Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Корутунду

  1. Кыргызстандын тарыхындагы эң курч атаандаштыкты жараткан шайлоо деп бааланууда.
  2. Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 25 миң 770 кишини түздү.
  3. Шайлоо күнү коопсуздукту жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 9,483 милиция кызматкери жана ыктыярдуу кошуундун 12 миң өкүлү чыкты.
  4. Бүт республика боюнча 2 миң 375 шайлоо бекеттери иштеп жатат.
  5. Шайлоого дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн жана бир нече эл аралык уюмдардан 700дн ашык байкоочу көз салууда.
  6. Административдик жана каржылык кысымдар болгонуна карабастан, бул шайлоо Борбордук Азиядагы эң демократиялуу шайлоо катары каралууда.
  7. Добуш берүү жаңы технологиянын негизинде - автоматтык эсептегич урналар жана биометрикалык идентификациялоо жолу менен жүрүп жатат.
  8. Шайлоого катышуу 55,93% түздү
  9. Электрондук эсептөө боюнча президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,04 пайыз добуш алды.

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

Сооронбай Жээнбеков: алдыда реформалар көп

Бишкекте президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы жыйын өткөрүүдө. Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасап, "Шайлоо курч атаандаштыкта, таза өттү",-деп билдирди. Чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип турам да, алдыда өлкөнү өнүктүрүү үчүн көп реформалар бар деди.

Сооронбай Жээнбеков
BBC
View more on facebook

Сооронбай Жээнбековдун өмүр таржымалы

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо алдыда бара жаткан Сооронбай Жээнбеков 59 жашта.

Оштун Кара-Кулжа районунда туулган.1983-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби боюнча зооинженер.

2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетинаяктаган. Эмгек жолу мектеп мугалимдигинен башталып, зоотехниктен, колхоз-совхоздордун башкармалык кызматтарында иштеген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдарда ошол кездеги Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп келип, агарардык комитетининин төрага орун басары, андан соң төрагасы, кийин Эл өкүлдөр жыйнынын төрага орун басары болуп иштеген.

Анын эң чоң ийгилиги деп бир эле округдан Жогорку Кеңешке үч ирет шайланып келгенин айтышат.

Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы азыркы президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматка барганда Айыл чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматта бир жылга жакын иштеди.

2010-жылдагы апрель ыңкылабы учурунда Оштогу революциялык комитетти жетектеп, кийин Ош облусунун губернаторлук кызматына келген.Сооронбай Жээнбеков Оштогу өкмөтүн өкүлү кызматынан өткөн жыл соңунда кетип, Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барды.

Көп өтпөй эле президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал көп жылдардан бери Социал-демократтар партиясынын катарында жүрүп, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылат.

2016-жылы өкмөттү башкарып, премьер-министрлик кызматта иштеди.Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин жакын досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүргөн. Мунун Атамбаев өзү да айтып келгени бар.

Сооронбай Жээнбековду жакындан билгендер аны саясатта чырлуу иштерге аралашпаган, түз жүргөн, адамгерчилиги менен калк арасында аброй күткөн киши катары сыпатташат.Ошондуктан да аны бийликтеги Социал-демократтар партиясы президентикке талапкер катары сүрөп чыккан.Жээнбековдун атаандаштары аны реформатор эмес, аткаруучу катары сынга алып келишет.

Cооронбай Жээнбеков
facebook

Электрондук эсептөө боюнча президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,04 пайыз добуш алды

Мадумаров
BBC
Бабанов
BBC
Жээнбеков
bbc

Шайлоого катышуу 55.93% түздү

  1. Ош шаары боюнча жалпы шайлоочулардын 68,14 пайызы добуш берүүгө келген.
  2. Бишкек шаарында шайлоочулардын 57,86% катышты.
  3. Жалал-Абад 54, 41 пайыз
  4. Баткен 51,02 пайыз
  5. Чүй-51,12 пайыз
  6. Ысык-Көл -54,57 пайыз
  7. Талас 61,05 пайыз
  8. Нарын 55, 51 пайыз

Таблица
bbc

Электрондук эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин алган добушу

Сооронбай Жээнбеков
BBC
Бабанов
BBC
Мадумаров
BBC

Добуш берүүнүн жыйынтыгы саналып жатат

шайлоочу
BBC
шайлоочу
BBC

Электрондук эсеп боюнча азыр Сооронбай Жээнбеков алдыда

таблица
official

Добуш берүүнүн алдынала тыянактары жарыяланууда

Электрондук эсеп боюнча азыр Сооронбай Жээнбеков алдыда бара жатат. Экинчи орунда Өмүрбек Бабанов.

