Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Корутунду

  1. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү салтанаты "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай кабыл алуулар үйүндө" өтүүдө.
  2. Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.
  3. Уюштуруу комитеттин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди.

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

  1. Кыргызстандын бешинчи президенти кызматына киришти

    Сооронбай Жээнбеков алты жылдык мөөнөткө шайланды. Эксперттер бүтүндөй чөлкөм боюнча экинчи ирет Кыргызстанда бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берип жатканын белгилөөдө.

    Толук макаланы бул жерде окуңуз!

    Жээнбеков
  2. Жээнбеков: улуттук кайра жаралуу кыргыздын дилин, тилин, улуттун маданиятын өнүктүрүүдөн башталат!

    Кымбаттуу мекендештерим!

    Глобалдык дүйнөдө улут бойдон сакталуу үчүн өзүбүздүн баалуулуктарды өркүндөтүүбүз зарыл.

    "Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган" дегендей элибиз эчен тарыхый сыноодон өтүп, эчен азап-тозокту көрдү. Бирок эч качан келечектен үмүт үзбөй, журт башына түшкөн катаал мезгилдерди улуттун духу жана руху менен жеңип келди.

    Азыр да улуттук кайра жаралуу кыргыздын дилин, тилин, улуттун маданиятын өнүктүрүүдөн башталат.

    Бөтөн элдин үрп-адатын ээрчибей өз маданиятыбызды сыйлап, салтыбызды, тилибизди, пейилибизди сактап калалы. Биздин көөнөрбөс тарыхыбыз, улуу мурасыбыз, көркөм казынабыз өзгөчө маданиятыбыз, Манасты даңктаган эне тилибиз бар.

    Урматтуу мекендештерим! Ар бир жарандын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыктарын коргогон элдик президент болом деген аруу тилек, максатымды ишке ашырам. Буга менин билимим да, тажрыйбам да, дараметим да, ар намысым да жетет!

    Айкөл Манас атабыз калайык-калкка жаным курман деп өмүрүн арнаган. Мен да кыргызстаным үчун буткул өмурүмду арнайм. Элиме, жериме акыркы демим калгыча ак дилден кызмат кылам.

    Jeenbekov
  3. Жээнбековдун коррупция тууралуу билдирүүсү

    Демократиянын эки досу бар!

    "Демократиянын эки досу бар! Биринчиси эркиндик, экинчиси жоопкерчилик!

    Мен президент катары бийликтин баардык бутактарында эң катуу талаптарды коём. Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү - менин президенттик мөөнөтүмдөгү эң приоритеттүү багыт.

    Бул күрөштүн башкы маңызы - мыйзам алдында баардыгы бирдей болот. Урматтуу кыргызстандыктар, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын айрым иш-аракеттери, коррупциялык көрүнүштөрү коомчулукта сын-пикир жаратып жатат.

    Алар коррупциядан арылып, адамдын, жарандын жана бизнестин кызыкчылыгын коргоону бирден-бир милдети катары таануусу зарыл.

    Биз соттордун инфраструктурасын жакшыртууга заманбап технологияларды колдонууга тийишпиз. Ошондо алардын иши ачык болот. Коомчулуктун алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт",-деди Сооронбай Жээнбеков.

    Жээнбеков
  4. Жээнбековдун инаугурациясына Отунбаева катышкан жок

    Инаугурациянын алдында экс-президент Роза Отунбаева иш чарага катышабы деген суроо туулган. Кыргызстандын өткөөл мезгил президенти Отунбаева "Энесай кабыл алуулар үйүнө" келген жок.

    Роза Отунбаева Би-Би-Сиге Атамбаевдин президенттик кызматтагы аткарган иштери боюнча:

    "Негизи биз ойлогондордун көп нерсесин ишке ашырууга аракет кылды. Коррупция менен күрөшүүгө, чынчыл иштегенге. Бирок биз туш тарапка ажырап кеттик. Балдар мерт кеткенде биз көп нерсеге убада бергенбиз да. Конституцияны өзгөрттүк, себеби үй-бүлөлүк башкаруу жарабайт эле. Ушуну өзгөртпөйлү, он жылдык убакытта кармайлы дегенбиз. Референдум тууралуу ал кишинин сөзүнөн кийин ажырап кетип, ал киши менен бирге болууга жол көрбөй калдык", - деп билдирген.

    Otunbaeva
  5. "Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!”

