Дүйнө чемпионатыбызга дүйнөлүк күрөш бирикмеси IT адистерди жөнөтүп, өздөрүнүн сайты аркылуу 189 мамлекетте чагылдырып жатышат.