тыянак
offisial

БШК добуш берүү боюнча маалымат берүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүүдө.

View more on facebook

Добуш берүү жайлары жабылууда

Өлкөнүн аймактарында 2375 шайлоо участогу иш алып барды. БШК 3 млн 25 миң 768 жаран добуш берүүгө укук алган. Кыргызстандан сырткары өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн 37 шайлоо участогу ачылганы кабарланган.

шайлоочу
BBC

ОшОИБ: шайлоочу токмоктолду деген маалымат жалган

"Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында жайгашкан шайлоо участкасынын биринде Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.Сариевге добуш берген жаранды токмоктоп кетти деген маалымат боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган аймакта бир да шайлоо участкасында андай факт катталбагандыгы жана ички иштер органдарына токмок жегендиги боюнча расмий түрдө эч ким кайрылган эмес.Ал эми Кара-Кулжа районунун Ылай –Талаа айылындагы шайлоо участкасында бюллетен айрылган абалда видеокайрылуу жасаган жарандын дооматтары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп төмөндөгүлөр аныкталды: Ылай Талаа айылынын тургуну Исмаилова Батма экендиги такталып, шайлоо участкасында ага карата эч кандай тоскоолдук болбогонун шайлоо бюллетенин алган соң эшикти көздөй чыгып бара жатканда шайлоо участкасындагы байкоочулар бюллетенди үкөккө таштап анан чыгыңыз деген талабына тескери жооп кылып колундагы бюллетенин жыртып шашыла сыртка чыгып барып массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалыматтарды таркаткандыгы аныкталды",-деп билдирди Ош облустук милициясы.

View more on facebook

“Таза Эсеп”: саат 19:00гө карата катышуу 45,2%

“Таза Эсеп” деп аталган координациялык борбордун маалыматы боюнча шайлоого катышуу саат 19:00гө карата өлкө боюнча 45,2пайызды түздү.

Эң активдүү Ош шаары болуп, бул жерде шайлоочулардын 61,88 пайызы добуш берген.

Эң төмөнкү көрсөткүч Баткен облусунда 36,81 пайызды көрсөттү.

Кыргызстандагы шайлоону Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы ар кайсы тилде чагылдырууда

"Кыргызстан тарыхый шайлоодо президентин тандап жатат" атуу макала Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын сайтына чыкты. Макалада Кыргызстандагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү белгиленген. (Kyrgyzstan votes for new president in historic election - http://www.bbc.co.uk/news/world-asia-41625540)

сайт
BBC

Добуш бере албай калганына нааразы болгон мигранттар

Орусиянын баш калаасында добуш бере албай калган кыргызстандык мигранттардын нааразылыгы тууралуу тасмалар интернетке тарап жатат. Расмийлердин түшүндүрмөсүндө, биометрикалык маалыматын тапшырбагандар, тапшырса дагы чет жакта консулдук каттоого турбагандар добуш бере алышпайт.

View more on facebook

Саат 17:00гө карата добуш бергендер саны 40 пайызды түздү

Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын 45, 05 пайызы добуш берди.

Ош шаары – 52,8%

Жалал-Абад облусу – 36, 47%

Ысык-Көл облусу – 40,59 %

Ош облусу – 38,94 %

Талас – 45,75%

Чүй -37,04%

Баткен – 37,33%

ТИМ КР – 18,27%

View more on facebook

Чет өлкөдө добуш берүү уланууда

Гүлсара Акматова - Британиядагы шайлоо бекетинин төрайымы:

"Бизде жүзгө жакын шайлоочу катталган. Бул мурунку шайлоо тизмелерине салыштырмалуу жакшы көрсөткүч болду. Лондондо түшкү саат бирге карата каттоодон өткөн шайлоочуларын көбү бала-чака, үй-бүлөсү менен келип добуш берип жатышат."

Гүлсара Акматова - Британиядагы шайлоо бекетинин төр айымы
BBC
Гүлсара Акматова - Британиядагы шайлоо бекетинин төр айымы

Шайлоочулардын катышуусу тууралуу БШК маалыматы

БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

17:00гө карата Ош шаары боюнча 84 133 шайлоочу добуш берди. Бул деген 52, 08 пайызды түзөт. Ал эми Ош облусу боюнча жалпы шайлоочулардын 43, 07 пайыз, тактап айтканда 327 548 шайлоочуну добушун берди.

View more on facebook

БШКнын коомдук кабылдамасына 78 телефон чалуу болгон

БШКнын Коомдук каблдамасына саат 8:00дөн бери 78 телефон чалуулар болгон.