    Алмазбек Атамбаев президенттик кызматын өткөрүп берип жатып, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго өзү бата берди:

    “Оо, жараткан, кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта, душмандын жалаасынан сакта! Дос көрүнүп, кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жорткондо жолуң шыдыр болсун, жолдошуң касиеттүү кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун! Аман бол, бактылуу бол, Соке досум! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум, оомийн!”

  6. Жээнбековдун ант берүү салтанатындагы сөзү

    "Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик шайлоодо мени алдыга сүрөгөн партиялаштарыма, ыраазычылык билдирем. Элиме ак ниет кызмат кылуу тилегимди колдогон КСДП партиясына ыраазымын. Урматтуу улуу журтум, кымбаттуу кыргыз элим! Өлкөнүн тагдыры ар бирибиздин тагдырыбыз. Сиздердин ишенимиңиздерди актоо, элиме кызмат кылуу менин өмүрүмдүн мазмуну болуп калды. Бүгүн мекенимдин тагдырына жоопкерчилик алып жатып, айтар сөзүм, мен үчүн бийлик - бул эр жерибизге кызмат кылуу, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, кыргыз мамлекетин бекемдөө. Мен парламентаризмди колдойм. Конституцияда аныкталган милдеттеримди так аткарам, эл менен бийликтин биримдигин камсыздайм. Кадырлуу калкым, Кыргызстанды мекеним деген ар улуттун өкүлдөрү, мекендештерибиз, боордошторубуз жана тилектештерибиз, далай тар жол, тайгак кечүүлөрдө чогуу өтүп келатабыз. Соңку элүү жылда үч ирет улут аралык жаңжал чыккан. Ошондуктан ар бирибиз өз үйүбүздө, көчөбүздө, айыл-шаарыбызда тынчтык үчүн жоопкербиз. Биздин милдет улут аралык ынтымакты ширетип, бири-бирибизге болгон сабырдуулук менен аяр мамилени сактоо, өлкөбүздө тынчтык менен эл ынтымагын өзүбүздөн башка эч ким камсыз кылбайт", -деди Сооронбай Жээнбеков.

    Сооронбай Жээнбеков
  7. Жаңы президент биринчи жарлыгы менен Атамбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры наамын берет

    "Кымбаттуу кыргызстандыктар! Акыркы жылдар кылымга тете жылдар болду. Өлкөбүз улуттук кайра жаралууга багыт алды. Зор саясий өзгөрүүлөр орун алды. Кыргызстан дүйнөгө демократиялуу өлкө экендигин далилдеди. Экономикада, социалдык чөйрөдө тарыхый ири долбоорлор ишке ашты. Бүгүн болсо эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысы өз ыктыяры менен таза шайлоону негизинде бийликти өткөрүп жатат! Атамбаев Алмазбек Шаршенович зор эрки менен өлкөбүздө жаңы саясий маданиятты калыптандырды. Кийинки муундарга үлгү болгон кадам жасады. Көптөгөн башка мамлекеттерге кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусун даңазалап чыныгы демократ, улуу инсан экендигин дагы бир ирет дүйнө жүзүнө далилдеди.

    Өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада салттарыбызга, элдин ишенимине таянган бийликти түптөдү. Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем!

    Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт. Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз Кыргыз Республикасынын баатыры, эн жогорку артыкчылык даражасы “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз! Сизге элибиздин атынан чоң сыйлык тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийин биринчи жарлыгым, ушул жарлык болот!",-деди президенттик кызматка киришип жаткан Сооронбай Жээнбеков.

    Ак шумкар
  8. Атамбаев айрым аткарылбаган убадалар үчүн кечирим сурады

    “Алты жыл тарыхый ченемден алганда көз ирмемге барабар. Бирок мен үчүн эми бул алты жыл чейрек кылымга барабар болду, андан ашык болбосо эле. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей көп нерсе колуман келбей калды. Убакыт да жетпей калды. Анткени, билесиздер, болгону акыркы эки-үч жыл стабилдүүлүк, тынчылык, ынтымак келип, иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Бирок болбой эле өкүнөм, айрым убадаларды, ойлорду жүзөгө ашыра албадым. Ал үчүн кечирим сурайм, айланайын кыргыз элим,кечирип койгула мени”, - деди Атамбаев.

