И.Илмиянов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Илмиянов Икрамжан Саттарович Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчисинин кызматынан бошотулду.

Илмиянов бул кызматка 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин дайындалган.

Ал саясий чөйрөдө Атамбаевдин жанындагы эң таасирдүү ишмерлердин бири катары каралып келет.

Илмиянов 1975-жылдын 1-июлунда Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылында туулган.

Жогорку билимдүү. "Экономист" адистиги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Бир нече жылдар бою "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.

2009 – 2010 - "Медиа форум" ачык акционердик коомунда экономист.

05.2010 - 07.2011 - Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы.

12.2010 - 12.2011 - Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы;

12.2011 - 10.2012 - Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары;

10.2012-жылдан тартып президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматын аткарган.

"Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси" класстык чини бар.

Тектеш темалар