Телефон чалуулар төмөндөгүдөй болуп бөлүндү:

-13 адам форма 2 боюнча башка шайлоо участкасынан добуш берүү маселелси боюнча,-7 адам байкоочулардын укугу жана милдеттери тууралуу,

-13 адам шайлоочулардын тизмесинде жок экенин, -17 адам шайлоо участкасынын дарегин тактады, -1 адам үгүт жүргүзүү эрежесинин бузулушун билдирди,-1 адам шайлоонун купуялуулугунун бузулушу тууралуу маалымдаган.Калган телефон чалуулар КР БШКнын милдетине кирбеген, айрым шайлоочулардын даректери, өзүнүн УШКсына баруучу маршрутту тактагысы келген суроолорду беришкен.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

шайлоо
BBC

Шайлоону чагылдырууда журналисттерге тоскоолдуктар болуп жатабы?

Аймактардагы шайлоо жүрүшүн чагылдырууда айрым журналисттер тоскоолдуктарга , коркутуп-опузалоого кабылганын айтып жатышат.Ош шаарында эмгектенген журналист Азамат Абсатаровду кабарчыбыз кепке тартты.

Шайлоону чагылдырууда журналисттерге тоскоолдуктар болуп жатабы?

БШК Токмок шаарындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу тууралуу маалыматты тактады. 2017-жылдын 14-октябрында Токмок шаарында белгисиз адамдар добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында шайлоо участкасы электр энергия алган электр көмөкчордонунун майын куюп алууга аракеттенгени тууралуу маалымат түшкөн. Ички иштер органынын кызматкерлери бул укук бузууну убагында токтотуп калышты.

15-октябрда бардык шайлоо участкалары штаттык режимде иштеп жатат”,-деп билдирди БШК.

Милиция: Министр шайлоочуну сабаган эмес

Жалал-Абад облустук милициясы Айыл-чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жергиликтүү шайлоочуга кол көтөргөн эмес, колу менен кокусунан тийип алган деп билдирди.

Буга чейин Ноокен районундук ички иштер башкармалыгына Кадыр Матисаков аттуу жарандан арыз түшүп анда, №2186 шайлоо участогунда министр аны сабаганы тууралуу жазылган делген. Милиция окуя шайлоо участогуну аймагында эмес, андан бир топ алыс жерде орун алганын, «сөз менен айтышуу болгонун, министрдин кокусунан колу» тийип кеткенин айрым ММКларга билдирген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.

милиция
BBC

Би-Би-Си талапкерлердин ишмердүүлүгүн сандар аркылуу көрсөтөт - http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-41564397

Талапкерлер
BBC

Кээ бир шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай жатат

Шайлоого байкоо салып жаткан Акыйкатчынын өкүлдөрү кээ бир шайлоо бекеттеринде өздөрүн тизмеден таппай жаткан шайлоочулар болуп жатканын билдиришүүдө. Мисалы, Талас областынын Бакай-Ата районунда №6053 шайлоо бекетинде 16 адам өзүн тизмеден таппай калды.

Токмок шаарында туруктуу жашап келген эки тургун №7071 шайлоо участкасындагы тизмеде жок болуп чыкты. Ал эми бир шайлоочуну ары-бери айдашып аябай убара кылышканы айтылууда. Көрсө ал мурда экинчи форманы толтуруп, Бишкекте добуш бермек болгон экен. Бирок Бишкектеги Политехникалык университеттеги шайлоо участогуна келсе, аны тизмеден таппай кайра Токмокко жиберишкен. Бирок аны Токмоктон тизмеден таппай коюшуп, каттоо кызматынын кызматкерлери акыры аны кайра Бишкекке, Арча-Бешик конушуна жиберишти.

арыздар
official
арыздар
official

БШК добуш берүүнүн жүрүшү боюнча маалымат берүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 16:00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатат.

View more on facebook

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар добуш берүүдө

УКМК Бабановдун чагымчылык жөнүндө айткандарын четке какты

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан ар кандай чагымдар уюштурулуп жатканын билдирген. УКМК,Бабановдун айткандарынын эч кандай негизи жок деген маалымат таратты.

“Айтылгандарга ылайык, Бабанов мындай билдирүүгө негиз болгон маалыматты коомчулукка ачыктап берүүсүн сунуш кылабыз. Андай болбогон шартта президенттикке талапкер коомчулукту жаңылууга жеткирди деп эсептелет”,- деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өмүрбек Бабанов
facebook

Акыйкатчы институту: Бюллетендердин саны шайлоочулардын санынан аз болуп калган

Акыйкатчы институту Баткендеги №8177 шайлоо участогунда бюллетендердин саны шайлоочулардын санынан аз болуп калганын расмий сайтына жазып чыкты.