    Атамбаев
  9. Инаугурация салтанаты башталды

    "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай кабыл алуулар үйүндө" инаугурация салтанаты башталды. Ант берүү аземине жалпысы 450 киши конок катары чакырылганы айтылган эле. Коноктор келип, залга жайгашып жатышат. Чакырылган коноктордун ичинде Кыргыз Республикасынын баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Уюштуруу комитетинин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилген.

    Инаугурация салтанаты
  10. Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр жана президенттин ролу

    1-декабрдан тарта Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине кирген өзгөртүүлөр иштей баштайт.

    81-берене президенттин мыйзамдарга вето коюу укугуна байланыштуу. Мурда салык жана мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдарга президент сөз жок кол коюуга милдеттүү болсо, эми премьер-министр кайрылган учурда кол койбой, парламентке кайтарып бере алат.

    87-беренеге ылайык, өкмөттүн куралышы Жогорку Кеңештен көз каранды. Жаңы чакырылыш келгенде өкмөт кетип, парламент башкасын курайт.

    Ушул эле берененин башка пункту боюнча, коргонуу жана коопсуздукту караган өкмөт мүчөлөрүнөн башкасын президент премьер-министрдин сунушу боюнча кызматтан алышы мүмкүн.

    Конституция
  11. Жаңы президенттин кыскача өмүр таржымалы

    Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков 59 жашта.

    Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы азыркы президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматка барганда Айыл чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматта бир жылга жакын иштеди.

    2010-жылдагы апрель ыңкылабы учурунда Оштогу революциялык комитетти жетектеп, кийин Ош облусунун губернаторлук кызматына келген.Сооронбай Жээнбеков Оштогу өкмөтүн өкүлү кызматынан өткөн жыл соңунда кетип, Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барды.

    Көп өтпөй эле президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал көп жылдардан бери Социал-демократтар партиясынын катарында жүрүп, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылат.

    2016-жылы өкмөттү башкарып, премьер-министрлик кызматта иштеди.Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин жакын досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүргөн. Мунун Атамбаев өзү да айтып келгени бар.

    Сооронбай Жээнбеков
  12. Студенттик жылдар

    Жаңы шайланган президент 1983-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби боюнча зооинженер. 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

    ЖЭЭНБЕКОВ
  13. Көп балалуу үй-бүлөнүн перзенти

    Сооронбай Жээнбеков көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Атасы Шарип чөлкөмгө таанымал, кадыр-барктуу, нарктуу киши болгонун айтышат. Биз бир туугандардын коомчулукка таанымал болгондорун гана атап өтөлү. Бир туугандардын улуусу Кантөрө Токтомаматов бүт өмүрүн илим чөйрөсүнө арнады. Экономика илимдеринин доктору, профессор эле. Быйыл жаз айында 69 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Өзү негиздеп, жетектеп келе жаткан Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетине көп жылдар эмгектенген.

    Коомчулук Жээнбековдордун ичинен элчилик кызматтарда жүргөн, мурда Жалал-Абаддын губернатору болуп иштеп турган Жусупбек Шариповду жакшы тааныйт. Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген Асылбек Жээнбеков дагы көп жылдар саясатта жүрөт.

    ЖЭЭНБЕКОВ
  14. Тоолуу аймактын кулуну

    Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

    Кара-Кулжа районунунун борборунда орус жана кыргыз тилинде окуткан мектепте окуптур. Татьяна Петровна деген биринчи мугалими болгон экен.

    ЖЭЭНБЕКОВ
  15. Анын биринчи кесиби агартуучулук

    Жээнбеков эмгек жолун мектепте орус тил мугалими болуп иштөө менен баштаган экен. Шайлоодогу үгүт учурунда, "Мугалимдик кесип Кыргызстандагы эң престиждүү кесипке айланат",-деп айтканы бар. Маалыматтарга караганда, 1976-1977-жылдары Өзгөндөгү Ленин атындагы орто мектепте орус тил мугалими болуп эмгектенген.

    ЖЭЭНБЕКОВ
    Image caption: Жээнбековдун мугалим кези - Өзгон районундагы Ленин орто мектебинин мугалимдер жамааты. (С.Жээнбеков оңдон экинчи).
  16. Инаугурациясынын сценарийи

    Инаугурация аземинде жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элине ант берет. Ага Мамлекет башчысынын күбөлү, төш белгиси жана штандарты тапшырылат. Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин Кыргызстандын борбору Бишкекте үч ирет артиллериялык залп атылат.

    Жээнбеков