шайлоочулар
BBC

Ош шаарындагы өзбек кварталдарындагы шайлоонун жүрүшү

Оштогу шайлоочулар активдүү добуш берүүдө

БШК: Саат 14:00гө карата шайлоого катышуу 24 пайызды түздү

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 14:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 24 пайызды түзгөнүн кабарлады.

Азырынча Ош аймагы активдүүлүк көрсөтүүдө. Ош шаарында шайлоочулардын 31,43 пайызы добуш берген. Эң төмөн көрсөткүч Жалал-Абад аймагында катталып, түшкө чейин добуш бергендер 21,23 пайызды түздү.

Шайлоого катышуу
official

“Таза-Эсеп”: шайлоочулардын активдүүлүгү Таласта жогору

“Таза Эсеп” деп аталган координациялык борбордун маалыматы боюнча шайлоого катышуу көрсөткүчү Таласта активдүү болууда.

шайлоого катышуу
BBC

Лондон шаарында добуш берүү жүрүүдө

Лондондогу кыргыз элчилигиндеги №9038-шайлоо бекетинде биринчи болуп болуп добуш бердим. #шайлоо2017 #выборы2017… twitter.com/i/web/status/9…

Шайлоо жүрүшүндө добуш сатып алуу көрүнүштөрү болуп жатканы тууралуу кабарлар чыгууда

Шайлоо жүрүшүндө добуш сатып алуу көрүнүштөрү болуп жатканы тууралуу кабарлар чыгууда. Айрымдар социалдык тармактарга добуш сатылган фактылар тууралуу тартылган видеолорду жүктөп жатышат. Бирок азырынча укук коргоо органдары тарабынан кармалган учурлар ачыкка чыга элек.

View more on facebook

Оштогу шайлоочулар активдүүлүк көрсөтүүдө

Ош шаары боюнча түшкө чейин шайлоочулардын 51 миңи добуш берүүгө келди. Эң активдүү катышуу Ош шаарында болуп жатат. Кабарчыбыз тургундардын шайлоо тууралуу пикирлерин уккан.

Оштогу шайлоочулардын пикирлери

Кээ бир шайлоо участокторунда автоматтык эсептегич урналар бюллетендерди кабыл албай жатканын Акыйкатчынын кызматкерлери билдирүүдө

Кээ бир шайлоо участокторунда автоматтык эсептегич урналар бюллетендерди кабыл албай жатканын Акыйкатчынын кызматкерлери билдирүүдө. Атап айтканда – №7115, №2112, №5318, №1164 жана №5321 шайлоо бекеттеринде урналар иштебей калды. №5321 (Ош шаары, Он-Адыр району) автоматтык эсептегич урна иштебей, башкасын койсо, ал да иштебей койду. Акыры саат тогуздан өткөндө эски урна коюшту.

Ошондой эле шайлоочуларды биометрикасы боюнча идентификациялоо (таануу) да үзгүлтүккө учураган учурлар болуп жатканы айтылууда.

Шайлоо учаткасы
BBC

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп жатат

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйыны учурунда, бут тосуулар көп болуп жатканын белгилеп, ага карабастан тарапташтарын акыр аягына чейин турууга чакырды. Өз командасындагылардын айрымдары сабалып жаткан фактылар да бар экенин айтты.

View more on facebook

Ош шаарында 51 миң шайлоочу добуш берди

“Таза Эсеп”: жалпы шайлоочулардын 22,08 пайызы добуш берди

“Таза Эсеп” деп аталган координациялык борбор өз алдынча шайлоого байкоо салып, түз маалымат берүүдө. Алардын маалыматына караганда, саат 13:00гө карата жалпы шайлоочулардын 22,08 пайызы добуш берүүгө катышты.

Эң активдүү аймак катары Ош шаары 27.17 пайыз менен алдыга баратат.

“Таза Эсеп”: жалпы шайлоочулардын 22,08 пайызы добуш берди
shailoo2017.kg

Ѳлкөдөгү тергөө изоляторлорунда добуш берүү жүрүп жатат

Ѳлкөдөгү тергөө изоляторлорунда добуш берүү жүрүп жатканын Жазаларды аткаруу кызматы билдирүүдө. Иши тергөөдө, өздөрү камакта жаткан жарандар добуш берүүгө укуктуу. Тергөө изоляторунда кармалып тургандардын ичинен баардыгы 132 адам добуш берүүгө катышмакчы.

Ѳлкөдөгү тергөө изоляторлорунда добуш берүү жүрүп жат
official

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков добуш берди

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо учаткасында добуш берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоодон утуп чыкса президент Атамабевдин алган багытын уланатам деп билдирди

Жээнбеков
facebook